Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:22

Үргөнчтөгү үрөй учурган кырсык


Тосмосу сынган көпүрө, Үргөнч.
Тосмосу сынган көпүрө, Үргөнч.

Өзбекстандын Үргөнч шаарында ондогон өмүрдү алган кайгылуу окуянын себептерин иликтөө үчүн өлкө президентинин буйругу менен түзүлгөн өкмөттүк комиссия ишке киришти.

Кырсыкка себеп болгон концерттин уюштуруучулары кечээ суракка алына баштады. Өткөн ишембинин кечинде аталган шаардагы “Жаштар көлү” деп аталган эс алуу борборунда көпүрөнүн тосмосу кыйрап, ондогон кишилер сууга түшүп кеткен эле.

Ажал алып келген концерт

Өзбекстандын Хорезм облусунун Үргөнч шаарындагы кайгылуу окуя 8-август, ишемби күнү күүгүм талаш болгон. Шаардагы “Жаштар көлү” деп аталган эс алуу борборуна жүздөгөн адамдар таанымал өзбек ырчысы Навруз Собировдун концертин көргөнү чогулган эле. Чогулган элдин бир тобу эс алуу борборундагы көлдү жасалма аралча менен байланыштырган көпүрөгө чыгып турушкан. Бирок көпүрөнүн капталындагы тосмо кыйрап, ага жөлөнүп турган жүздөй адам сууга түшүп кеткен. Алардын көпчүлүгү жаштар, аялдар жана балдар эле.

Окуяга күбө болгондордун бири “Азаттыктын” өзбек кызматына буларды айтты:

- Мен көлдүн башка тарабында турган элем. Бир убакта эле чогулгандар ызы-чуу түшүп калышты. Күүгүм талаш болчу, саат сегиз жарымдар чамасы болсо керек. Көпүрөдөгү тосмо сынып түшкөн учурда ага жөлөнүп тургандар бири-бирине асылып, жанында тургандарды да тартып кеткен. Ошентип көп адам сууга түшүп кетти. Эми караңгыда канча адам түшкөнүн эч ким санабаса керек. Менимче, жүз-жүз элүү чамалуу адам болсо керек. Ошону менен ырчы Навруз Собиров да концертин токтотуп кетип калды.

Күбөнүн айтымында, балдар жана аялдар сууга түшүп кеткен соң караңгыда ызы-чуу күчөп, дүрбөлөң башталган.

“Он-он беш мүнөттөн кийин адамдар сууга түшкөн жерге 3-4 кайык келди. Бирок ага чейин ондогон адамдар сууга чөгүп кетти”, - деди окуяга күбө болгондордун дагы бири.

Бул арада өкмөт башчы Шавкат Мирзиеев баштаган өкмөттүк комиссия аталган шаарга келип, кырсыктын себептерин иликтөөгө киришти. Жаштар көлүндөгү кырсыкка алып келген концерттин уюштуруучулары болсо четинен суракка алына баштады.

Өзбекстандын маданият жана спорт министрлигиндеги атын айтпаган кызматкердин билдиришинче, аны Үргөнчтөгү жергиликтүү сегизинчи телеканалдын жетекчиси Улугбек Собиров уюштурган:

- Улугбек Сабиров азыр акыры өлүм менен аяктаган концерттин уюштуруучусу катары көрсөтмө берүүдө. Концерт Хорезм облустук ички иштер жана чукул кырдаалдар башкармалыктарынын эл көп чогулган жерде иш-чара өткөрбөө тууралуу эскертмесине карабай уюштурулган. Улугбек Собиров мурда прокуратурада иштеген. Ошондуктан ал дайым ушундай концерттерди өткөрүп келет. Мурда ушундай концерттерди уюштуруп жүргөн Сардор деген жигит камалып чыкты. Кийинки бир жыл ичинде ошол көлдө өткөн концерттердин баарын Собиров уюштурган.

Үргөнчтө босо жекшембиде кырсыктан ажал тапкандардын сөөгү жерге берилди. Шаардын бир тургуну бир көчөдөн эле жети табыт чыкканын айтат:

- Мен ушул көчөдө турам. Жекшемби күнү жети табыт чыкты көчөдөн. Баары көлдө өлгөндөр. Көбү балдар. Биздин салтта эркектер ыйлабайт, бирок бул жолу ата-энелердин көз жашы тыйылган жок.

Шаардын дагы бир тургуну Үргөнчтөгү өлүкканада сөөк алуу үчүн кезекке тургандарды көргөнүн билдирди. Анын айтымында, азыр шаарда элдин баары ушул кайгылуу окуяны сөз кылышууда.

Тосмо кантип кыйраган?

Каргашага күбө болгондордун дагы бири “Азаттыктын” өзбек кызматына көпүрө тосмосу кантип сынганын айтып берди:

- Навруз Собиров 3-4 жолу ырдагандан кийин жергиликтүү телеканалдын башчысы ырчы көпүрөнү карай келатканын, эл арасында тасмага тартыларын жарыя кылды. Милиция кызматкерлери эни эки жарым метрлик, адам жык толуп турган көпүрөдөн ырчы өтүүсү үчүн жол ачмакчы болду. Андагы адамдар эки жакка тирелип калды. Ошол маалда көпүрөнүн тосмосу туруштук бере албай, сынып кетти.

“Азаттыктын” өзбек кызматына чукул кырдаалдар министрлигинин атын айткысы келбеген кызматкери Үргөнчтөгү кырсык кеминде он беш адамдын өмүрүн алып, дагы аз дегенде он жети киши ооруканага түшкөнүн билдирген. Бирок окуяга күбө болгондордун бири кырсык жок эле дегенде отуз адамдын өмүрүн алганын айтат.

Бул окуядан соң Өзбекстандын чукул кырдаалдар министрлиги Үргөнчтө көпүрөгө адамдар көп топтолушу анын тосмосу кыйрашына алып келгенин, кырсыктан адам өмүрү да кыйылганын билдирди. Бирок анда өлгөндөрдүн санын айтылган жок.

Расмий билдирүүдө ошондой эле президент Ислам Каримовдун тапшырмасы менен кырсыктын себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөнү, ага кырсыктан мерт болгондордун жакындарына жана жапа чеккендерге материалдык жардам көрсөтүү вазийпасы да жүктөлгөнү айтылат.

“Азаттыктын” өзбек кызматына түшкөн расмий эмес маалыматтарга караганда, бул көпүрөнү курган курулуш мекемелеринин айрым кызматкерлери укук коргоо органдары тарабынан суракка алына баштады.

Үргөнч шаарындагы “Жаштар көлү” мурда советтик башка шаарлардай эле “Комсомол көлү” деген ат менен белгилүү болчу. Ал 2013-жылы кайрадан оңдолуп-түзөлүп, Өзбекстан көз карандысыздыгынын 22 жылдыгын утурлай пайдаланууга берилген. Аны оңдоп-түзөөгө 12 миллиард өзбек суму сарпталып, курулуш иштерин жаштардын “Бунедкор” деп аталган эмгек кыймылы жүргүзгөн.

Эс алуу жайында аттракциондор, кафе-чайканалар жана башка бир канча көңүл ачуучу оюн-зоок борборлору бар. Жалпысынан 15 гектардай аянтты ээлген бул жер Үргөнч эле эмес, ага танапташ башка аймактардын жаштарынын да эс алуу жайына айланган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG