Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Ислам Каримовдун абалы кескин начарлап кетти


Өзбек өкмөтү Ислам Каримовдун абалы тууралуу билдирүү таратты. Анда акыркы суткаларда президент Каримовдун саламаттыгы кескин начарлаганы маалымдалат.

Дарыгерлердин айтуусунда, Каримовдун абалы өтө оор. Бул маалыматтарды Өзбекстандын өкмөттүк басылмалары министрлер кабинетина таянып, бүгүн жазып чыгышты.

1-сентябрда Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзияев Самарканга түштөн кийин учуп барып, ал жерде шаарды тазалоо иштери башталганы маалымдалган.

Айрым маалымдоо каражаттары Ислам Каримовду жерге берүү зыйнаты Өзбекстан президентинин туулуп өскөн жери Самарканда өтөрүн, калаадагы Шахи Зиндан тарыхый эстеликке жакын жерде президенттин апасы менен эки агасы коюлган мүрзөгө коюларын, ал жерде даярдык иштери жүрүп жатканын кабарлашты.

Ал арада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 3-сентябрда Кытайга сапарын токтотуп Өзбекстанга барууну көздөп жатканын казак өкмөтүндөгү ишеничтүү булактарга таянуу менен Reuters агенттиги жазып чыкты.

Ал эми Өзбекстандын маданият тармагынын өкүлдөрү Ислам Каримов каза тапканын, өлкө оор жоготууга кабылганын Инстаграм жана Фейсбук социалдык тармактарында байма-бай жазып жатышат.

Ислам Каримовдун мээсине кан куюлуп, ооруканага жаткырылганын өзбек өкмөтү 28-августта кабарлаган. Анын кызы Лола Каримова-Тилляева кийинки күнү Инстаграммдагы баракчасына атасы инсульт алганын билдирген болчу. Ислам Каримовдун абалы тууралуу башка эч кандай расмий маалымат берилбегендиктен, имиштер күчөп, айрым маалымат каражаттары өзбек президентинин көз жумганын да кабарлап жиберишкен.

Өзбекстан Конституциясы боюнча президент ишке жарамсыз болуп калганда анын милдетин өзбек парламентинин сенатынын төрагасы аткарат. Сенаттын төрагасы Нигматулла Юлдашев экени белгилүү. Бирок 31-августта расмий иш-чараларды өкмөт башчы Шавкат Мирзияевдин жетектөөсү анын мураскер болуу мүмкүнчүлүгү жогору дегендердин жүйөсүн арттыргандай болду.

Ислам Каримов: айтылбаган маалымат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

XS
SM
MD
LG