Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:50

АКШ Түркияга орусиялык куралдын айынан санкция салды


АКШ менен Түркиянын желектери.
АКШ менен Түркиянын желектери.

Кошмо Штаттар НАТО боюнча өнөктөшү Түркияга анын Орусиядан S-400 ракетадан коргонуу системасын сатып алганы үчүн санкция салды. Анкара Вашингтондун бул кадамын олуттуу катачылык деп баалады.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Вашингтондун Анкарага салган санкциясына байланыштуу нааразычылыгын билдирди. Ал Түркия өз укугун коргой аларын жана буга АКШнын санкциялары менен Евробиримдик тоскоол боло албастыгын кошумчалады.

- Бирок бул жолу укуктарыбызга, мыйзамдарыбызга жана эгемендигибизге доо кетиргендерге унчукпай койбойбуз. Биз башкалардын укуктарын басмырлабагандай эле биздин дагы укуктар сакталышын көздөйбүз.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Түркияга Орусиядан С-400 ракетадан коргонуу системасын сатып алганы үчүн санкция киргизгенин 14-декабрда билдирген.

Ага ылайык, Түркиянын Коргонуу өндүрүшү боюнча башкармалыгынын президенти Исмаил Демир менен анын эки орун басарынын жана башка дагы эки кызматкеринин эсептери камакка алынат.

Анкара ракетадан коргонуу системасын Орусиядан 2019-жылдын ортосунда сатып алган. 2,5 миллиард долларлык келишимге эки тарап 2017-жылы кол койгон.

Орусиянын С-400 ракетадан коргонуу системасы Белграддагы машыгууларда колдонулду. 24-октябрь, 2019-жыл.
Орусиянын С-400 ракетадан коргонуу системасы Белграддагы машыгууларда колдонулду. 24-октябрь, 2019-жыл.

Ошол кезде эле Түндүк атлантикалык аскердик ынтымактын (НАТО) АКШ баштаган мүчөлөрү бул ракеталык комплекс НАТОнун системасына туура келбестигин, бул курал америкалык F-35 аскердик учактарына коркунуч жаратаарын эскерткен.

Ал тургай расмий Вашингтон Түркиядан Орусия менен бул келишимин жокко чыгарууну талап кылып, F-35 учактарын аскердик даярдыкта кармап турууга багытталган программадагы Анкаранын мүчөлүгүн убактылуу токтотуп койгон.

14-октябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео тараткан билдирүүдө: «Бүгүнкү аракеттер Кошмо Штаттар Орусиянын коргонуу жана чалгын тармагы менен эч кандай ири келишимдердин түзүлүшүн Вашингтон кабыл албастыгынын так белгиси», - деп жазылат.

Аналитиктердин эсебинде, санкциялар бир ишканага салынса дагы коронавирус пандемиясынан жана инфляциядан жабыркап жаткан Түркиянын экономикасына жетишерлик басым болот.

Орусиянын S-400 зениттик ракеталык жабдуусу өлкөнүн Астрахан аймагынын Ашуулук тоо кыркасында өткөрүлгөн "Кавказ-2020" аскердик машыгуулары маалында. 2020-жылдын 22-сентябры.
Орусиянын S-400 зениттик ракеталык жабдуусу өлкөнүн Астрахан аймагынын Ашуулук тоо кыркасында өткөрүлгөн "Кавказ-2020" аскердик машыгуулары маалында. 2020-жылдын 22-сентябры.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын санкция салышын сынга алды.

- Кошмо Штаттардын Түркияга салган санкциялары тууралуу айтсак, бул ондогон жылдардан бери АКШ колдонуп келген бир тараптуу, мыйзамсыз чаралардын дагы бир мисалы, - деди ал Боснияга барган сапарынын маалында.

Түркиянын тышкы иштер министрлиги АКШнын санкциясын кескин сынга алган билдирүү таркатты. Анда "АКШны бүгүн жарыяланган бул адилетсиз чечимди кайра карап чыгууга жана тез арада бул олуттуу катачылыкты оңдоого чакырабыз", - деп айтылган.

Түркия НАТОго 1952-жылдан бери мүчө. Аскердик ынтымакка кирген эки мамлекеттин алакалары бир катар көйгөйлөрдөн, анын ичинде Анкаранын Сириядагы жана Тоолуу Карабактагы жаңжалдардагы ролу, ошондой эле Жер ортолук деңиздин чыгышындагы аракеттеринен улам чыңалып кеткен.

АКШнын Мамкатчысы Помпео Түркияны ракеталык система көйгөйүн чечүү боюнча кызматташууга чакырып, Анкара НАТО боюнча Вашингтондун маанилүү өнөктөшү бойдон кала берээрин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG