Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

АКШ: Иран Сириядан күчтөрүн чыгарсын


Ирандын жана Сириянын аскер башчылары. Дамаск, 18-октябрь, 2017-жыл.
Ирандын жана Сириянын аскер башчылары. Дамаск, 18-октябрь, 2017-жыл.

Кошмо Штаттар Иранды Сириядагы күчтөрүн чыгарып кетүүгө кайрадан чакырды. Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон аларды “аймактын туруктуулугун бузуучу күчтөр” деп атады. Иран Сирияга “мыйзамдуу бийликтин” чакыруусу менен барганын айтып, тескерисинче, АКШнын бул чөлкөмдөгү аракеттерин айыптап жүрөт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон ш сапары менен Жакынкы Чыгышта - Иорданияда жүргөндө Иранга жаңы чакырык таштады:

- Биз жакында Сириянын ичиндеги Израил менен Ирандын күчтөрү туш болгон окуяга абдан тынчсызданып жатабыз. Менимче, бул Ирандын Сирияда болгону аймактагы туруктуулукту бузуудан башкага жарабай турганын даана көргөзүүдө. Иран Сириядагы аскерлери менен кошуундарын алып кетип, Женевадагы тынчык жараянынын алга жылуусуна үмүт жаратышы зарыл.

Рекс Тиллерсон.
Рекс Тиллерсон.

АКШнын мамлекеттик катчысы "Женевадагы тынчтык жараяны" дегенде Сирия өкмөтү менен оппозициясынын БУУнун ортомчулугу астында жүрүп, бирок натыйжа бербей жаткан сүйлөшүүлөрүн эске алды. Буга чейин андай сүйлөшүүлөрдүн тогуз айлампасы болгон.

Рекс Тиллерсондун бул билдирүүсүнө чейин Израил коңшусу Сириянын аймагында 10-февралда бир нече жолу абадан сокку урган эле. Израил армиясы ал аба соккуларынын учурунда Ирандын да Сириядагы аскердик өңүттөрү бутага алынганын маалымдаган.

Жөөт премьер-министри Биньямин Нетаньяху анда Иран менен Сириянын күчтөрүнө “олуттуу сокку” урулду деп ырастап, "Израил өзүнө сокку урулса сокку менен жооп берээрин ачык көргөздү”,- деп белгилеген.

Израил тарап алардын аба соккусуна Ирандын учкучсуз учагы же дрону Сирия менен Израилдин чек арасын бузганын жүйө тарткан. Сириянын өкмөтү болсо анын дрондору Израилдин аба мейкиндигине киргенин төгүндөгөн. Тегеран болсо Израилдин версиясын “күлкүлүү” жана “жалган” деп четке кагып, Сириянын аба соккулардан коргонуу укугу бар экенине көңүл бурган.

Өткөн аптада ошондой эле Сирияда мурдатан абадан сокку уруп жүргөн Израилдин бир учагы атып түшүрүлүп, бирок өз аймагына кулап, эки учкучу жарадар болгон.

Израилдин Сирия менен чек арасына жакын жайгашкан жолду торогон аскерлер. 10-февраль, 2018-жыл.
Израилдин Сирия менен чек арасына жакын жайгашкан жолду торогон аскерлер. 10-февраль, 2018-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Иорданиядан айтылган сөздөрүнө Ирандын жогорку лидери Аятолла Хаменеинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Али Акбар Вилаяти “Сириядан биз эмес, мыйзамдуу өкмөттүн чакыруусуз келгендер чыгып кетиши керек”,-деп жооп берди.

Сириянын дээрлик жети жылга жакындап калган жарандык согушунда Иран менен Орусия президент Башар Асаддын өкмөтүнө чечүүчү колдоону көргөзүп келди. АКШ менен Түркия болсо Асадга каршы козголоңчул топторду колдоп турду.

Ирандын аскер башчылары Сириянын Алеппо провинциясында. 20-октябрь, 2017-жыл.
Ирандын аскер башчылары Сириянын Алеппо провинциясында. 20-октябрь, 2017-жыл.

Расмий эмес маалыматтарга караганда, Иран Сирияга тандалма аскер бөлүгү - “Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун” чет жактардагы операцияларга жооп берген "Кудс" күчтөрүнүн жүздөгөн аскер кеңешчилери менен согушкерлерин да жөнөткөн.

Ирандын душманы Израил болсо Тегеран коңшулаш Сириянын аймагында аскердик база куруп алышына же Асаддын күчтөрү тарапта согушкан, Ливандагы “Хезболла” тобуна жогорку сапаттагы курал өткөрүшүнө жол бербей турганын убада кылып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG