Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

АКШ: реформага бир кадам


Жашыруу тыңшоого каршы чыккан активист. 17-январь, 2014-жыл
Жашыруу тыңшоого каршы чыккан активист. 17-январь, 2014-жыл

АКШнын чалгын кызматынын мурдагы аналитиги Эдвард Сноуден жашыруун маалыматтарды шардана кылгандан бери АКШнын көзөмөлдөө программасы коомчулукта кызуу талаш-тартыш жаратып келет.

АКШ президенти Барак Обама жума күнкү телебилдирүүсүндө америкалык жарандардын жеке турмушун купуя сактоо үчүн чаралар көрүлөт жана өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлерин жашыруун тыңшоо токтотулат деп ишендирди:

- Улуттук коопсуздук талап кылбаса эле биздин дос жана өнөктөш мамлекеттердин жетекчилерин тыңшабайбыз деп чалгындоо кызматтарына айттым.

Обама атайын кызматтардын өлкөнүн коопсуздугун камсыздоодо ойногон ролун жогору баалап, "чалгындоо иштери жарандардын жеке турмушка укуктарын сактоо менен жүргүзүлүүгө тийиш" деп белгиледи.

АКШ лидери интернеттин пайда болушу, ааламдаштыруу дүйнөнү жана адамдарды купуялуулуктан ажыратып, өтө аялуу кылганына токтолду.

"Электрондук көзөмөл тууралуу талкуулар Американы күчтүүрөөк кылды. Себеби, Кытайдан бул тууралуу ачык дискуссияны же Орусиядан жарандардын жеке турмушка укугун урматтоону эч ким күтпөйт",- деди президент.

Буга чейин АКШнын улуттук коопсуздук агенттиги Германиянын канцлери Ангела Меркелдин уюлдук телефонун угуп, Франция, Италия, Испания жана башка мамлекеттердин лидерлеринин электрондук байланыштарын тыңшаганы маалымдалган. АКШнын европалык союздаштары өз кезегинде Вашингтондон бул боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Немис басма сөзү канцлер Меркелдин телефону тыңшалып жүргөнүн президент Обама билгени, Улуттук коопсуздук агенттигинин башчысы бул боюнча президентти 2010-жылы кабардар кылганы тууралуу да жазышкан. Бирок АКШнын расмий өкүлдөрү тарабынан мындай ырастоолор четке кагылган.

Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу өз кезегинде көпчүлүк европалыктар алардын телефон сүйлөшүүлөрүн бөтөн бирөөлөрдүн тыңшаганын же электрондук кат-кабарларын окуганын каалабасын, себеби бул мурдагы тоталитардык режимдин фашисттик жана коммунисттик жылдарын элестеткенин айткан эле:

- Албетте, акыркы айлардагы жана күндөрдөгү ачылыштар адамдын жеке турмушунун купуялыгын жана маалымат коопсуздугун аңтар-теңтер кылды. Бул абдан олуттуу маселе. Себеби биз, европалыктар үчүн бул негизги баалуулук экени анык. Биз ошон үчүн маалыматты сактоо боюнча сунуш кылынган мыйзам долбоорун кабыл алганга аракет кыла беребиз,-деген Баррозу.

АКШнын чалгын кызматынын мурдагы аналитиги Эдвард Сноуден жашыруун сырларды чыгарып жибергенден кийин дүйнөдө АКШнын чалгын маалыматты топтоо программасынын масштабы жана максаты тууралуу талкуулар күчөгөн.

Ак үйдүн өкүлдөрүнүн айтымында, Обаманын соңку билдирүүсүндө айтылган ойлор - ал президент болгондон бери өлкөнүн чалгын маалымат кызматында боло турган эң маанилүү реформа тууралуу кабар берет.

XS
SM
MD
LG