Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Британия орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарат


Британия 23 орус дипломатын чыгарат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

Британия 23 орус дипломатын чыгарат

Британия орус тыңчысы менен анын кызынын ууландырылышына байланыштуу 23 орусиялык дипломатты өлкөдөн чыгарат.

Вена конвенциясына ылайык, Британия жашыруун чалгын кызматкерлери деп аныктаган 23 орус дипломатын өлкөдөн чыгарат. Алардын чыгып кетүүгө бир апта мөөнөтү бар. Бул тууралуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Солсбери шаарында орус тыңчысы менен анын кызынын ууландырылышына байланыштуу 14-мартта парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Ошондой эле Британия Орусия менен түзүлгөн жогорку деңгээлдеги эки тараптуу байланыштарды токтотот. Британ өкмөт мүчөлөрү жана падышалык үй-бүлө Орусияда өтчү футбол боюнча дүйнөлүк мелдешке катышпайт.

Мэйдин билдиргенине караганда, Британиянын соңку 30 жылдык тарыхында мынча сандагы дипломат чыгарылган эмес жана бул Британиядагы орустардын чалгын кызматынын мүмкүнчүлүгүн азайтат.

Мындан тышкары Лондон жеке учактарга көзөмөлдү көбөйтүп, бажыда текшерүүнү күчөтөт.

“Биз Британиянын жарандарынын жана тургундарынын өмүрүнө же мүлкүнө коркунуч жаратууга колдонулушу мүмкүн деп далилденген Орусиянын мамлекеттик активдерин камакка алабыз” – деп билдирди Мэй.

Британия ошондой эле Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго жиберген чакыруусун кайра артка алат.

12-мартта британ өкмөт башчысы мурдагы орус тыңчысы кызы экөө Британияда ууландырылганда колдонулган уулуу зат боюнча 24 сааттын ичинде түшүндүрмө берүүнү Москвадан талап кылган.

Скрипал менен кызы Юлия 4-мартта уулануудан улам эс-учун жоготуп жыгылган.
Скрипал менен кызы Юлия 4-мартта уулануудан улам эс-учун жоготуп жыгылган.

АКШ, Евробиримдик жана НАТО британ премьеринин Скрипал кызы экөө Орусияда жасалган зат менен ууландырылышы ыктымал деп айтканына макул болушкан. "Ал уу советтик доордо алынган “Новичок” деп таанылган заттардын тобуна кирет”, - деп билдирген Тереза Мэй.

14-мартта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Англияда мурдагы орус тыңчысы менен анын кызынын ууландырылышы боюнча ишке Москва расмий кайрылуу алгандан кийин он күндүн ичинде жооп берерин билдирген. Бул тууралуу Би-Би-Си кызматы кабарлаган.

Лавров буга чейин британ бийлиги кайсы зат колдонулганын иликтөөгө орусиялык эксперттерди катыштырмайынча, Лондондун ультиматумуна Москва жооп бербей турганын да айткан.

"Британ өкмөтү "24 сааттын ичинде отчет берсин" деген ультиматум коюудан мурун эл аралык мыйзамга – Химиялык куралдарга тыюу салган конвенцияга ылайык өз милдеттенмесин аткарууга тийиш” – деген Лавров Лондондун кескин реакциясын “оторчулук доору эбак өткөн” деп сындаган.

Ушул тапта ооруканада жаткан 66 жаштагы Сергей Скрипал менен анын 33төгү кызы Юлиянын абалы дагы эле оор. Алар 4-мартта Англиянын Солсбери шаарындагы соода борборунда эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG