Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:55

АКШ-Катар: террорго каршы макулдашуу


Рекс Тиллерсон жана Мохаммед бин Абдулрахман ал-Тани документке кол койгон учур. Доха, 11-июль, 2017-жыл.
Рекс Тиллерсон жана Мохаммед бин Абдулрахман ал-Тани документке кол койгон учур. Доха, 11-июль, 2017-жыл.

АКШ менен Катар терроризмге жана анын каржылануусуна каршы биргелешип күрөшүүнү макулдашты. Вашингтон менен Доханын бул чечими Перси булуңундагы кризиске же коңшулары Катарды терроризмди колдойт деп айыптап жаткан учурга туш келди. Араб дүйнөсүндө бир айдан ашып калган соңку араздашуу азырынча жөнгө салына элек.

АКШ менен Катардын өз ара түшүнүшүү меморандуму деп аталган макулдашууга мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун араб дүйнөсүндөгү азыркы араздашуу тутангандан бери аймакка жасаган алгачкы сапары учурунда кол коюлду:

- Меморандумда эки мамлекет алдыдагы айларда, жылдарда терроризмди каржылоо булактарын кыркып, үзүү жана бүткүл дүйнө боюнча антитеррордук ишмердикти күчөтүү багытында жасай турган бир катар кадамдары көргөзүлдү. Анда эки өлкө өзүнө алган милдеттенмелерди аткарышын камсыздоо боюнча да чаралар каралган. АКШ менен Катар эми терроризмдин каржылануу булактарынын изине түшүү боюнча биргелешкен ишти көбүрөөк жүргүзөт. Мен терроризмдин каржылануусун токтотуу боюнча президент Дональд Трамптын Эр-Рияддан жасаган чакырыгына Катардын эмири биринчи болуп жооп бергенин кубаттайм.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон президент Дональд Трамптын Эр-Рияддагы чакырыгы деп Араб-Ислам-АКШ саммити деген жыйынды эске алып жатат.

Май айынын соңунда Саудия борборундагы саммитке мусулман дүйнөсүнүн 50дөй мамлекети катышкан эле.

АКШ президенти Дональд Трамп анда сөз алган учурунда Жакынкы Чыгышта “экстремизмди жоюу” максаты менен "мамлекеттердин коалициясын" куроого, араб өлкөлөрүн террорчулар менен экстремисттерди өз аймактарынан “кууп чыгууга” үндөгөн.

Перс булуңундагы үч араб мамлекети: Сауд Арабия, БАЭ, Бахрейн жана Египеттин Катар менен араздашуусу мына ошол саммиттен кийинки учурга туш келди.

Макулдашкан тараптардын басма сөз жыйыны. Доха, 11-июль, 2017-жыл.
Макулдашкан тараптардын басма сөз жыйыны. Доха, 11-июль, 2017-жыл.

Катардын тышкы иштер министри Мохаммед бин Абдулрахман ал-Тани Дохадагы басма сөз жыйында АКШ менен түзүлгөн эки тараптуу жаңы макулдашуунун учурундагы кризис жана алардын блокадага кабылышы менен тикелей да, кыйыр да байланышы жок деп ырастады. Бирок Дохага доомат артып жаткан өлкөлөрдү да мына ушундай кадамга барууга үндөдү:

- Биз терроризмдин каржылануусуна каршы күрөшүү боюнча эки мамлекет ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койдук. Бул төрт өлкө Катарды терроризмди каржылайт деп айыптап, камалап жаткан учурда жасалды. Катар эми АКШ менен терроризимдин каржыланышына каршы күрөшүү боюнча аткарылуучу программага кол койгон алгачкы өлкө болду. Бизди камалаган өлкөлөрдү да мына ушул демилгеге кошулууга чакырабыз.

Быйыл 5-июндан тарта дипломатиялык байланыштарын үзүп, транспорттук каттамдардын бардык түрүн токтотуп, Катардын учактары үчүн аба мейкиндиктерин жапкан Сауд Арабия, БАЭ, Бахрейн жана Египет Дохадагы бийликтерди исламчыл экстремисттерди анын ичинде араб дүйнөсүнүн көптөгөн өлкөсүндө бар “Мусулман агайындар” кыймылын жана Ирандын саясатын колдоп жатат деп айыпташкан.

Андан бери эки ортодо расмий арачылык вазийпаны Кувейт аркалоодо, бирок азырынча оң жыйынтык чыга элек. Коңшулары Катарга алака-катыштын оңолуусу үчүн ал аткарышы керек болгон 13 талаптын тизмесин да беришкен.

Ультиматумдун мөөнөтүнүн бүтүшүнө тушташ Катар аларды өлкөнүн суверенитетине шек келтирүү катары четке каккан эле. Анткен менен шарт-талаптар жөндүү болсо диалогго даярдыгын да билдирген.

Тизмеде расмий Доханын Иран менен байланыштарын токтотуусу, “Ал-Жазира” телеканалын жабуусу, Түркиянын аскерий базасын чыгаруу өңдүү талаптар бар болчу.

Доха шаары, 15-июнь, 2017-жыл.
Доха шаары, 15-июнь, 2017-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы аймактагы сапарынын алкагында Дохада, ортомчулук вазийпасы менен алектенип жаткан Кувейтте, Катарды бойкоттогон төрт өлкө менен Жидда шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сауд Арабия да, Катар да - Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы чечүүчү өнөктөштөрү. АКШнын аймактагы эң ири авиабазасы Катарда турат. Бул арада Түркия Катардын тамак-аш менен негизги камсыздоочусуна айлангандай.

Эки өлкөнүн экономика министрлери 12-июлда Анкарадан жарыялашкандай, акыркы бир айда Түркиядан Катарга жүк 197 ирет учак, бир жолу кеме менен жөнөтүлдү.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG