Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Обама федералдык чыгымдар маселесинде бекем турат


Президент Обама 14-январдагы маалымат жыйынында Конгрессте республикачылар менен жүрүп жаткан тирешүүнүн коркунучуна токтолду.

Ал мамлекеттик карыздардын лимитин чоңойтуу боюнча Конгресс менен сүйлөшүүнү уланткандан баш тартарын эскертти. Ошондой эле менчик куралдарды көзөмөлдөөнү күчөтүү - баарынан мурда Коннектикуттагы сыяктуу балдарды чак түштө атканга жол бербөөгө жана куралдуу зомбулукту азайтканга багытталарын айтты.

Бул Барак Обаманын биринчи президенттик мөөнөтү бүтүп жатканда Ак үйдө өткөргөн акыркы маалымат жыйыны болду. Себеби 20-январда Обама расмий жагдайда ант берип, экинчи мөөнөткө президенттик кызматка киришет.
Обама дүйшөмбү күнкү маалымат жыйынында учурда Конгрессте кызуу талкууланып жаткан эки маселеге: жеке адамдардын куралды сатып алуусун көзөмөлдөө жана мамлекеттик карыздардын лимитин көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Ньютаундагы мектептеги кырсыктан кийин
Ньютаундагы мектептеги кырсыктан кийин
Куралды көзөмөлдөө боюнча мыйзамды караганда конгрессмендер “өз абийири менен кеңешүүсү” зарыл, анткени ал адамдарды куралдуу кол салуулардан коргоого багытталгандыктан, президент катары бул мыйзамды реформалоону зарыл деп эсептээрин айтты АКШ президенти.

“Мен эң алды саясат тууралуу толкунданбоо керек дейм, - деп улантты президент Обама. - Мен эң алды мааниси бар, иштеп кетчү, биздин балдарыбыз коопсуз болушу үчүн биз аткарчу, куралдуу зомбулуктарды азайтчу иштерге бардык көңүлдү буруу керек дейм. Биз жеке курал кармоону Конституциянын экинчи түзөтүүсүнө ылайыктуу жана татыктуу жол менен чечебиз деп ойлойм. Андан соң Конгресстин мүчөлөрү өз абийирине жараша аны талкуулап жана талдап көрүшөт деп ойлойм”.

Ак үйдүн курал боюнча мыйзамды реформалоого баруусуна декабрда Коннектикуттагы башталгыч мектептеги кызыл кыргын түрткү берген. 14-декабрда Адам Ланза деген 20 жаштагы жигит “Сенди Хук” башталгыч мектебине барып, 26 адамды, анын ичинде 20 окуучуну атып салган.

Обаманын айтышынча, кандуу окуядан кийин Ак үйдүн демилгеси менен түзүлгөн жумушчу тобу курал сатып алган адамдын өмүр баяны кылдат текшерилип, аскерий, анын ичинде автоматтык куралдарды сатканга тыйуу салганды сунуш кылат. Бирок курал жасоочулардын таламын коргогон Аткычтардын улуттук ассоциациясы Конгресс курал-жаракты көзөмөлдөөнү күчөткөн эч кандай мыйзам кабыл албасын деп талап кылууда.

Президент Обама өкмөттүн милдеттенмелери боюнча төлөмдөргө кайрылып, эгер АКШ дефолтко кабылбасын дечү болсо, Конгресс мамлекеттик карыздын чегин жогору көтөрүүсү шарт деди. Ал “Биз мите мамлекет эмеспиз” деп баса айтты жана республикачылардын федералдык карыздын лимити көбөйтүлсө, мамлекеттик чыгымдар азайтылсын деген талыбына ынанбасын билдирди.

“Америка эсептерди төлөө же төлөбөө боюнча Конгресстеги дагы бир дебатты көтөрө албайт. Алар эсептерди төлөө боюнча кыжылдашып да бүттү. Эгер Конгрестеги республикачылар Американын эсебин өз убагында төлөөдөн баш тартса, социалдык камсыздоо төлөмдөрү жана ветерандар алчу жөлөк пулдар кармалат. Биз аскерлерге же чакан ишкана ээлерине акысын төлөй албай калабыз,”- деди Обама.

Азыр Кошмо Штаттардын карызы 16, 4 триллион долларга чыкты. Эгерде Конгресс федералдык карыздын чегин жогорулатпачу болсо, АКШнын кредиттик рейтинги төмөндөп, экономика чоң зыян тартат. Андан тышкары президент Обама маалымат жыйынында эскерткендей, Ак үй социалдык жана башка өкмөттүк милдеттенмелерин аткара албай калат.

Конгресстин өкүлдөр палатасынын төрагасы, республикачыл Жон Бейнер болсо анын партиялаштары федералдык чыгымдарды кыскарткан жана өкмөттүн финансылык милдеттенмелерин аткаруусуна мүмкүндүк берген мыйзам долбоору үчүн добуш беришерин билдирди.

XS
SM
MD
LG