Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Райнхарт: Клинтон менен Трамп жанаша келатат


26-сентябрда АКШдагы президенттикке талапкерлер алгачкы дебатка чыгышат. Республикачыл Дональд Трамптын жана демократ Хиллари Клинтондун президент болуу мүмкүнчүлүгү кандай?

АКШдагы шайлоого байкоо салган америкалык саясат таануучу, Британиядагы Эссекс университетинин окутуучусу, доктор Жина Райнхарт “Азаттыктын” ушул жана башка суроолоруна жооп берди.

Жина Райнхарт: Мен көргөн сурамжылоолорго караганда, Хиллари Клинтондун Дональд Трампка салыштырмалуу президент болуп шайлануу мүмкүнчүлүгү бир аз көбүрөөк. Бирок Трамптын да рейтинги жогору. Экөө тең 50/50 ыктымалдуулугуна жакын.

Адатта сурамжылоолор 2-4 пайызга чейин ката чыгып калат. Эгер ошол сурамжылоо каталары Трамптын тарабына ооп кетсе, ал шайлоону утуп кетиши мүмкүн.

Шайлоо өнөктүгүндө Клинтон айымды анын өмүрлүк жолдошу, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон колдоп келет
Шайлоо өнөктүгүндө Клинтон айымды анын өмүрлүк жолдошу, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон колдоп келет

“Азаттык”: Айрым эксперттер Хиллари Клинтон жеке купуялыгына өтө көңүл бурарын, бул жагдай шайлоочуларды андан обочолонуусуна жол ачканын айтышат. Клинтон айымдын саламаттыгы тууралуу жакында ачыкка чыккан маалыматтар анын рейтингине кандай таасирин тийгизди?

Жина Райнхарт: Менимче, ал кичине таасирин тийгизди, бирок өтө көп эмес. Америкада кандай гана жагдайда болбосун Хиллари Клинтонду кабыл алгысы келбеген адамдар бар. Алар Дональд Трамптын жеке купуялыгын сактоо аракеттерине эч нерсе дешпейт. Мисалы, Дональд Трамп жооп берүүдөн баш тарткан салык маселеси сыяктуу көп суроолор бар. Ал адамдар Клинтонго салыштырмалуу Трамптын бул аракетине көз жумуп коюшат. Ошондуктан шайлоочулар жеке купуялык маселеси бар деп айтышканы менен, бул жагдай алардын тандоосуна анчалык таасирин тийгизбейт.

“Азаттык”: Дональд Трампка келсек. Партиялар талапкерлерди тандай баштаганда Трамп республикачылардын атынан талапкер болуп калат деп көп адамдар ойлогон эмес. Мигранттар жана мусулмандар тууралуу ашкере билдирүүлөрдү айткан саясатчы кантип талапкер боло алды?

Дональд Трамп
Дональд Трамп

Жина Райнхарт: Азыр ал Америкадагы кайсы бир маселе жана аракеттерден пайдаланып жатат. Аны дүйнөдөгү мисалдардан да көрсөк болот. Мисалы, Британиядагы Евробиримдик боюнча референдумда болгон сыяктуу, ал коркуу сезимин жаратуу аркылуу элди тартып жатат. Ал коркуу сезими экономикалык төмөндөө сыяктуу маселелерге негизделген. Трамп бул маселелерди келишпес улутчулдукка айландырып жатат. Ал бул багытта жакшы аракет кылды. Башкалар күтпөгөн деңгээлде жакшы иштеп койду. Анын окуясы Америкада жогоруда айтылган баалуулуктар боюнча добуш берүүгө даяр адамдар алда ганча да көп экенин көрсөттү.

“Азаттык”: Эми алдыда талапкерлер маанилүү дебатка чыкканы жатышат. Адатта мындай дебаттар бүтүндөй шайлоонун нугун өзгөртүп коюшу мүмкүн. Бул дебаттан жана ага катышкан талапкерлерден эмнелерди күтсө болот?

Жина Райнхарт: Шайлоого чейин үч дебат болот. Ар бир дебаттан кийин талапкерлердин рейтинги өзгөрөт. Менимче, биринчи дебатта Дональд Трамп мурдагы калыбында эле болот. Хиллари Клинтон болсо кичине карманып сүйлөп, логика жана жүйөлөр менен жооп берет деп ойлойм. Бул тактика канчалык натыйжасын берерин убакыт көрсөтөт. Эгер Клинтон айым ашкере кармана берсе да, ашкере кармаша берсе да рейтинг төмөндөшү мүмкүн. Ал өтө кылдат болууга аракет жасайт. Биринчи дебаттан жаралган коомдук пикирдин негизинде, анын жүрүм-туруму өзгөрүшү мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG