Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

АКШда Конгресске шайлоо өттү


Айова штатындагы добуш берүү. 6-ноябрь, 2018-жыл.
Айова штатындагы добуш берүү. 6-ноябрь, 2018-жыл.

6-ноябрда Кошмо Штаттарда Конгресске шайлоо өттү. АКШда орто мөөнөттүк деп аталган добуш берүүнүн натыйжасында Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын толук курамы, ал эми Сенаттын үчтөн бири кайра шайланышы керек.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы президент Дональд Трамптын эки жылдык бийлигине карата америкалыктардын мамилесин көрсөтүшү да күтүлүүдө. Шайлоону утурлай “Фейсбук” социалдык түйүнү чет өлкөлөргө байланышы бар деп шек жараткан 115 баракчаны жапты.

Кошмо Штаттардагы саясий салт боюнча адатта орто мөөнөттүк шайлоодо президенттин партиясы утулат.

АКШда Конгресске шайлоо өтүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:47 0:00

435 орундуу бул палатанын акыркы курамында Республикалык партия 23, ал эми 100 орундуу Сенатта бир эле добуш менен үстөмдүк кылып турду. Эми 6-ноябрда Эл өкүлдөр палатасы толугу менен, ал эми Сенаттын үчтөн бири же 35 мүчөсү кайра шайланмакчы.

Конгресстин жаңы курамы президент Трамптын алдыдагы эки жылдык бийлигинин багытын аныктап, ага олуттуу таасир эткен дагы бир фактор болот.

Андыктан Дональд Трамп өзү да акыркы апталарда өлкө штаттарын түрө кыдырып, шайлоочуларды Республикалык партиянын талапкерлеринин пайдасына мобилизациялоо үчүн күн сайын бир эмес, бир нече үгүт жыйындарына катышып жатты.

Дональд Трамп Индиана штатындагы үгүт жыйынында. 5-ноябрь, 2018-жыл.
Дональд Трамп Индиана штатындагы үгүт жыйынында. 5-ноябрь, 2018-жыл.

- Биз айлык аз, жумушсуздук күч алган, кылмыштуулук көбөйгөн, чек ара ачык бойдон калган, ашынган солчул соттор иштеген, экономиканы тескеген эрежелер репрессиялуу мүнөздө болгон Барак Обаманын дооруна кайткыбыз келбейт. Ал кезде соода келишимдери өтө начар, тышкы саясат катастрофалык абалда болгон. Карагыла, Түндүк Корея боюнча мага кандай башаламандык мураска калган жана биз азыр аны кандай оңдоп жатабыз, - деди ал соңку үгүт жыйындарынын биринде.

Gallup иликтөө уюму маалымдагандай, алардын сурамжылоосуна тартылган жана быйылкы шайлоо үчүн катталган америкалыктардын 60% өз добуштарын президент тууралуу мамилесин билдирүү үчүн колдоно турганын ырасташкан.

Gallup белгилегендей, бул -соңку орто мөөнөттүк шайлоолордогу эң жогорку көрсөткүч.

Ички саясаттын маселелеринен азыр АКШда жумушсуздуктун көрсөткүчү төмөн. 2-ноябрда жарыяланган соңку маалыматка караганда, ал 3,7% түзөт. Ал эми экономика быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгында 3,5% өстү. Буга Республикалык партиянын жана Трамптын салыкты кыскарткан чечими да салым кошту.

Бирок талдоочулардын баамында Трамптын саясаттагы катаал ыкмасы жана социалдык кыйынчылыктар Республикалык партиянын шайлоодо кубаттуу экономиканы жалгыз көзүр катары алып чыгышына толук мүмкүндүк берген жок.

Экономиканын жетишкендиктерине басым жасагандын ордуна шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Трамптын Республикалык партиядан бөлөк аракеттенген саясий уюму иммиграция маселелерине көңүл бурду.

Оппозициядагы Демократиялык партиянын үгүт өнөктүгүнө болсо кийинки күндөрү мурдагы президент Барак Обама да жигердүү аралашты.

Барак Обама
Барак Обама

- Азыр биздин өлкөнүн мүнөзү, биздин ким экенибиз, биз кандай саясатты күтөрүбүз тараза ташында турат. Биз коомдук жашоодо өзүбүздү кандай алып жүрөрүбүз, башка адамдарга кандай мамиле кыларыбыз тараза ташында турат. Жакшы жаңылык бар, мен азыр бүткүл өлкө боюнча адамдар ойгоно баштаганын көрүп жатам, - деди Барак Обама 5-ноябрда Виржиния штатындагы үгүт иш-чарасында.

“The Washington Post” гезити менен ABC телеканалы жарыялаган сурамжылоого караганда, азыркы шайлоого катталган америкалыктардын 50% Конгресстин Эл өкүлдөр палатасына көзөмөлдү Демократиялык партия, 43% Республикалык партия алышына артыкчылык беришерин айтышкан.

Баяндамачылардын баамында, эгер бул палатада чын эле демократтардын көзөмөлү орносо, анда Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча иликтөөлөр кайра башталат, демократтар президент Трамптын өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнө байланышкан этика маселесине да көңүл бурушат.

Эгер Эл өкүлдөр палатасы кайрадан Республикалык партиянын көзөмөлүндө калса, салыктарды дагы кыскартуу, экономика менен ишкерликти тескеген эрежелерди азайтуу аракети көрүлөт.

6-ноябрда АКШ жарандары 50 штаттын 36сында губернаторлорду, штаттардагы 99 мыйзам чыгаруучу жыйындын 87син да кайра шайлашууда.

Флорида штатында добуш берүү үчүн кезек күткөндөр. 6-ноябрь, 2018-жыл.
Флорида штатында добуш берүү үчүн кезек күткөндөр. 6-ноябрь, 2018-жыл.

Добуш берүүнүн алдында “Фейсбук” социалдык түйүнү 115 аккаунтту жапты. Ага чейин АКШнын бийлиги шектүү ишмердигинен улам ал баракчалар чет өлкөлөргө байланышы болушу мүмкүн экенин эскерткен.

“Чет өлкөлүк оюнчулар, өзгөчө Орусия коомдук пикирге жана жик салууга багытталган чаралар аркылуу шайлоочулардын аң-сезимине таасир этүүгө дагы эле аракеттенип жатышканын америкалыктар аңдап-билиши зарыл”, - деп айтылды 5-ноябрда ФБРдин, Улуттук чалгын кызматтын, Ички коопсуздук министрлигинин, Башкы прокуратуранын жетекчилеринин биргелешкен расмий билдирүүсүндө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG