Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

COVID-19: АКШдагы үмүт жараткан сыноо


Ремдесивир препаратын сыноо маалында тартылган сүрөт, Калифорния, 11-март 2020-жыл.
Ремдесивир препаратын сыноо маалында тартылган сүрөт, Калифорния, 11-март 2020-жыл.

АКШ өкмөтү COVID-19 илдетине каршы эксперименталдык дарыны сыноо үмүт жараткан жыйынтыктарды көрсөткөнүн билдирди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мындай тыянакты кубаттай элек.

АКШнын Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институтунун жетекчиси Энтони Фаучи COVID-19 илдетине каршы эксперименталдык дарыны сыноо кандай жыйынтыктарды бергенин шаршемби күнү Ак үйдө жарыялады. Анын айтымында, ремдесивир аттуу антивирустук дары коронавируска чалдыккан бейтаптардын тезирээк айыгышына өбөлгө түзөт.

21-февралда башталган экспериментке дүйнө жүзүндөгү COVID-19 илдетине чалдыгып, ооруканага жаткырылган 1063 бейтап катышкан. Адистер ремдесивирди колдонгон оорулуулардын абалын бул дары берилбеген бейтаптардын тобу менен салыштырышкан. Натыйжада ремдесивир менен дарылангандар 11 күндө айыгып чыкса, бул препаратты колдобогондор кеминде 4 күнгө кечирээк сакайышкан. Ремдесивир берилген топто өлүм да азыраак катталган.

"Ремдесивир менен дарыланган топто көз жумгандардын саны азыраак болуп, 8 пайызды түздү. Плацебо дарыны ичкен топто бул көрсөткүч 11 пайызды түзөт. Статистикалык маанилүүлүк камсыз кылына элек. Бирок бул тыянак дагы изилдениши керек", - деп билдирди АКШнын Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институтунун жетекчиси Энтони Фаучи.

Нью-Йорк шаарынын Куинс конушу, 20-апрель 2020-жыл.
Нью-Йорк шаарынын Куинс конушу, 20-апрель 2020-жыл.

Ремдесивирди америкалык "Гилеад" фармацевтикалык компаниясы алгач эбола вирусун дарылоо максатында иштеп чыккан. Бирок бул дарыны глобалдык деңгээлде колдонууга уруксат берилген эмес.

Ремдесивир февраль айынан март айынын ортосуна чейин Кытайда да сыноодон өткөн. Ага 237 бейтап катышкан. Кытайлык адистер бул дары жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган бейтаптардан башка оорулуууларга "жардам бербейт" деген тыянакка келишкен. Бирок аталган сыноо бейтаптар жетишсиз болгондуктан мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Энтони Фаучи бул "так эмес изилдөө" болгонун айтып, ремдесивирди башка окумуштуулар жана компаниялар да изилдеп көрүшү керек экенин белгиледи. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү болсо ремдесивир боюнча комментарий берүүгө эрте экенин, кошумча сыноолор зарылдыгын билдиришти.

Ошентсе да АКШ президенти бул дарыны массалык түрдө колдонууга уруксат берүү маселеси караштырылып жатканын ишарат кылды.

"Буга чейин мындай нерсе болгон эмес. Ооба, биз ар бир нерсенин коопсуз болушун каалайбыз. Бирок тезирээк жактырылышын көздөп турабыз", - деди Дональд Трамп.

Дүйнөдөгү ондогон фармацевтикалык компаниялык вакцинанын үстүнөн иштеп жатышат.
Дүйнөдөгү ондогон фармацевтикалык компаниялык вакцинанын үстүнөн иштеп жатышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, азырынча COVID-19 инфекциясына каршы сыноодон өткөн так дарылануу курсу жок. Бирок бейтаптарга симптомдорду жеңилдетүүчү дары-дармектер берилет. Мисалы, дене табын түшүрүүчү, ооруну басаңдатуучу дарылар сунушталышы мүмкүн.

Учурда Германия, Британия жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдөгү ондогон алдыңкы фармацевтикалык компаниялар вакцинанын үстүнөн иштеп жатат. Маселен жакында Британиядагы Оксфорд университети коронавируска каршы иштеп чыккан вакцинанын клиникалык сыноосун баштады. Германиянын тиешелүү мекемеси да ыктымал вакцинаны адамдардын үстүнөн сыноого уруксат берди. Бирок адистер вакцина бардык сыноолордон өтүп, коомчулуктун калың катмарына жетиши үчүн бир жылдан 18 айга чейинки убакыт керектигин билдиришкен.

30-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 3 миллион 200 миңден ашты. Өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен баш-аягы 230 миңдей адам көз жумду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG