Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Ооганстанда өмүр кыйган кол салуулар көбөйдү


Кабулдагы кош жардырууда мерт болгон адамды акыркы сапарга узатуу зыйнаты, 11-январь, 2017-жыл.
Кабулдагы кош жардырууда мерт болгон адамды акыркы сапарга узатуу зыйнаты, 11-январь, 2017-жыл.

БУУ соңку бир жылда Ооганстандагы чагымчыл кол салуулардан же куралдуу кармаштардан мүрт кеткен же жараат алган жайкын тургундардын саны эң жогорку чекке жеткенин билдирди.

Адам өмүрүн сактоого ашыккан "тез жардам" унаасы, үймөлөктөшкөн аскерлер жана тосулган жолдор... Жардыруу же куралдуу кол салуудан кийинки мындай көрүнүш Ооганстанда тез-тез кайталанып турат. Дээрлик ар биринде бейкапар жүргөн жайкын тургундардын өмүрү кыйылат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясынын жаңы баяндамасына ылайык, былтыр өлкөдө дээрлик 3,5 миң жөн-жай тургун ар кыл куралдуу чабуулдардын курмандыгына айланган. Кеминде 7900дөн ашык адам жаракат алган.

Соңку бир жылда жаңжалдан жабыркагандардын жалпы саны 2015-жылга салыштырмалуу 3 пайызга көбөйгөн. Бул каттоо башталган 2009-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

2016-жылы чагымчыл кол салуулар же куралдуу кармаштардан жабыркаган өспүрүмдөрдүн саны да 24 пайызга өсүп, баш-аягы 923 өспүрүмдүн өмүрү кыйылган, 2,5 миңден ашыгы жараат алган.

Тадамичи Ямамото
Тадамичи Ямамото

БУУнун Ооганстан боюнча атайын өкүлү Тадамичи Ямамото тараптарды жөн-жай тургундарды бутага албоого чакырды:

- Өспүрүмдөр жабыркап жатканына өзгөчө тынчсызданып турам. Миңдеген ооган тургундары өлүмгө дуушар болгону өтө өкүнүчтүү. Аларды алдын алса болот.

Баяндамага ылайык, жайкын тургундар арасындагы жоготуулардын басымдуу бөлүгүнө алдын ала орнотулган бомбалар, жанкечти жардыруулары, куралдуу кол салуулар жана кургактагы кармаштар себеп болууда.

Бир жыл ичиндеги жаңжалдардан жабыркаган жайкын тургандардын 61 пайызы талиптердин же “Ислам мамлекети” сыяктуу өкмөткө каршы террордук уюмдардын бутасына кабылган.

Октябрь айында Кабулдагы шиит мечитиндеги куралдуу кол салуудан 50дөн ашык адам набыт болгон.
Октябрь айында Кабулдагы шиит мечитиндеги куралдуу кол салуудан 50дөн ашык адам набыт болгон.

Былтыр “Ислам мамлекети” террордук тобунун жанкечти жардыруулары көбөйүп, алардан баш-аягы 900дөй жайкын тургун же мүрт кеткен, же жарадар болгон. Бул топтун чабуулдары көбүнесе Ооганстандагы шиит мусулмандарына багытталган.

- “Ислам мамлекети” террордук уюмунун жөн-жай тургундарга диний ишенимдеринен улам атайылап кол салганын кескин түрдө айыптайм. Мындай чагымчыл аракеттер жаңжалды күчөтүүгө жана ооган коомун бөлүп жарууга багытталган”,-деди БУУнун Ооганстан боюнча атайын өкүлү Тадамичи Ямамото.

Ооган коопсуздук күчтөрүнүн каталары да жайкын тургундардын 20 пайызына залакасын тийгизген. Ооган жана эл аралык күчтөрдүн аба чабуулу 250 адамдын өмүрүн алып, 340 кишини жарадар кылган. Бул сан 2015-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп.

Кабулдагы бомба жардыруусу, 28-декабрь 2016-жыл.
Кабулдагы бомба жардыруусу, 28-декабрь 2016-жыл.

Буга чейин Ооганстанды кайра куруу боюнча SIGAR уюму ооган күчтөрү барган сайын айрым аймактарда көзөмөлдү жоготуп баратканын билдирип, коңгуроо каккан эле. Алардын соңку баяндамасына ылайык, ооган армиясы былтыр бир жыл мурдагыга салыштырмалуу аймагынын 15 пайызын согушкерлерге тарттырып жиберип, учурда өлкөнүн 57 пайызын гана көзөмөлдөп турат. Ооган калкынын үчтөн бири же 9,2 миллион адам талаштуу аймактарда күн өткөрүп келишет.

Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, 2009-жылдан бери Ооганстандагы куралдуу жаңжалдардан баш-аягы 25 миңге чукул адам мерт кетти. Жалпысынан 45 миңден ашык киши жараат алды. Бул сан алдыда дагы канчага чейин өсөт деген суроого эл аралык коомчулук да, ооган расмийлери да так жооп таба албай келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG