Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:47

Донецкте ЕККУнун унаалары өрттөлдү


Донецкте белгисиз адамдар ЕККУнун унааларын өрттөп кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:16 0:00

Донецкте белгисиз адамдар ЕККУнун унааларын өрттөп кетти

Дем алыш күндөрү Донбасста согуш аракеттери күч алганын украин аскер күчтөрү билдирүүдө. Ал эми Донецкте болсо жекшембиге оогон түнү ЕККУнун автомашиналары өрттөлдү.

8-августтан 9-августка караган түнү ЕККУнун Донецктеги байкоочу миссиясына таандык брондуу унаалары өрттөнүп кетти. Уюмдун маалыматына караганда, өрт түнкү 2де башталган. Үч машина толугу менен күйүп, бирөө олуттуу жабыркаган. Ал эми өрт дагы үч унаага бир аз зыянын тийгизген.

ЕККУнун байкоочу миссиясынын орун басары Александр Хугдун айтымында, аталган окуя уюмдун бул аймактагы ишин токтотуусуна багытталган "коркутуунун" бир мисалы.

- Бул ЕККУнун менчигинин коопсуздугуна шек келтирген кооптуу учурлардын соңкусу. Бул аймакта эмне болуп жатканын жеринен көрүп турган ЕККУнун миссиясын коркутууга аракети сыяктуу көрүнөт. Биз ЕККУнун менчигин жана кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздаган тараптардын ишин күчөтүүгө чакырабыз.

ЕККУнун байкоочу миссиясынын милдети - февраль айында Минскте кол коюлган өкмөттүк күчтөр менен жикчилдер ортосундагы ок атышууну токтотуу келишиминин аткарылышына көз салуу.

7-августта уюм ок атышууну токтотуу келишими толук сакталбай, аны бузуу “айтарлык өскөндүгүн” маалымдаган. Ошол эле күнү 300дөй киши ЕККУнун Донецктеги кеңсесинин алдында нааразылык акциясын өткөрүп, байкоочулардын “унчукпастыгы жана сокурлугу” үчүн сындаган. Украин президентинин өкүлү Александр Мотузяник унаалардын өрттөлүшү үчүн жикчилдерди айыптады. “Жикчилдер бул аймактагы мыйзамсыз иштерин Украина жана дүйнөлүк коомчулук билип калуусун каалашпайт” деп айтты президенттин өкүлү.

Ал эми орусиялык басылмалардын жазышынча, “Донецк элдик республикасынын” өкүлү Денис Пушилин унааларды өрттөөнү "аша чапкандык" деп атап, күнөөлүүлөрдү табууга бар күчүн жумшарын айткан. “Балким ЕККУнун өкүлдөрү ар кандай, техникалык себептерден баштап жогорку саясий талаптарга байланыштуу дайыма объективдүү боло алган эмес. Бирок биз ЕККУнун байкоочу миссиясынын аякташына кызыкдар эмеспиз. Менимче, “Донецк элдик республикасында” ЕККУнун байкоочу миссиясынын иш алып барып жатышы Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аракеттерин кармап турат” деп айтылат Пушилиндин билдирүүсүндө.

Ал арада Украин аскерлеринин 10-августта билдиргенине караганда, өткөн дем алыш Донбастта акыркы апталардагы эң көп ок атышуулар болгон күн катары катталды. Жикчилдер өкмөттүк аскерлерди 127 жолу аткылаган. Атап айтканда, Луганск, Донецк, Мариуполь жана Артемск аймактарында атышуулар күч алганы айтылат.

Украинанын антитеррордук операция жүргүзүү штабынын басма сөз катчысы Анатолий Стельмах:

- Минск келишимине карабастан, куралчан мыйзамсыз топтор аскердик иш-аракеттерди күчөтүүнү улантууда. Алар 8-августта 111 жолу ок атышуу келишимин бузду, 41 жолу миномёттен, 7 жолу танктан, үч жолу “Граддан” аткылашты. Ал эми 9-августтун түнү орусиячыл-террористтик аскерлер ок атууну Донецк облусунда да күчөтүштү.

Украин аскерлеринин маалымдашынча, акыркы суткада бир жоокер набыт кетип, 10 аскер, бир карапайым аял жана эки бала жаракат алды. Ошол эле кезде жикчилдердин өкүлдөрү алар украин аскерлерин жапырт аткылап жатат деген маалыматтарды четке кагууда. Алардын айтымында, тескерисинче, украин артиллериясынын аткылоосунан бир карапайым тургун өлгөн. Былтыр уруш башталган апрель айынан бери Украинанын чыгышында 6500дөн ашык адам мерт болду.

XS
SM
MD
LG