Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Студент 3 мечитти жардырган деп айыпталууда


Павло Лапшин (ортодо)
Павло Лапшин (ортодо)

25 жаштагы украиналык студент Павло Лапшин Британияда мечитти жардырууга жана мусулман пенсионерди өлтүрүүгө катышы бар деп күнөөлөнүп жатат.

"Азаттык" үналгысынын украин кызматы Лапшиндин мекени Днепропетровск шаарында ал студенттин тааныштары менен байланышып көрдү.

Днепропетровсктогу Павло Лапшиндин тааныштары аны жакшы үй-бүлөдөн чыккан, мыкты студент катары сүрөттөшүүдө. Алардын айтымында, Лапшин үйүндө химиялык эксперименттерди өткөрчү.

Бейшемби күнү Павло Лапшин Лондондогу сотко келди. Ал апрелде Бирмингемде 82 жаштагы Мухаммед Салимди өлтүргөнгө жана ошондой эле Уолсолл, Типтон жана Вулверхэмптон шаарларындагы үч мечитти жардырууга катышы бар деп 18-июлда кармалып, жардыруулар июнь - июль айларында аскер Ли Ригби ислам экстремисттери деп шектелгендер тарабынан май айында өлтүрүлгөндөн кийинки чууга туш келген.

"Азаттык" үналгысынын украин кызматы Днепропетровск шаарында Лапшинди билген адамдар менен баарлашты. Лапшин Бирмингемге компьютердик программаларды даярдачу ишканада иштөө максатында апрель айында барган.

Ага чейин ал Украинада Улуттук металлургия академиясында билим алып, Киевде салтанаттуу аземде Британиянын Украинадагы элчиси Ли Тернерден жумушка чакыруу алган.

Лапшиндин мугалими жана илимий изилдөө боюнча куратору Виктор Ласкин мындай деди:

- Мен аны жөнөкөй, уялчаак, унчукпаган студент катары билчүмүн. Ал окуудан артта калган курсташтарына жардам берчү. Кабарды укканда абдан таң калдык, Паша андайга барбашы керек эле.

Университет Лапшиндин окуясы боюнча комментарий берген жок. Лапшиндин атасы да журналисттерге интервью берүүдөн баш тартты.

Лапшиндин мурунку коңшусу Диана аны катардагы жакшы үй-бүлөдөн чыккан жигит катары мүнөздөйт. Башка коңшулар Лапшиндин үй-бүлөсү ал жерден бир нече жыл мурун көчүп кеткенин эстешти.

- Үй-бүлөсү абдан мыкты. Атасы педагог, окутуучу, апасы да интеллигенттүү аял. Катардагы эле бала эле, эч кандай өзгөчөлүгү жок.

Бирок Павло Лапшинге байланыштуу бир окуя Диананын эсинде калган.

- Полиция келген. Анын атасы химия институтунда иштечү. Менин билишимче ал да химияга байланыштуу жерде окучу. Ал үйдө химиялык тажрыйбаларды өткөрчү. Бир нерсесин туура эмес кылганбы, айтор жардыруу болуп, үйүнүн эшиги кыйрап түшкөн. Полиция аны алып кеткен.

Днепропетровсктогу аймактык полициянын маалымат катчысы Алексей Щербатов ал жардыруу чындап эле болгонун, бирок эч ким жабыркабагандыктан Лапшин койо берилгенин тастыктады.

Алексей Щербатов Интерполдон Украинанын Ички иштер министрлигине Лапшин тууралуу малымат берүү арызы түшкөнүн кабарлады.

Британ бийликтери Лапшинди жардыргыч зат даярдоо үчүн батарейка, контейнер, саат сатып алган деп күнөөлөп жатышат. Дагы башка пункттар боюнча ал химиялык заттарды интернет аркылуу сатып алган, аларды жайгаштыруу боюнча изилдөө жүргүзгөн, мобилдик телефонду детонатор катары колдонууга даярданган.

Бирмингемдик детективдер бул жума Украинага барып, Павло Лапшин тууралуу маалымат топтошууда.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG