Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Украина: чыгыштын добушу тагдыр чечпейт


“Рошен” компаниясынын ээси Петр Порошенко улуттук сурамжылоолор боюнча жалпы өлкө боюнча алдыда.
“Рошен” компаниясынын ээси Петр Порошенко улуттук сурамжылоолор боюнча жалпы өлкө боюнча алдыда.

Украинада 25-майда өтө турган президенттик шайлоо көпчүлүктүн көңүл борборунда. Өзгөчө өлкөнүн чыгышындагы курч абалда жарандар кантип добуш беришет? Крымдагы украин жарандары добуш берүү укугунан ажырайбы?

Украинада өтө турган президенттик шайлоонун эң биринчи өзгөчөлүгү – ага катышкан талапкерлердин бирөөсү дагы азыркы бийликте жок. Бул алардын эч кимиси буга чейин көнүмүш адат болуп калган административдик ресурсту колдоно албайт деген ишеничти жаратууда.

Байкоочулар бул шайлоонун таза өтүшүн камсыздашы мүмкүн, бирок башка көйгөйлөрдү жаратпайт дегенге кепилдик жоктугун айтышат. Шайлоодо орусиячыл сепаратисттер добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратуу үчүн бардык аракеттерди кылат деген кооптонуу чоң.

Ички иштер министри Арсен Аваков өлкө чыгышында шайлоону өз нугунда өткөрүп алганга эч кандай шарт жоктугун белгилейт.

- Биз эч кимди тил эмизип алдагыбыз келбейт, Донецк менен Луганск облустарында добуш берүүнү кадимкидей өткөрүп алуу болбой тургандыгын түшүнүп турабыз. Шайлоо бекеттерине кол салышты, мөөрлөрдү уурдап кетишти, ал гана эмес айрым шайлоо комиссияларынын төрагаларын барымтага алышты. Булардын бардыгы шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатында жасалууда. Ушул күнгө чейин шайлоо комиссияларынын жетекчилерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө коркутуулар болуп келет”, - деди Арсен Аваков.
Президенттикке талапкер Петр Порошенко
Президенттикке талапкер Петр Порошенко
20-майга чейин эле жикчилдер Донецк облусундагы 22 шайлоо бекетинин алтоосун басып алган, дагы бешөө жабылуу алдында. Лугансктагы 12 шайлоо бекетинин жарымынан көбү жабылган.

Мындан улам Донецк жана Луганск облустарынын тургундарынын көбү шайлоого катыша албай калышы мүмкүн.

Өлкө чыгышындагы башка аймактарда жакында эле болгон кан төгүүлөргө карабастан абал тынч, добуш берүү өтөт деп болжолдонууда.

Украинанын шайлоо комитетинин төрагасы Александар Черненко эки облуста эки миллиондон ашуун жаран добуш бере албай калышы мүмкүн деп белгилейт. Бул факторду эске алганда, Украинанын 35 миллион шайлоого укуктуу жаранынын 5-7 пайызы добуш бере албай калат. Бул чоң көрсөткүч болгону менен, ал шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир эте албайт.

- Албетте шайлоо бекеттеринин ачылбай калышы бул терс көрүнүш, бирок сурамжылоолорго карганда, бул добуш берүүнүн жыйынтыгына эч таасир бербейт, - деди Черненко.

Кондитердик магнат, “Рошен” компаниясынын ээси Петр Порошенко улуттук сурамжылоолор боюнча жалпы өлкө боюнча алдыда, анын жеңишине чыгыш элинин добушу таасир бербейт.

Өлкө чыгышында өзгөчө “Региондор” партиясынын эки өкүлү: Михаило Добкин менен Сергей Тигипко алдыда. Алардын позициясын дагы чыгыштагы шайлоочулардын добушу өзгөртүүгө кудретсиз.

Донецк облусундагы шайлоо участкасы
Донецк облусундагы шайлоо участкасы
Украинадагы бул шайлоодо добуштардын минималдуу босогосу деген чектөө жок.

Черненко кошумчалагандай чыгыштан келчү добуштарды өлкөнүн батыш аймактарындагы шайлоочулардын көп добушу басып кетиши мүмкүн. Бул шайлоодо Крымдагы Украинанын жарандары дагы добуш бере алышат. Бирок аны уюштуруу кыйынчылыкты туудурары айтылууда.

Мыйзамга ылайык, Украинанын жарандары өзү катталган шайлоо бекетине барып добуш бериши керек. Ал арада Украинанын парламенти Крымдын жашоочуларына башка бекеттерден добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам кабыл алышты. Крымдын жашоочулары шайлоодон 5 күн эрте эле Львов же Киев шаарларында добуш бере алышат.

“Азаттыкка” белгилүү болгондой, 100 миңдей украиналык жаран - алардын көбү Луганск жана Донецк облустарынан башка бекеттерден добуш берүүгө катталышты.

Украинанын жаңы бийлиги болсо, шайлоонун коопсуздугун камсыздоо аракетин көрүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетен салынган кутуларды кайтарууга Украинанын күч түзүмдөрүн тартты. Мурда бул ишти эки гана полиция кызматкери аткарчу.

Жогорку Рада Ички иштер министрлигинен шайлоо комиссияларынын борборлорун кайтарууну шайлоого сегиз күн калганда баштоону тапшырган.

XS
SM
MD
LG