Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

Украинадагы президенттик шайлоо


Киевдеги добушканаларда узун кезек
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00

Киевдеги узун кезек

Украинада шайлоо бекеттери жабылды. Экзит-полл шайлоодо ат салышкан 18 талапкердин арасынан ишкер Петр Порошенко 55 пайыз добуш менен алдыга чыкканын көрсөтүүдө.

Баш калаа Киевде жана өлкөнүн батыш аймактарында шайлоо активдүү өтүп жатканы кабарланууда. Орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн чыгыштагы Донецк жана Луганск аймактарында болсо көпчүлүк добушканалар ачылган жок.
Донецк облустук бийлигинин маалымдашынча, саат 8:30да региондогу 2430 шайлоокананын 426сы гана ачылган жана Донецкиде бир да шайлоокана иштебейт.

Донецкилик Василий деген жаран 1 миллион элдүү шаардын ал жашаган бөлүгүндө шайлоо участкалары жабык турганын Рейтер агенттигине айтты:

- Бизде шайлоо комиссиялары иштебегенин көрүп жатам. Эч нерсе жок. Билгим келет: добушканалар иштейт бекен?


Донецкиде добушканалар ачылган жок
Донецк: добушканалар ачылган жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:45 0:00


Коңшулаш Луганск облусунда 12 шайлоо округунун ичинен экөөсү гана иштөөдө. Бул жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Михаил Охендовский билдирди.

Луганск шаарында жашоочу Татьяна деген аял аларга президенттик шайлоодо өзү каалаган талапкер үчүн добуш берүүгө уруксат берилбегенине нааразы:

- Мен ушул өлкөдө жашайм, бирок мен президенттик шайлоодо добуш бере албайм. Бул туура эмес. Ар ким өз эркине ылайык болуш керек: Кааласа добуш берсин, каалабаса, добуш бербесин. Мен кимдир бирөө үчүн добуш бергим келсечи... Мен балким баарын чийип салганды каалагандырмын. Бул да мүмкүн. Көпчүлүк ушундай кыллгысы келген, себеби бизде президент жок. Бирок адамдарга добуш бергенге мүмкүндүк бербөө башынан туура эмес. Бул бардык мыйзамдарга каршы келет.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер өздөрү жарыялап алган “Элдик республика” “Новороссия”(жаңы Россия) болуп биригерин жарыя кылды. Жикчилердин айтымында, мындай келишимге 24-майда Донецк шаарында кол коюлган. Катуу күзөтүлүп өткөн салтанатка орусиялык тележураналисттер гана катыштырылды.

Президент Путин Украинанын жаңы өкмөтү менен иштешем деп сөз берди. Сурамжылоолорго караганда, элдин көбү миллиардер Петро Порошенкону колдойт, бирок анын биринчи турда жеңип чыгары күмөндүү. Порошенконун жакын атаандашы, мурдакы премьер-министр Юлия Тимошенкону жактоочулардын саны алда канча аз.

Луганск облусунун борбору Луганксиде да шайлооканалар жабык турганы, бирок айрым жерлерде эл добуш бериши мүмкүн экени кабарланды.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер өздөрү жарыялап алган “Элдик республика” “Новороссия” (Жаңы Россия) болуп биригерин жарыя кылды. Жикчилердин айтымында, мындай келишимге 24-майда Донецк шаарында кол коюлган. Катуу күзөтүлүп өткөн салтанатка орусиялык тележураналисттер гана катыштырылды. Донец жана Луганкс облустарынын көпчүлүк бөлүгү жикчилдердин ээлигинде. Алар бул аймактарда шайлоону өткөрүүгө жол берилбейт деп коркутушкан.
Луганскиде да добушаналар жабык
Луганс: добушканалар жабык
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00


Алдын-ала сурамжылоолорго караганда, элдин көбү миллиардер Петро Порошенкону колдойт, бирок анын биринчи турда жеңип чыгары күмөндүү. Порошенконун жакын атаандашы, мурдакы премьер-министр Юлия Тимошенкону жактоочулардын саны алда канча аз.

Украинадагы шайлоого Кыргызстандан барган 26 байкоочу да көз салууда. Алар өлкөнүн ар кайсы аймактарына бөлүнүп кетишкен.

Маселен журналист, КЛООП интернет порталынын башкы редактору Бектур Искендер Одесса шаарында жүрөт.
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:33 0:00
Түз линк



“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова болсо Запорожье аймагындагы шайлоого көз салууда.
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00
Түз линк



Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович анын бийликтен кетүүсүн талап кылган митингчилердин кысымынан улам 26-февралда Украинаны таштап, Орусияга өтө качкандан кийин бийликке убактылуу өкмөт келген.

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюктун айтымында, шайлоо өлкө чыгышындагы кырдаалды стабилдештирүүдөгү биринчи кадам болот.

"Бизде мыйзамдуу президентибиз болот. Ал биринчи сапарын бирдиктүү Европанын борборуна жасайт жана Евробиримдик менен эркин соода келишимине кол койот,” – деди Яценюк 24-майда украиналыктарга жасаган кайрылуусунда.

Янукович Орусияга өтө качкандан кийин Москва Украинадагы катаал абалдан пайдаланып, Крым автономиясына аскер киргизип, 16-мартта өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгына шылтап, аймакты Украинадан тартып алды. Кремль ошондой эле марттын башында аскерий маневрга катышат деп Украина жак чек арасына 40 миң жоокерин жайгаштырган. Владимир Путиндин администрациясынын айбатын көргөн орусиячыл жикчилдер Украинанын чыгыш облустарында баш көтөрүп, 11-майда Донецк жана Луганск облустарынын келечеги боюнча референдум өткөргөн. Алар бул аймактарда шайлоону өткөрүүгө жол берилбейт деп коркутушкан.

Батыш өлкөлөрү жана ырасмий Киев Москваны козголоңчуларды колдоодо, Украинанын чыгышындагы жагдайды эскалациялоодо деп эчен курдай күнөөлөшкөн.

XS
SM
MD
LG