Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:27

Беларус бийлиги украин “тыңчысын” кармаганын айтууда


Беларус бийлиги Украинанын "тыңчысы" деп жаткан журналист Павел Шаройко.
Беларус бийлиги Украинанын "тыңчысы" деп жаткан журналист Павел Шаройко.

Беларус бийлиги украин тыңчысы кармалганын билдирди. Мамлекеттик коопсуздук комитети тыңчылык үчүн украин журналисти П.Шаройкону айыптап, ал өлкөнүн аскердик чалгын мекемесинин агенти болгон деп ырастап жатат. Киевдеги расмий өкүлдөр болсо Минск айткандарды төгүндөп, четке кагышты.

Беларус Коопсуздук комитетинин (мурдагы КГБ) 20-ноябрдагы жарыясынан үч күн мурда эле Украинанын Улуттук журналисттер союзунун төрагасы Сергей Томиленко Минскиде 25-октябрда камакка алынган кесиптеши Павел Шаройкону улуттук, коомдук телерадионун кабарчысы деп атаган.

Бирок коңшу мамлекеттин атайын кызматы Шаройкону Украинанын Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгынын агенти, өлкөдө журналисттин кесибине жашырынып иштеп жүргөн тыңчы деп сыпаттады:

- Беларуста Павел Шаройко беларус жарандарынан турган тыңчылык түйүнүн уюштурган. Алар акча үчүн аскердик жана саясий чөйрөгө тиешелүү маалыматтарды топтоо боюнча тапшырмаларды аткарып жатышкан. Павел Шаройкого каршы Беларустун Кылмыш кодексинин 358-беренеси (тыңчылык) беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Сотко чейин аны камакта кармоо тууралуу чечим кабыл алынды, - деди Минсктен билдирүү жасаган Беларус КГБсынын расмий өкүлү Дмитрий Побяржин.

Беларуста украин журналисти камакка алынганы бул окуядан үч аптадан кийин, 17-ноябрда гана белгилүү болгон. Анда бул тууралуу Украинанын Коомдук телерадиосунун башкы директору Зураб Аласаниа айтып чыккан эле.

Ал эми Беларустагы укук коргоо уюмдарынын бири – “Хартия-97” Шаройконун кесиптештеринин маалыматына таянуу менен ал Беларуста камалгандан кийин дайынсыз жоголуп кеткен украин жараны боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын билдирген.

Павел Гриб аттуу 19 жаштагы украиналык Беларуста камалган соң Орусияга жөнөтүлүп, кийин ага терроризм боюнча айып тагылганы аныкталган.

Президенттер Александр Лукашенко жана Петро Порошенко Киевде жолукканда. 21.7.2017.
Президенттер Александр Лукашенко жана Петро Порошенко Киевде жолукканда. 21.7.2017.

Минскте украин “тыңчысы” кармалды деген билдирүүлөрдү расмий Киев тарап четке кагып, тыңчылык боюнча коюлган доону төгүндөп жатат.

Маселен, Украинанын Коргоо министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү "журналист Павел Шаройко бул мекеменин чалгын башкармалыгынын агенти болчу" деген маалыматтарды “чындыкка шайкеш эмес” деди. Ал эми Минсктеги украин элчиси Игорь Кизим Беларус тарап аларга азырынча эч кандай далил бере электигин айтты. Бирок, беларус КГБсы тыңчылык боюнча далилдер бар деп билдирүүдө:

- Иликтөөнүн алкагында биз анын ишмердиги Беларус Республикасынын кызыкчылыктарына зыян келтиргени боюнча ишенимдүү далилдерге ээ болдук. Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда ал борборго жөнөткөн чалгын маалыматтарынын көчүрмөлөрү дагы табылды. Натыйжада Шаройко өзү да аскердик чалгындын кадрдык офицери экенин, жашыруун иштеп жүргөнүн, аскердик чини полковник экенин моюнга алды, - дейт беларус КГБсынын өкүлү Дмитрий Побяржин.

Беларус тарап ошондой эле Павел Шаройконун “тыңчылык ишине” украин элчилигинин кызматкери жардам бергенин, ал кызматкер өлкөдөн чыгарылганын да кошумчалады.

Аңгыча Украинанын Тышкы иштер министрлиги 20-ноябрда Беларус бийлигине анын коопсуздук кызматы Александр Скуба аттуу дагы бир украин жаранын камакка алганы үчүн түшүндүрмө беришин талап кылып, расмий нота жөнөткөнүн билдирди.

Эки өлкөнүн президенттери Петро Порошенко менен Александр Лукашенко мезгил-мезгили менен жолугушуп, расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келет. Бирок 2014-жылы Орусия Крымды каратып алып, Кремл Украинанын чыгышында "элдик республика" түзгөндөргө колдоо көрсөтө баштагандан бери расмий Минск менен Киевдин өз ара мамилесинде да чыңалуу байкалат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG