Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

20:30 24.2.2022

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный соңку кырдаал боюнча билдирүү таратып, Беларустун аймагынан украин жергесине төрт баллистикалык ракета атылганын кабарлады. Бул тууралуу ал өзүнүн “Фейсбук” баракчасында жазды.

Ал куралдуу күчтөр орус армиясы менен айыгышкан кармашты улантып жатканын, ондогон орусиялык танктар, аскердик учактар жок кылынганын маалымдады.

Мунун алдында Беларустун башында турган Александр Лукашенко алардын аскерлери Украинага жасалган чабуулга аралашпаганын билдирген. Орусиянын аскерлери 10-февралдан бери Беларустун аймагында биргелешкен машыгууларды өткөрүп жаткан.

00:09 25.2.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын оккупациялык күчтөрү Чернобыл атомдук электр станциясын (АЭС) алууга аракет жасап жатышканын билдирди. Бул тууралуу ал “Твиттердеги” баракчасына жазды.

Зеленский 1986-жылкы трагедия кайталанып кетпеши үчүн украин аскерлери жанын берип жатканын, эгер ал жерде кандайдыр бир кырсык орун алса, жалпы Европага кесепети тийерин эскертти.

Мунун алдында Украинанын ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко кооптуу радиоактивдүү заттар көмүлгөн Чернобыл АЭСинин аймагына беларус аскерлери өтүүгө аракет кылып жатканын маалымдаган. Ал “эгер баскынчылар өзөктүк калдык сактоочу жайларды жардырып жиберсе, радиоактивдүү чаңдар Украинанын, Беларустун жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүнүн аймагына тарайт” деп эскерткен.

Ага чейин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный соңку кырдаал боюнча билдирүү таратып, Беларустун аймагынан украин жергесине төрт баллистикалык ракета атылганын кабарлады.

00:10 25.2.2022

Орус куралдуу күчтөрү 24-февралда жасаган чабуулдарынын жүрүшүндө Украинанын кургактыктагы 74 аскердик объектисин иштен чыгарганын билдирди. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Москвадагы атайын басма сөз жыйынында билдирди.

“РИА-Новости” маалымат агенттиги жазгандай, Конашенков айткан объектилердин ичинде 11 Аба-коргонуу күчтөрүнүн аэродрому, 3 командалык пункт, 1 аскердик-деңиз базалык пункту жана 18 зениттик-ракеталык комплекстеринин радиолокациялык пункту бар.

Мурдараак Украинанын бийлиги Орусиянын куралдуу күчтөрүнө таандык танктарды, тик учактарды жана башка аскердик техникаларды жок кылганын маалымдаган.

00:13 25.2.2022

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 24-февралда Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, тараптар Украинадагы абалды талкуулап, Казакбаев президент Садыр Жапаровдун кырдаалды тынчтык, дипломатиялык жол менен жөнгө салуу зарылдыгын белгилегенин айтты.

Казакбаев менен элчи эки тараптуу алаканы да талкуулап, 2022-2025-жылдары Кыргызстан менен Британиянын ортосундагы кызматташуу боюнча жол картанын долбоорун эртелетүү жөнүндө баарлашты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG