Бейшемби күнү кечинде Орусия Кара деңиздин жээгиндеги Одесса шаарына сокку уруп, андан үч өспүрүм жарадар болду.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча дрон чабуулунун кесепетинен инфратүзүмгө, бир нече турак жайга жана коммерциялык имараттарга зыян келтирилип, өрт тутанды. Өндүрүш ишканалары, автоунаалар жабыркаганы да маалымдалды.
"Биз эч нерсе кыла алган жокпуз. Баары күйүп жатканда жөн гана туруп бердик. Мен кимге жардам сурап кайрылышты билген жокмун. Бул жерде биздин кардарлардын автоунаалары токтоп турган эле", - деди шаар тургундарынын бири.
Чехиянын президенти Петр Павел Орусиянын түнкү чабуулу учурунда Украинанын Одесса шаарында болгонун жума күнү украин бийлиги билдирди.
Одесса облусунун жергиликтүү бийлиги чех президенти бейшемби күнү Кара деңиздеги портко барганын маалымдады.
"Белгилей кетчү нерсе чех президенти менен жолугушуубузда душман Одесса облусуна кайрадан жапырт чабуул жасады. Бул бүткүл дүйнөгө дагы бир эскертүү: согуш уланууда, Украина күрөшүн улантууда", - деп жазды Одесса облусунун губернатору Олег Кипер Телеграмм каналына.
Орусия далай далилдерге карабастан Украинада жайкын тургундарга сокку урганын четке кагып, аскердик жайларды гана бутага аларын билдирип келет.
Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп жакын арада Киев менен Вашингтон сейрек кездешүүчү минералдар жана табигый ресурстар боюнча келишимге кол коёрун билдирди. Трамп 20-мартта Ак үйдө журналисттерге берген маегинде Украинадагы тынчтык келишимине жетишүү боюнча аракеттер "жакшы жүрүп жатканын" айтты.
"Бир нече мүнөт мурун маанилүү минералдарды жана сейрек кездешүүчү элементтерди өндүрүүнү кескин көбөйтүү боюнча буйрукка кол койдум. Бул биздин өлкөнүн алкагында чоң иш. Белгилүү болгондой, биз дүйнө жүзү боюнча сейрек кездешүүчү пайдалуу кендерди ачуу үчүн ар кандай жерлерде келишимдерге кол коюп жатабыз. Биз Украина жана Орусия боюнча жакшы ийгиликтерге жетишип жатабыз. Ошондой эле жакын арада Украина менен сейрек кездешүүчү кен байлыктар боюнча келишимге кол коёбуз"
Киев менен Вашингтон февраль айынын башында Украинанын стратегиялык минералдык ресурстарын өнүктүрүү боюнча кеңири келишим түзүүнү макулдашкан. Бирок 28-февралда Ак үйдөгү Трамп менен Зеленскийдин катуу кайым айтышуусунан кийин бул келишимге кол коюлбай калган.
Орусия түн ичинде "Шахед" үлгүсүндөгү 171 дрон менен чабуул койгонун Украинанын Аскердик аба күчтөрү билдирди.
Маалыматта 75 дрон атып түшүрүлүп, 63ү бутага жетпей жок болгону жазылган.
Кол салуудан Кировоград, Сумы жана Донецк облустары зыян тартканы кабарланды.
Орусиянын Саратов облусундагы Энгельс шаарында дрон чабуулунан оорукананын имаратына зыян келтирилип, бир киши жараат алганын аймактын губернатору Роман Бусаргин билдирди. Терезелери сынган оорукананын видеосу Telegram каналдарга жарыяланды.
Губернатор кийинчерээк чабуулдан дагы бир тургун жабыркаганын айтты. Соколовая Гора аймагындагы жер тамда өрт чыкканын билдирди. Энгельс шаарында 30дан ашык турак жай жабыркаганы айтылды.
Украин маалымат каражаттары геолокация маалыматтарына таянып, "Энгельс-2" аскердик аэродромунун кампасы бутага алынганын жазып жатат. Кийинчерээк губернатор Бусаргин аэродромдо өрт чыкканын ырастады, бирок кайсы аэродром экенин тактаган жок, жакын жашаган эл эвакуацияланып жатканын айтты.
Дрон соккусунан улам Саратов жана Самара аэропортторунда иш убактылуу токтотулду.
Украинанын Кировоград облусунун Кропивницкий шаарына Орусиянын дрон чабуулунан сегиз киши жараат алды. Анын бири бала. Бул тууралуу Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
«19-мартка караган түнү орусиялыктар Кропивницкийге учкучсуз учак менен сокку урду. Кол салуу жарандык инфраструктуранын талкаланышына алып келди. Турак жайлардын терезелери сынып, балкондор талкаланган», — деп жазылган маалыматта.