Орусиялык аскерлердин ишембиге караган түнү Украинанын борбору Киевге жасаган чабуулунан бери дегенде үч адамдын өмүрү кыйылды.
Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченконун билдиришинче, чабуулга Шевченко району кабылган.
Жергиликтүү айрым басылмалар имараттын жана машинанын өрттөнүп жатканы тартылган видеолорду жарыялашты. Мэр Виталий Кличко сокку адам жашабаган имаратка урулганын, жакын турган үйдүн айнектери сынганын, метрого кирчү өтмөк жабыркаганын маалымдады.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги ишембиге караган түнү 46 дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Ага ылайык, учкучсуз аппараттар Брянск, Курск, Калуга, Тула, Белгород жана Воронеж облустарын мээлеп учурулган.
Буга чейин Тула жана Калуга облустарынын губернаторлору өздөрүнүн аймактарында дрондор менен күйүүчү май сакталган объекттерге чабуул жасалганын билдиришкен.
Мындай соккудан улам Воронежде шаршемби күнү кечинде мунай базасында ири өрт чыккан.
Орусия Украинага бастырып кирген үч жылга жакын убактан бери орусиялык армия Украинанын энергетикалык жана газ инфратүзүмүнө утур сокку уруп келет. Киев ага жооп иретинде Орусиянын инфратүзүмүнө (өзгөчө мунай базаларына) ракета, дрон менен чабуул коюп жатат.
Украинада Орусиянын соккусунан 17-январда бир адамдын өмүрү кыйылды. "Азаттыктын" украин кызматы жазгандай, Херсон облусунун Антоновка айылында аялдамада автобус күтүп турган киши каза болду.
Облустук администрация башчысы Александр Прокудин билдиргендей, бул аймак жума күндүн таңында орус аскерлеринин дрон чабуулуна кабылды. Үйлөр талкаланып, кеминде жети киши жараат алды.
Жалпысынан, Украинанын Куралдуу күчтөрү 17-январга караган түнү Орусия согуштук дрондордон тышкары ракеталарды колдонгонун маалымдады. "Искандер-М" баллистикалык ракеталарынан экөө, Shahed дрондорунан 50сү учурулганы, бутага Полтава, Сумы, Харьков, Черкассы, Чернигов, Киев, Хмельницкий, Днепропетров, Запорожье, Николаев жана Одесса облустары алынганы белгилүү болду.
Орусия Украинага каршы 2022-жылы февралда ачкан согушун "атайын аскердик операция" деп атаган жана анын аскердик объектилерин гана бутага алып жатканын айтып келет. Украин бийлиги орусиялык аскерлердин соккусунан жарандары курман болуп, социалдык инфраструктурасы кыйрап жатканын билдирүүдө.
15-январда эртең менен Орусиянын ракеталык чабуулунан улам Украинада электр энергиясына чектөө киргизилгенин өлкөнүн энергетика министри Герман Галущенко билдирди. Маалыматка караганда, электр энергиясы Харьков, Сумы, Полтава, Запорожье, Днепропетровск жана Кировоград облустарында өчүрүлдү.
Львов облусунда энергетикалык инфраструктура чабуулга кабылды. Львов шаарынын мэри Андрей Садовой "душман таңкы чабуулу учурунда канаттуу ракета колдонгону аныкталганын" жазды.
Облустук администрациянын башчысы Максим Козицкийдин айтымында, Дрогобыч жана Стрый шаарларында эки маанилүү инфраструктуралык объектиге сокку урулду. Скнилов айылында бир турак жай жана чарбалык курулуш кыйрады. Жергиликтүү бийлик тургундар арасында жабыркагандар жок экенин билдирди.
Ивано-Франковск аймагында да маанилүү инфраструктуралык объектилер бутага алынды. Жергиликтүү бийлик жабыркагандар жок экенин билдирди.
Кировоград облусунда дрон бир нече турак жайга кулап, имараттар жабыркады.
Орусия бул чабуулдар тууралуу комментарий берген жок.
Орусиянын жергиликтүү бийликтери жана маалымат каражаттары шейшембиде эртең менен украиналык дрондор Казан, Саратов жана Энгельс шаарларына чабуул койгонун, өнөр жай ишканаларында өрт тутанганын кабарлашты. “Свобода” радиосунун жазганы боюнча, Татарстандын башкалаасында “Газпромдун” суюлтулган газ базасын өрт чалды. Astra видеодон ал жердин геолокациясын аныктай алды.
Маалыматка караганда, базадагы үч цистерна күйгөн. Татарстандын бийлиги украиналык дрондордун соккусунан газ цистернасы өрттөнгөнүн, өрт өчүрүлгөнүн, эч ким жабыркабаганын билдирди.
Ага чейин жергиликтүү жашоочулар жана телеграм-каналдар "Казан Оргсинтез" заводундагы ири өрт тууралуу кабарлашкан. Шаардын диспетчердик кызматы ал маалыматты бышыктаган жок.
Казандагы аэропорттун иши убактылуу чектелди. Росавиация Пенза, Ульяновск, Калуга, Тамбов жана Саратов шаарларына айрым каттамдар аткарылбай турганын эскертти.
Ал эми Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргиндин жазганына караганда, эки өнөр жай ишканасы жабыркады. Бирок кеп кайсы жайлар тууралуу жүрүп жатканы айтылган жок.
Жергиликтүүлөр Энгельс шаарында мунай базасын өрт чалганын "Осторожно, новости" каналына айтып беришти. Ал жай 8-январда да бутага алынып, өрт беш күндөн кийин гана өчүрүлгөн.
Саратов шаарында мунай иштетүүчү заводго чабуул коюлган болушу мүмкүн. Калаа тургундары түнкү өрт тартылган видеону социалдык тармактарга жарыялашты. Анда "Саратов мунай иштетүүчү заводу, 14-январдагы соккудан кийин. 2025-жыл” деген добушту укса болот.
Маалыматтарга караганда, Орлов, Тула жана Ростов облустары украиналык пилотсуз учактардын чабуулуна туш болду. Жабыркагандар тууралуу айтылган жок.
Ал арада шейшембиге караган түнү орус армиясы Украинанын жер-жерлерине сокку урганы, жабыркагандар жана кыйроолор бар экени кабарланды.