АКШнын президенти Жо Байден Ак үйдөн кетер алдында тышкы саясатынын жыйынтыгын чыгарды. Анын айтымында, Кошмо Штаттар экономикалык жана аскердик жактан кыйла кубаттуу болуп калды, Орусия жана Кытай өңдүү ири атаандаштардан мурдагыдан да озуп кетти.
Байден Украинадагы согушка көп көңүл бурду.
“Путин Украинага басып киргенде, Киевди бир нече күндүн ичинде алат деп ойлогон. Бирок согуш башталганда, Киевдин борборунда ал эмес, мен турдум. Путин ал жакта жок болчу”, - деп айтты америкалык лидер.
Байден 2021-жылы кызматка киришкенде, ага чейинки президент Дональд Трамптын тушунда начарлаган европалык өлкөлөр менен мамилелерди оңдоого, Орусияга эмес, Кытайга көбүрөөк көңүл бурууга аракеттенген.
Бирок Москва кошуна өлкөсүнө каршы согуш баштап, АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган уюм ХАМАС Израилге кол салып, Газада куралдуу жаңжал тутангандан кийин Вашингтон тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарды өзгөртүүгө аргасыз болду.
Байден НАТОнун кеңейтилип, бекемделишин, Украинага колдоо көргөзүлгөнүн өзүнүн жетишкендиктери катары санады.
Президент АКШнын коргонуу өнөр жайынын пайдубалын жаңыдан бекемдеп, ал тармакка 1,3 триллион доллар инвестиция салганын белгиледи.
“Америка кайрадан лидер болду”, - деп айткан Байден эмки администрацияны ошол лидерлик абалды сактап калууга чакырды.
Бир нече сааттан кийин берген интервьюсунда жаңы шайланган президент Байдендин сөзүн “Бул коркунучтуу төрт жыл болду” деп комментарийледи.
Трамптын инаугурациясы 20-январда өтөт.
12-январда Түштүк Корея украин күчтөрү Түндүк Кореянын эки аскерин туткунга алганын ырастады. Сеул туткундардын бири "Украинага каршы согушка эмес, машыгууга бара жатканын" айтканын билдирди. Булар Түндүк Кореянын украиндерге туткунга түшкөн алгачкы аскерлери экенин белгиленди.
Украинанын Коопсуздук кызматы 11-январда тараткан тасмадан туткунга түшкөн эки адам тең жараат алганын көрүүгө болот.
Атын атагысы келбеген дарыгер туткунга алынгандардын бири жаагынан жараат алса, экинчисинин буту сынганын билдирген.
Украинанын Коопсуздук кызматы туткунга түшкөн аскерлер түндүк кореялыктар экенин жана алар сурак берүү үчүн Киевге жеткирилгенин билдирди.
Видеодо көрсөтүлгөн адамдардын жайгашкан жерин, кармалган датасын көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн болгон жок.
12-январда Түштүк Корея Украина күчтөрү Түндүк Кореянын эки аскерин туткунга алганын ырастады.
"Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматы Украинанын чалгын кызматы менен кызматташуу аркылуу украин аскерлери 9-январда Орусиянын Курскидеги согуш талаасында түндүк кореялык эки жоокерди туткунга алганын тастыктады", - деп айтылат Сеулдун билдирүүсүндө.
Сеул туткундардын бири "Украинага каршы согушка эмес, машыгууга баратканын" айтканын билдирген. Ошондой эле маалыматта туткундардын бири украин күчтөрү тарабынан колго түшүрүлгөнгө чейин "төрт-беш күн тамак-ашсыз жана суусуз жүргөнү" белгиленген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский ишембиде социалдык тармактагы баракчаларында Түндүк Кореянын эки аскери туткундалганы тууралуу маалыматты ырастаган.
Зеленскийдин маалыматында, жарадар жоокерлер Курск облусундагы согушта туткунга түшкөн, Киевге жеткирилип, алар менен украин Коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү иштеп жатат.
"Бардык эле туткунга түшкөн жоокерлер сыяктуу эле буларга да тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Түндүк кореялык туткундардын журналисттер менен сүйлөшүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү тапшырдым. Дүйнө эмне болуп жатканын көрүүгө тийиш", - деди ал.
Украин президенти десантчы жана атайын операциянын аскерлерине эки жоокердин туткундалышы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал муну татаал операция деп атап, "адатта орус жана Түндүк Кореялык башка аскерлер жарадар болгон жоокерлерин далил калтырбаш үчүн жок кылышат", - деп жазды.
Владимир Зеленский билдирүүсүнө эки сүрөттү кошо тиркеген. Анын биринде 26 жаштагы эркекке Орусиядагы Тыва республикасынан берилген аскер билети тартылган.
Украин аскерлери колго түшүргөн Түндүк Кореянын жоокеринин жанынан Тыва республикасынын 26 жаштагы жараны Антонин Аранчындин аскер билети табылган. "Агентство. Новости" басылмасы маалымдагандай, документтер Антонин Аранчын Тыва Республикасынын жараны, 1998-жылы туулган деп көрсөтүлгөн.
Түндүк Кореянын туткунга түшкөн экинчи жоокеринин жанында документи болгон эмес. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Орусия согушка Түндүк Кореянын аскерлери катышып жатканын жашыруу максатында жасалма документтерди, анын ичинде Монголия менен чектеш Тыванын тургундарынын атынан документ берип жатканын жазышкан.
Украин Коопсуздук кызматынын маалымдашынча, Түндүк Кореянын аскерлеринин бири 9-январда кармалган. Алар корей тилинен башка бир да тилде сүйлөй албай турганы, Түштүк Кореянын чалгын кызматынын жардамы менен котормочу аркылуу сурак берип жатышканы кабарланды. Булар Түндүк Кореянын украиндерге туткунга түшкөн алгачкы аскерлери экенин белгиленди.
"Рёнхап" агенттиги жыл тогошор алдында Түштүк Кореянын чалгын кызматы украиндер түндүк кореялык жоокерди туткунга алганын ырастаганын жазган. Агенттик Украинадагы согушта Түндүк Кореянын 1100 жоокери набыт болгонун маалымдаган. Бирок расмий тастыктоо болгон эмес.
Былтыр жыл соңунда АКШнын администрациясынын улуттук коопсуздук боюнча өкүлү Жон Кирби журналисттерге Түндүк Кореянын аскерлеринин фронтто оор жоготууларга учураганын, бир жумада Курск аймагында миңдей түндүк кореялык аскер каза болуп же жараат алганын билдирген.
"Орусиялык жана Түндүк Кореянын аскер жетекчилери бул аскерлерди курмандык катары карап, аларга Украинанын коргонуусуна үмүтсүз чабуулдарды жасоого буйрук берип жатканы анык", - деген Кирби.
Буга чейин Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматы Орусия тарапта согушуп жүрүп украин армиясы туткунга алган түндүк кореялык аскер набыт болгонун билдирген. Расмий Сеул билдиргендей, бир нече жума ичинде Орусиядагы аскердик аракеттерге аралашкан 1100дөй түндүк кореялык аскер набыт болгон же жараат алган. Набыт болгондор арасында генерал да бар экени айтылган.
23-декабрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияга жиберилген түндүк кореялыктардын чейрек бөлүгү же 3 миңдей киши набыт болуп же жараат алганын айткан."Эркин Европа/Азаттык" радиосу бул сандар канчалык реалдуу экенин бышыктай алган жок.
Түштүк Кореянын чалгын кызматы Пхеньян Орусияга кошумча жоокерлерин жана аскер техникаларын жиберүүгө даярданып жатканын билдирүүдө. Эксперттердин баамында, Пхеньян Орусиянын талаптарына ылайык курал-жабдык өндүрүшүн күчөткөн.
Германиянын коргоо министри Борис Писториус Der Spiegel басылмасынын канцлер Олаф Шольцтун администрациясы Украинага 3 млрд евролук аскердик жардамды бөгөттөгөнү тууралуу маалыматын төгүндөдү.
Мурдараак "жашылдар" канцлер Шольцту шайлоо алдында "жоопкерчиликсиз жүрүшү үчүн" айыпташкан. Алар канцлердин администрациясы тышкы иштер министри Анналена Бербоктун Борис Писториус менен чогуу иштеп чыккан Украинага кошумча аскердик жардам долбоорун бөгөттөдү деп билдиришкен.
"Эч кандай бөгөт жок. Коргоо министрлигинде Украинага жаңы аскердик жардам даярдалды. Бирок немис өкмөтүндөгү ички макулдашуу жараяндары аягына чыга элек", - деп билдирди Писториус Tagesspiegel басылмасына. Олаф Шольцтун партиялашы оң чечим болоруна ишеничин кошумчалады.
Süddeutsche Zeitung басылмасы Коргоо министрлигинен Украинага берилүүчү аскердик жардам тууралуу документтерди алган. Анда абадан коргонуучу үч Iris-T SLS/SLM системалары, "Пэтриот" деп аталган башкарылуучу ракеталар, үч Skyranger системалары, 30 миң артиллериялык куралдар, 20 зооттолгон унаа, 10 гаубица жана ошондой эле дрон сатып алууга 50 млн евро бөлүнгөн.
Басылма жазгандай, Шольцтун администрациясы Украинага жардам мурда пландалгандай, өз мөөнөтүндө берилип жатат деп эсептейт. Киев мурда Батыштагы өнөктөштөрүнөн берилген 50 млрд евролук аскердик жардамдын эсебинен курал-жарак сатып ала алат.
Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган. Бул аралыкта Киевге АКШ жана Батыш өлкөлөрү ондогон миллиард долларлык аскердик жардам берип келди. АКШ Украинага дагы 5,9 млрд доллар аскердик жардам көрсөтөрүн президент Жо Байден 2024-жылдын 30-декабрында билдирген.
12-январда Түштүк Корея Украина күчтөрү Түндүк Кореянын эки аскерин туткунга алганын ырастады. Бир күн мурда Украинанын президенти Владимир Зеленский анын коопсуздук кызматы Орусиянын Курск аймагында кармалган эки согушкерди суракка алып жатканын кабарлаган.