Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53
Украина, Депропетровскидеги чабуулдан кийинки өрт өчүрүү аракети
Украина, Депропетровскидеги чабуулдан кийинки өрт өчүрүү аракети

Украина: Никополдогу базарга сокку урулду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:55 29.11.2024

29-ноябрга караган түнү орус армиясы Украинаны пилотсуз учактар менен аткылаганда Одесса облусунда жети киши жарадар болду. Бул тууралуу аймактын аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер маалымдады.

Анын айтымында, жараат алган төрт киши ооруканага жаткырылды, бир аялдын абалы оор, үчөөнө жеринде жардам көргөзүлдү. Соккудан облуста 13 турак жайга, чарбалык курулуштарга, газ түтүгүнө жана автомашинага зыян келтирилди.

Украинанын башкы прокурорунун кеңсеси Одессанын порт жана транспорт инфраструктурасы бутага алынганын билдирди. Буга байланыштуу согуш мыйзамдарын жана салттарын бузуу фактысы боюнча иликтөө башталды.

Жумага оогон түнү Киевге да сокку урулду. Мамлекеттик чукул кырдаалдар кызматы маалымдагандай, Днепр районундагы балдар бейтапканасынын кире бериши жарым- жартылай урап, терезелери күбүлүп түштү. Жараат алган кароолчу ооруканага жеткирилди.

Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко ошол эле райондо көп кабаттуу үч үй зыян тартканын, бир киши жабыркаганын жазды.

Украинанын Аба күчтөрү 29-ноябрга караган түнү Орусия 132 дрон менен чабуул койгонун билдирди. Жергиликтүү саат 9.00го карай 88 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнү кабарланган.

Орусия украин аймагын, энергетикалык, жарандык инфраструктураны, турак үйлөрдү тынымсыз аткылап, далилдерге карабай аскердик жайларды гана бутага алганын айтууда.

16:01 29.11.2024

Орусиянын Ростов облусундагы Каменск районунда украин дрондорунун түнкү чабуулунан кийин "Атлас" мунай базасы күйүп жатканын “Свобода” радиосу геолокацияга таянып тактады.

Ишкана орус армиясын күйүүчү май менен камсыздап турат.

Украиналык учкучсуз учактар ошол эле базага 3- жана 28-августта да сокку урушканы кабарланган.

Өрттүн сүрөттөрүн Astra жана Baza Телеграм-каналдары чыгарышты. Күбөлөр анын алдында жарылуунун добушу угулганын айтышууда.

Аймактын губернатору Юрий Слюсардын айтымында, өрттү өчүрүүгө 100дөн ашуун киши жана 38 даана техника катышууда.

Расмий билдирүүдө база эмес, өнөр жай объектисинде өрт чыкканы айтылган.

Сөз болгон район Украинанын орус аскерлери басымдуу бөлүгүн басып алган Луганск облусу менен чектешет.

Орусиянын Коргоо министрлиги жума күнү Ростов, Краснодар, Белгород, Брянск жана Воронежде, аннексияланган Крымда украиналык 47 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Киев бийлиги жана куралдуу күчтөрү түнкү чабуулдарды комментарийлеген жок.

Ал тапта орус армиясы Украинаны тынымсыз аткылап, жумага караган түнү Одесса облусунда жети киши жарадар болду.

Киевде дрон соккусунан балдар бейтапканасынын имараты зыян тартты.

Орусия кыштын жакындашы менен кошуна өлкөсүнүн энергосистемасын бутага алууда.

12:17 28.11.2024

Украина жапырт аба чабуулуна кабылды

28-ноябрда эртең менен Украинанын бир катар аймагы орусиялык күчтөрдүн аба чабуулуна кабылды. Өлкө боюнча коопсуздук сигналдары үзгүлтүксүз жаңырууда.

Украиналык Аба күчтөрү саат 6:00 чамасында бир нече облуска ракеталар жана дрондор учуп келаткандыгын жарыялашты. Атап айтканда, Винница, Харьков, Бердичев, Хмельницкий, Красилов, Стрый (Тернополь облусу), Ровно облусу жана Волынь аймактары аталды.

Саат 6:00дөн кийин Харьков шаары үч ирет аба чабуулуна дуушар болду. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чабуулдар жөнүндө кеңири маалымат берди:

Облустук мамлекеттик администрациянын төрагасы Олег Синегубов: "Үч чабуул тең Харьковдун Киев районуна жасалды. Учурда адам өмүрү кыйынлган жок” деп билдирди.

Шаар башчысы Игорь Терехов болсо: "Алдын ала маалыматка ылайык, бардык чабуулдар Харьковдун Киев районундагы бир жарандык ишкана аймагына жасалды", - деп түшүндүрдү.

Учурда Украинанын бүтүн аймагы Орусиялык аскерлердин сокку уруучу дрондорунун жана ракеталарынын массалык аба чабуулуна дуушар болууда.

13:26 27.11.2024

Украина 27-ноябрга караган түнү да Орусиянын дрон чабуулуна кабылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Алардын айтымында, жайкын тургундар арасында жабыркагандар бар.

Киев облустук аскердик администрациясынын маалыматына караганда, атып түшүрүлгөн дрондордун сыныктары борбор калаанын Днепровский районунун аймагына түшүп, кеминде бир киши жараат алды. Аны ооруканага жеткиришти.

Жалпысынан жабыркагандар үч киши деп эсептелип жатканы, алардын экөө медициналык жардамга муктаж экени маалымдалды. Бул тууралуу Киев мэри Виталий Кличко билдирди.

Ал эми Запорожье облусунда, аймактын башчысы Евгений Балицкий маалымдагандай, электр зымдары үзүлүп, жалпы облус жарыксыз калды, азыр адистер калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат, негизги маанилүү объектилер генераторго туташтырылды.

Кечээ Украина Орусиянын "рекорддук сандагы" дрон соккусуна кабылганын билдирген. "Искандер-М" ракеталарынан төртөө, согуштук дрондордон 188и колдонулганы, алардын 76сы 16 облус аймагында, анын ичинде Киев облусунда атып түшүрүлгөнү маалымдалган. Борбор калаада абадан эскертүү беш саат уланган. Дрон сыныктарынан үйлөр, электр зымдары талкаланган. (

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG