Орусия бүгүн 21-ноябрда Украинанын аймагына жапырт ракеталык чабуул койгонун украин Куралдуу күчтөрү жана аймактык жетекчилер кабарлоодо. Кеминде эки облус бутага алынганы, ракета коркунучу тууралуу эскертүү бир нече саат бою угулуп турганы маалымдалды.
Континент аралык баллистикалык ракета колдонулган соккусун орус тарап Украина Улуу Британиядан алган Storm Shadow ракеталары жана АКШда жасалуучу ATACMS системалары менен Орусиянын аймагын бутага алганы тууралуу маалымат чыгып жаткан чакта урду.
21-ноябрда орус аскерлери Украинанын түштүк-чыгышындагы маанилүү өнөр жай аймагы Днепропетровск облусуна, анын борбор калаасы Днепрге чабуул койду. Баллистикалык ракетадан тышкары Х-47М2 "Кинжал" ракетасын, ошондой эле Х-101 канаттуу ракеталарынан жетини учурду.
Украинанын абадан коргонуу күчтөрү Х-101 ракеталарынан алтоону атып түшүрүшкөнү маалым болду.
Облус башчысы Сергей Лысак Орусиянын эң оор соккусу бүгүн ушул облуска туш келгенин, бир нече өнөр жай объектиси талкаланып, эки жерде өрт чыкканын айтты.
Ал эми Полтава облусунда Кременчуг шаарында жарылуу болгону кабарланды.
Орусия Украинанын аймагын учкучсуз учактар менен дээрлик күн сайын бутага алып келди. 21-ноябрда алгачкы жолу куралдын мындай түрү колдонулбаганы маалымдалды.
2022-жылы согуш ачкан Москва эгер Украина Батыштагы өнөктөштөрүнөн алган алыскы аралыкка атуучу куралын Орусияга каршы колдоно турган болсо кырдаал курчушу ыктымал экенин эскерткен.
Киев орус бийлигин Украинага каршы агрессиясын мажбурлап гана токтотсо болорун айтууда.
Bloomberg: Украина Storm Shadow менен Орусияга сокку урду
Агенттик атын атабаган өкүлгө шилтеме берип, жарылуу кайда болгонун тактаган жок. Сокку тууралуу маалымат бүгүн орусиялык жана украиналык телеграм-каналдарда пайда болду. Анда сокку Орусиянын Курск облусунда жайгашкан жер астындагы командалык пунктуна урулганы жазылган.
Storm Shadow ракеталарын украин аскерлерине берген Британиянын бийлиги расмий комментарий бере элек. Бирок британ басылмаларында Лондон Киевге бул ракеталар менен орусиялык аймакка сокку урууга уруксат бергени тууралуу маалымат пайда болду. Буга чейин Storm Shadow Орусия оккупациялап алган украиналык аймактарга сокку уруу үчүн колдонулган.
Буга чейин АКШ ATACMS баллистикалык ракетасын колдонууга уруксат бергени тууралуу маалымат чыкты. Орусиянын Коргоо министрлиги шейшемби күнү Брянск облусуна ушундай алты ракета менен сокку урган.
АКШнын Украинадагы элчилиги авиа соккуга кабылышы ыктымалдыгы тууралуу "конкреттүү маалымат" алгандыгына байланыштуу 20-ноябрь күнү убактылуу жабык болот.
Элчилик Киевдеги кызматкерлерине жана бул шаардагы жалпы америкалык жарандарга кайрылып, эгер абадан коркунуч жаралганы тууралуу эскертүү берилсе дароо коопсуз жерге баруу керектигин эскертти.
Билдирүүдө "Коопсуздук маселесинен улам элчилик жабык болот, элчиликтин кызматкерлерине каерде болсо, ошол жерде болуу тапшырмасы берилет", — деп гана айтылды, андан башка эч кандай маалымат берилген жок.
20-ноябрда эртең менен Украинанын бир нече аймагында, анын ичинде борбор калаа Киевде орусиялык учкучсуз учактардын чабуулу тууралуу эскертүү берилди. Shahed дрондору улам бир толкун менен учурулуп жатканы, бутага Житомир, Чернигов, Полтава, Черкасск, Харьков жана Сумы облустары да алынганы кабарланууда.
Украина менен Орусия 20-ноябрга караган түнү жана эртең менен бири-биринин аймагына дрон чабуулу жасалганын билдиришти.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия 122 согуштук дрон жана С-300, Х-59/69 ракеталары менен сокку урду. Дрондордун 56сын атып түшүрүүгө үлгүрүштү. Бутага Киев, Черкасск, Чернигов, Полтава, Кировоград, Житомир, Хмельницкий, Сумы, Николаев, Херсон, Запорожье, Днепропетров, Донецк жана Харьков облустары алынды.
Киев облусунда, аскердик администрация башчысы Руслан Кравченконун айтымында, дрондун сыныгы түшкөн жерде мектеп, бала бакча, дүкөн жана айыл чарба техникасы талкаланды.
Орусиянын Коргоо министрлиги тогуз облусунда жалпысынан 44 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Аймак башчылары мындан тышкары дагы 11 дрон кармалганы тууралуу айтышты. Сокку Новгород, Курск, Орел, Белгород, Тула, Тверь, Брянск, Москва жана Смоленск облустарынын аймагына урулду.