Орусия президенти Владимир Путин 19-ноябрда өлкөнүн өзөктүк доктринасын жаңылоо жана кеңейтүү тууралуу жарлыкка кол койду. Анда өзөктүк курал эгер "аскердик-космостук кол салуу каражаты жапырт старт алганы тууралуу так маалымат" болсо жана эгер ал Орусиянын чек арасынан өтө турган болсо, колдонулушу ыктымал экени белгиленди.
Өзөктүк куралы жок кайсы бир өлкө ошондой куралы бар башка өлкөнүн катышуусу же жардамы менен Орусияга каршы агрессия көрсөтө турган болсо, орус бийлиги муну "алардын биргелешкен кол салуусу" катары карай турганы айтылды. Бирок куралдын мындай түрү ошондой учур жаралса, дароо колдонулабы же жокпу, так жазылган жок.
Орусия мындай кадамын АКШ президенти Жо Байден Украинага америкалык курал менен орус аймагына атууга уруксат бергени кабарланып жаткан чакта жасады.
Байден Украинага АКШ берген алыскы аралыкка атуучу тактикалык ракеталык комплексин (ATACMS) колдонууга уруксат бергени 17-ноябрда кабарлана баштаган. Азырынча бул боюнча расмий маалымат бериле элек. ATACMS атуу радиусу 300 чакырымды түзөт.
Орусия өзүнүн өзөктүк доктринасын кайра карап чыгары быйыл 25-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында жарыялаган. Ошол учурда Украинага Орусиянын алыскы аймактарына сокку урууга уруксат берүү маселеси талкууланып жаткан.
Украина чек арадагы Сумы аймагындагы Глухов шаарында Орусиянын 19-ноябрга караган түнкү дрон соккусунан каза болгондор 10го жеткенин билдирди. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, өмүрү кыйылгандардын бири бала экени белгилүү болду.
Жогорку окуу жайлардын биринин жатаканасы кыйрады. Жараат алгандар 13 киши, алардын үчөө балдар.
Украин президенти Владимир Зеленский мындай соккулар Орусия башчысы Владимир Путиндин "чыныгы ниети" кандай экенин көрсөтүп турарын айтып:
"Ал согуштун уланышын каалайт. Тынчтык тууралуу сөздөр ал үчүн кызыксыз. Орусияны калыс тынчтыкка күчтөп гана келтирүү керек", – деп белгиледи.
Шейшембиге караган түнү Орусия Украинанын аймагына Shahed согуштук дрондорунан 87ни учурганын, алардын 51и Черкассы, Чернигов, Киев, Полтава, Житомир, Сумы, Николаев, Запорожье жана Харьков облустарынын аймагында атып түшүрүлгөнүн украин Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик-аба күчтөрү маалымдады.
Орусия чек арадагы Глухов шаарына жасалган чабуул боюнча комментарий берген жок.
18-ноябрда Одессада үйлөр жайгашкан районго баллистикалык ракета түшүп, кеминде 10 адамдын өмүрү кыйылган, дагы 50 чакты киши жараат алган.
Бүгүн Орусия Украинага толук масштабдуу согуш ачканына туура 1000 күн болду.
Орусиялык дрон Сумы облусундагы жатаканага түшүп, тогуз адам каза тапты
Сумы облусундагы Глухов шаарына эки "Шахед" дрону чабуул койду. Алардын бири жатаканага тийип, имараттын бир подъезди талкаланды. Учурда ондогон адам каза таап, 11и жарадар болгон. Урандыларды тазалоо иштери жүрүп жатат.
Украинанын аскер күчтөрү Брянск облусундагы Карачев шаарындагы курал кампасына сокку урду
Украин аскерлери 12 жолу кайталанган жарылуу болгонун билдиришти. Украин журналисти жана аскер кызматкерлери Юрий Бутусов сокку АКШ уруксат бергенден кийин ATACMS ракеталары менен урулган. Маалыматты көз карандысыз жактардан тактоого мүмкүн болгон жок.