Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды, Курахов багытында кармаш жүрүп жатат

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

10:27 28.9.2024

Financial Times: УАК согушка жаңы баргандарды көбүрөөк жоготууда

Британиялык Financial Times украиналык командирлер менен бир канча маектер камтылган макала жарыялады.

Алар басылмага УАКка жаңы алынгандарга аскердик билим жетпей жатканын, көбү ок атылганда эле өзүн жоготуп, элеңдеп калганын айтышкан Украин армиясындагы жөө аскерлердин орточо жашы 45те.

"Аларга чыдамкайлык, тажрыйба жана машыгуу жетпей жатат. Айрымдары курал менен иштегенди билбейт. 50дөн 70% чейин жаңы алынгандар бир канча күн өтпөй эле каза таап, жарадар болушууда", - деген УАКтын офицерлердин бири Financial Times басылмасына.

Басылманын иаектештеринин биринин айтымында, украин армиясы жоготуулардан кийин айрым багыттардан чегинүүдө.

10:06 28.9.2024

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушканда ноябрдагы шайлоодо жеңип чыкса Украинадагы согушка чекит коюу үчүн "эки тарап менен тең иштерин" билдирди. Ал Украинадагы кырдаалды "тез эле чечип койсо болот" деп ишенет.

"[Зеленский] менен алакаларым абдан жакшы, ошондой эле, өзүңөр билгендей президент [Владимир] Путин менен да жакшы мамиледемин", - деди Трамп 27-сентябрда Нью-Йорктогу жолугушуу өткөн Trump Tower комплексинде туруп.

Буга чейин бир катар америкалык маалымат каражаттары экөөнүн жолугушуусу болбой калышы мүмкүн деп боолгошкон. Буга Зеленскийдин The New Yorker басылмасына Трамп "чындыгында согушту кантип токтотушту билбейт" деп айтканы түрткү болгон. АКШнын экс-президенти буга жооп катары Киев согушту токтотуу үчүн "макулдашууга барышы керек" экенин айткан.

Зеленский Трамп менен учурашып жатып, "Украинадагы согушту токтотуу керек экени жана Путин аны жеңе албастыгы тууралуу бир пикирдебиз деген ойдомун",- деди.

26-сентябрда Зеленский Ак үйдө АКШ президенти Жо Байден жана вице-президент Камала Харрис менен жолуккан. Харрис учурда демократтардын атынан президенттикке ат салышып жаткан Трамптын башкы атаандашы.

12:20 27.9.2024

Орусиянын соккусунан Измаилде үч адам каза болду

27-сентябрда таңга жуук Орусия Измаилге (Одесса облусу) ири сокку уруп, үч адам каза болуп, дагы 11 киши, анын ичинде бир бала жаракат алды. Бул тууралуу Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирди.

«Орусиялыктар биздин аймактын түштүгүнө сокку уруучу дрондорду учурушту. Абадан коргонуу күчтөрүнүн иши узак жана чыңалуу менен өттү. Тилекке каршы, чабуулдан үч адам: 1934-жылы жана 1955-жылы туулган эки аял жана 73 жаштагы эркек каза болду», — деп жазды Кипер.

Анын айтымында, жеке үйлөргө, көп кабаттуу үйлөргө, короолорго, имараттарга жана автоунааларга зыян келтирилген.

«Чабуулдун натыйжасында бир нече өрт чыкты, биздин өрт өчүргүчтөр тарабынан тез арада өчүрүлдү. Укук коргоо органдары орусиялыктардын террористтик чабуулунун кесепеттерин каттап жатышат. Жабыркагандарга бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө», — деп кошумчалады облус башчысы.

Украинанын аба күчтөрү түнү менен Одесса облусуна Орусия тарабынан «Шахед» дрондору сокку урганын маалымдаган.

Орусиянын аскерлери Украина аймактарын учкучсуз учактар, ракеталар жана башка куралдар менен үзгүлтүксүз аткылап келет. Орусиянын жетекчилиги согуш маалында жарандык инфраструктурага атайын сокку урулуп жатканын четке кагууда. Украинанын бийлиги жана эл аралык уюмдар бул чабуулдарды Орусиянын согуш кылмышы деп баалап, алардын атайын багытталганын белгилешет.

10:31 27.9.2024

Владимир Зеленский Жо Байден жана Камала Харрис менен жолугушту

АКШнын президенти Жо Байден Вашингтон Украинанын позициясын келечектеги сүйлөшүүлөрдө бекемдей турганын билдирди. Бул үчүн келерки жылдын январында аяктай турган өзүнүн президенттик мөөнөтүндө финансылык жардамды тездетет. Байден бул тууралуу бейшемби күнү Ак үйдө Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуунун алдында айтты.

Байден ошондой эле Кошмо Штаттар Украинанын келечектеги коргонуу муктаждыктарын камсыз кылаарын билдирди. Америкалык лидер Зеленскийди кабыл алып жатып, "Орусия жеңишке жетпейт" деп баса белгиледи. "Украина жеңет, жана биз сиздерди бул жолдун ар бир этабында колдой беребиз", - деп кошумчалады АКШ президенти.

Владимир Зеленский АКШ менен Украина "Украинанын коопсуздугунун келечеги НАТО жана ЕБде экендиги жөнүндө бир көз карашты бөлүшөөрүн, жана Украина бул жолдо болуп көрбөгөндөй реформаларды жүргүзүп жатканын" билдирди.

Зеленский Байденге өзү "жеңүү планы" деп атаган сунушун тапшырды жана АКШдан узак аралыкка чабуул жасоочу курал-жарактарды Орусиянын ичиндеги аскердик объектилерге колдонууга болгон чектөөлөрдү алып салууну дагы бир жолу өтүндү.

"Украина менен Америка бири-бирине жанаша турганы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз", - деди Зеленский.

Ак үйдө Байденден тышкары, Зеленский бейшемби күнү АКШнын вице-президенти жана Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Камала Харрис менен жолукту. Ал согуш аракеттерин токтотуу үчүн Украинанын өзүнүн эгемендүү аймагынын олуттуу бөлүгүн тапшыруу жөнүндөгү билдирүүлөрдү "тынчтык эмес, капитуляция сунуштары" деп атады. Associated Press агенттиги Харристин бул сөздөрүн шайлоодогу атаандашы, Республикалык партиядан талапкер Дональд Трамп жана анын шериги Жей Ди Вэнстин сунуштарына карата сын деп атады.

Харрис Зеленский менен жолугушууда ошондой эле АКШ Украинаны колдоп жатканын, анткени бул алардын өз стратегиялык кызыкчылыктарына жооп берерин айтты.

Владимир Зеленский Дональд Трамп менен да жолугат

АКШнын мурдагы президенти жана президенттикке талапкер Дональд Трамп журналисттер менен жолугушууда эртең Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу ниетин билдирди. Трамптын айтымында, Зеленский ага "согушту аяктоо" маселесин талкуулоо үчүн жолугушуу өтүнүчү менен кайрылган.

АКШнын жогорку мамлекеттик кызматына республикачылардан талапкер Дональд Трамп жума күнү, 27-сентябрда, украиналык лидер Владимир Зеленский менен жолугушууну пландаштырып жатат. Бул тууралуу Трамп Нью-Йорктогу пресс-конференцияда билдирди.

"Президент Зеленский мени менен жолугушууну суранды. Мен эртең эртең менен саат 09:45те Trump Tower'де аны менен жолугушам", - деди Трамп.

Бейшемби күнү кечинде келген бул кабар күтүүсүз болду, анткени мурда Трамптын штабы украиналык лидер менен жолугушуу "пландалган эмес" деп жарыялаган.

Бирок Зеленский Нью-Йоркко, анын ичинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын ишине катышуу үчүн келердин алдында, украиналык расмий адамдар Зеленский АКШнын президенттигине эки талапкер - Трамп жана вице-президент Камала Харрис менен жолугуп, аларга өзүнүн Украинанын согушта жеңүү планы деп атаган сунуштарын берерин билдиришкен.

АКШга иш сапары менен барган Владимир Зеленский Капитолийге да келди Аны Сенаттагы демократиялык көпчүлүктүн лидери Чак Шумер жана Сенаттагы республикалык азчылыктын лидери Митч Макконнелл тосуп алышты. Кийинчерээк Зеленский Сенаттын эки партиялык делегациясы менен жолугуп, өзүнүн жеңүү планынын негизги пункттарын талкуулаганын билдирди. "Бул биздин жалпы жетишкендигибиз болушу керек - эркиндик үчүн жеңиш, эркиндиктин баасы менен эч кандай компромисссиз", - деп жазды Зеленский социалдык тармактарда.

Ошондой эле Капитолийге баргандан кийин Зеленский "АКШнын борборунда Украинанын көптөгөн достору бар экенин, алар Орусиянын толук масштабтуу басып кирүүсүнүн алгачкы күндөрүнөн тартып эркиндик жана көз карандысыздык үчүн күрөштө украиналыктар менен катар турушканын" белгиледи. "Мындай колдоо үчүн Сенаттын ар бир мүчөсүнө ыраазычылык билдирем", - деп кошумчалады Владимир Зеленский.

Мурдараак бейшемби күнү АКШнын администрациясы Украинанын коргонуу муктаждыктарына кошумча дээрлик 8 миллиард доллар бөлө тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу Жо Байден билдирди. Ал коргоо министрлигине мурда Конгресс тарабынан бөлүнүшү бекитилген бардык каражаттарды Украинага жардам катары жөнөтүүнү тапшырды. 5,5 миллиард доллар Пентагондун арсеналдарынан Украинага америкалык аскердик техника жеткирүүгө багытталат. Дагы 2,4 миллиард доллар Киевге коопсуздук жаатында көмөк көрсөтүү демилгесинин алкагында аскердик техника жеткирүүгө каралган. Сөз жаңы аба чабуулуна каршы коргонуу системалары жөнүндө болуп жатат.

ЖМКлардын маалыматы боюнча, Владимир Зеленскийдин "жеңүү планы" башка нерселер менен катар Украинага батыш куралдары менен Орусиянын ичиндеги объектилерге сокку урууга уруксат берүү өтүнүчүн, ошондой эле Украинаны НАТОго формалдуу чакырууну камтыйт.

Бир катар ЖМКлар АКШнын администрациясы бул пландын жок дегенде бир бөлүгүнө скептикалык мамиле жасап, аны жөн гана кеңейтилген талаптардын топтому деп атап, стратегия деп эсептебей тургандыгын жазышкан. Расмий Вашингтон азырынча планга комментарий берген жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG