Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды, Курахов багытында кармаш жүрүп жатат

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

01:25 26.9.2024

Майдандагы кырдаалга көз салып жаткан DeepState долбоорунун талдоочулары билдиргендей, орус аскерлери учурда Донецк облусундагы Угледар шаарына бир нече багыттан чабуул коюп, аны курчап алуунун аракетин көрүп жатышат.

Украина президенти Владимир Зеленский Кошмо Штаттарга баргандан бери Конгресс өкүлдөрү менен жолугуп, америкалык маалымат каражаттарына маек куруп, ар кандай сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

25-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөп, Украинанын Орусиядан коргонуусуна колдоо көрсөтүүдө биримдикте болууга чакырды.

Сөзүнүн башында ал Запорожье атомдук электр станциясын (АЭС) Орусия басып алгандан бери жалпы аймакта өзөктүк коопсуздукка коркунуч жаралып турганын айтты. Бул жааттагы коопсуздук тынчтык формуласынын биринчи пункту экенин белгиледи.

Орусиянын аткылоолорунан өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасы талкаланып жатканын, алдыдагы кыш мезгили миллиондогон украиналык үчүн катаал сыноо болушу ыктымал экенин айтты:

«Путин алардын кышында караңгыда жана суукта калышын каалап жатат», - деп кошумчалады.

"Бул согушту токтотууну дүйнөдө биринчи кезекте дал Украина каалап жатканын баары билиши маанилүү. Украин эли бул согуштун азабын толук сезип жатат. Украинасыз адилеттүү тынчтык болушу мүмкүн эмес», - деди ал.

Зеленский Орусиянын Украинага каршы согушу токтобой жаткан абал үчүн Кытай менен Бразилияны түзөн-түз айыптады:

“Силер өз бийлигиңерди Украина аркылуу бекемдеп кете албайсыңар”, - деди. Расмий Киев буга чейин Бээжиндин Москва менен стратегиялык өнөктөштүк мамилесине карабастан аны менен конструктивдүү байланышты карманууга умтулуп келген.

Украин президенти 24-сентябрда БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жатып, Орусияны мажбурлоо менен гана согушту токтотуу мүмкүн экенин айтты. Андан тышкары Иран менен Түндүк Кореяны Орусияга Украинага каршы колдонууга курал-жарак берип, "кылмыштуу ишке көмөкчү" болуп жатышат деп айыптады.

"Путин ушунча көп эл аралык эрежелерди жана мыйзамдарды бузгандыктан, ал өзү токточудай эмес. Орусияны тынчтыкка мажбурлоо гана керек. Бул согуштагы жалгыз агрессор жана Улуттар Уюмунун уставын бузган жалгыз тарап катары Орусияны тынчтыкка барууга аргасыз кылуу зарыл", - деди Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөп жатат. 24-сентябрь, 2024-жыл. Нью-Йорк.
Украинанын президенти Владимир Зеленский БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөп жатат. 24-сентябрь, 2024-жыл. Нью-Йорк.

Украин президенти Путин менен сүйлөшүү тууралуу кептер "акылга сыйгыс" экенин кошумчалады. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Зеленскийдин мындай турумун "өлүмгө түрткөн ката" деп атап, анын Украинага тийгизген кесепети оор болорун айтты.

"Орусияны тынчтыкка мажбурлоо аракетине негизделген позиция - бул "өлүмгө түрткөн ката". Анткени Орусияны тынчтыкка мажбурлоо мүмкүн эмес", - деди Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна телефондон жооп берип жатып.

Зеленскийдин Байденге 26-сентябрда сунуштай турган планынын чоо-жайы азырынча белгисиз. Украин президентинин өзүнүн айтымында, бул план жаңжалды токтотууга "көпүрө" болуп бере алат.

Айрым маалымат каражаттарынын жазышынча, Зеленскийдин бул сунушуна ылайык, АКШдан аскердик жана каржылык колдоо жана Орусияга кошумча санкцияларды киргизүү талап кылынат.

АКШ баш болгон бир катар Батыш мамлекеттери Киевге миллиарддаган доллар аскердик жана башка жардам көрсөтүп, Москва каршы бир канча айлампа менен санкция салган.

Коопсуздук кеңешиндеги айтыш

Украин президенти сүйлөп жатканда, анын бет маңдайында отурган Орусиянын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Василий Небензя телефондон башын көтөргөн жок. Британиянын тышкы иштер министри бул үчүн аны залдан чыгарып жиберүүнү талап кылды.

"Бул жерден мен британиялык, лондондук же тышкы иштер министри катары гана эмес, бул жерде телефонун карап отурган Орусиянын өкүлүнө бир кезде Африкадан мээленген мылтыктын алдында, чынжырга байланып алып келинген кулдардын, кулчулукка каршы күрөшкөндөрдүн тукуму катары сүйлөп жатам. Мен империализмди көргөндө эле тааныйм жана аны бетине айтам", - деди британ тышкы иштер министри Девид Лэмми.

Небензя ага империализм тууралуу лекция окубай эле коюусун айтып, Украинада улутчулдук жана нацизмдин тамыры кыркылмайын эч кандай жылыш болбостугун кошумчалады.

Орусиянын БУУдагы туруктуу элчиси Василий Небензя.
Орусиянын БУУдагы туруктуу элчиси Василий Небензя.

Белгилей кетсек, расмий Москва 2022-жылы февралда Украинаны “демилитаризациялоо жана денацификациялоону” жүйө тартып согуш ачкан. Бул убакыт ичинде орус армиясынын соккуларынан Украинада миңдеген карапайым тургундун өмүрү кыйылды.

"Киев режими өз өлкөсүн жана элин толугу менен жок кылбайт жана дүйнөнү өзөктүк алааматка түртпөйт деген үмүттөбүз. Алар ушуга эле жакындап бараткандай. Бул үчүн реалдуу эмес шарттарды койбой, украин кризисин чечүү боюнча узак мөөнөттүү, ишке ашчу пландарды кабыл алыш керек", - деди Небензя.

Жыйында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И айтыша кетти. Буга Бээжин Орусиянын аскердик аракеттерин колдоп жатат деген айыптоо түрткү болду. Кытай министри бул дооматты четке какты.

Фронтто кырдаал оор

Орусиянын армиясы аскерлеринин жана техникасынын көптүгүнөн пайдаланып украин армиясынын турумдарына тынбай чабуул коюп жатат. Бул тууралуу украин армиясынын башкы штабы күнүмдүк отчетунда билдирди. Маалыматка караганда, соңку бир суткада өлкө чыгышында 154 кагылышуу катталган.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, орус аскерлери Харьков багытындагы Волчанскинин айлана-тегерегинде үч жолу чабуул аракетин көрдү.

Учурда айыгышкан салгылаштар Купянск, Лиманск, Северск, Краматорск, Торецк, Покровск багыттарында уланууда.

Угледар шаарындагы талкаланган үй.
Угледар шаарындагы талкаланган үй.

Эң катуу кармаш ушул тапта Угледар шаары үчүн жүрүп жатат. DeepState долбоорунун талдоочулары билдиргендей, орус күчтөрү калаага бир нече багыттан кол салып, аны курчоого алуу аракетин көрүшүүдө.

Алар максатына жетсе, Угледардагы украин армиясынын 72-бригадасы - эки миңдей аскер курчоодо калат.

Аскердик талдоочу Дэвид Акстын пикиринде, бул бригада эки жылдан бери Угледарды эрдик менен коргоп келет. Бул тууралуу ал "Форбс" басылмасына курган маегинде айткан.

Ошентсе да азырынча орус армиясы калаага кире элек. Мындай маалыматты Донецк облус администрациясынын башчысы Вадим Филашкин бөлүшкөнүн Reuters агенттиги жазды.

Буга чейин облустун оккупацияланган бөлүгүнүн Москва дайындаган Денис Пушилин орус аскерлери калаага киргенин маалымдаган.

Согушка чейин 15 миңдей киши жашаган калаада талкаланбаган имарат калган жок. 72-бригаданын командирлеринин бири Financial Times басылмасына орус армиясы Угледарды жакынкы жумаларда басып алышы мүмкүн экенин айтты.

Учурда орус күчтөрү калааны авиация менен аткылап жатышат.

10:43 25.9.2024

Украина: Сумыда бир жайкын тургун каза болду

Украинанын Сумы облусунда өткөн сутка ичинде Орусиянын аткылоолорунан улам бир адам каза болду. Бул тууралуу облустук аскердик администрация билдирди.

Анын маалыматы боюнча, кечээ күнү Сумы облусундагы чек арага жакын аймактарга жана айылдарга Орусиялык аскерлер 90 жолу чабуул жасаган. Жалпысынан 191 жарылуу катталган. Аткылоо Сумы, Николаевка, Хотин, Мирополь, Белополь, Речковка, Краснополь, Великописаревка, Путивль, Новослободка, Глухов, Эсмань, Шалыгин, Дружба жана Середино-Буд жерлеринде болгон.

5-сентябрда Сумы облусунун бийлиги Шосткин жана Конотоп райондорунан милдеттүү түрдө эвакуациялоону кеңейтүүгө аргасыз болду. Орусиялык күчтөр түрдүү куралдарды колдонуп, анын ичинде дрондор, ракеталар жана бомбалар менен украин аймактарына туруктуу чабуул жасап жатышат.

Орусиянын жетекчилиги толук масштабдуу согуш учурунда алардын армиясы Украинанын шаарлары менен айылдарындагы жарандык инфраструктурага атайылап сокку урууда деген айыптоолорду четке кагууда. Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын согуштук кылмыштары деп атап, аларды атайылап жасалган деп белгилешет.

10:30 25.9.2024

Зеленский БУУнун Коопсуздук кеңешинде: Путин өзү токтобойт, Орусияны тынчтыкка мажбурлоо керек

Украина президенти Владимир Зеленский шейшемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украинадагы согушка арналган жыйынына катышты. Жыйындын түз көрсөтүүсүн "Настоящее Время" телеканалы чагылдырды. БУУдагы Орусиянын өкүлү Василий Небензя жыйын башталар алдында, Москвага каршы агрессия үчүн айтылган "клондолгон сөздөрдү" угуу ниети жок экенин билдирди. Бирок Украина президенти сүйлөп жатканда залдан чыккан жок. БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш Зеленскийдин сөзүнөн мурун, он жыл мурун Крым автономиялуу республикасынын аймагын аннексиялагандан кийин, Орусиянын Украинанын аймагына толук масштабдуу кол салуусу БУУнун Уставын бузуу болгонун айтты. Зеленский өз сөзүндө согуш "тоңдуруу" же кандайдыр бир "алмашуу" менен бүтпөшү керектигин, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн урматтоону талап кылган БУУнун Уставынын талабы менен аякташы керектигин билдирди. "Бул согуштун алгачкы секунддарынан баштап, Орусия БУУнун Уставынын негизинде эч кандай жүйөсү жок иш кылып келе жатат", - деп белгиледи ал.

Зеленскийдин айтымында, Орусия президенти Владимир Путин өз эрки менен токтобойт, ошондуктан "Оруcияны тынчтыкка мажбурлоо" керек. Украина президенти дагы бир жолу дүйнө өлкөлөрүн өзүнүн мурда сунуштаган "тынчтык формуласына" колдоо көрсөтүүгө чакырды жана бардык өлкөлөрдү экинчи тынчтык саммитине катышууга үндөдү. Зеленский Орусиянын Украинадагы атомдук электростанцияларды чабуул кылуу ниети бар экендигин белгилеп өттү. Орусиянын бийлиги буга чейин Украинага ушундай эле айыптоолорду койгон. Коопсуздук кеңешинин жыйынына ошондой эле АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да катышты. Ал Түндүк Корея менен Иранга чара көрүүгө чакырып, аларды Орусияны согушта түздөн-түз колдоп жатат деп айыптады. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Бээжин жаңжалдын тарапкери эмес экенин жана тынчтыкты көздөөрүн билдирди. 25-сентябрда Зеленский дагы бир жолу БУУнун Генералдык ассамблеясынын сессиясында сөз сүйлөйт деп күтүлүүдө. 26-сентябрда ал АКШ президенти Жо Байден менен жолугушат. Жолугушууда Украина президенти Байденге согушта Украинанын жеңиш планын сунуштайт деп күтүлүүдө.

01:25 25.9.2024

АКШ президенти Жо Байден 24-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөп жатып Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүп келаткан Киевге колдоосун билдирип, башка өлкөлөрдү да Украина жеңип чыгышына, эркиндигин сактап калышына, адилеттүү тынчтыктын орношуна жетишүүгө чакырды.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинаны өзүнө багындырып алуу, НАТОну алсыратуу максаты ишке ашпай калганын белгилеген Байден азыр Украинага жардамдан баш тарта турган мезгил эмес экенин, тескерисинче, аны менен бирге болуу зарылдыгын айтты.

Байден ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга кайрылып, Газа секторундагы согушту жана Израил менен Ливандын чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуунун жалгыз жолу тынчтык сүйлөшүүлөрү экенин белгиледи. Кошмо Штаттардын президенти Израил менен согушуп жаткан, АКШда, Европа Биримдигинде жана бир катар өлкөлөрдө террордук деп жарыяланган ХАМАС, «Хезболла» топторун айыптап, хамасчылар былтыр күзүндө Израилден кармап, барымтага алып кеткендерди тез арада бошотууга чакырды жана аймактагы курчуган кырдаал үчүн Иранды айыптады.

Өз сөзүндө Байден администрациясынын климаттын өзгөрүүсүнө каршы көрүлүп жаткан ишиндеги ийгиликтери, кедей жана өнүгүүсү начар өлкөлөргө көрсөтүлүүчү жардамы тууралуу да айтты.

Бул Байдендин АКШ президенти катары БУУдагы акыркы сөзү болду. Себеби ноябрда өтө турган президенттик шайлоого ал катышпайт. Ат салышуудан баш тартканы тууралуу айтып Байден башка өлкөлөрдүн лидерлерин да кызматка жармашпоого чакырды.

«Кызмат ордуңардан да маанилүүрөөктөр бар. Бул - силердин элиңер», - деп белгиледи АКШ президенти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG