Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:04 21.9.2024

Орусиялык күчтөрдүн аткылоосунан Херсон облусунда бир сутка ичинде эки адам каза таап, жети адам жарадар болду. Бул тууралуу Херсон облустук аскер администрациясы билдирди.

Донецк облусунда 17 адам каза тапканын аймактын аскердик администрациясы билдирди.

Харьков облусундагы орусиялык күчтөрдүн аба соккусунан жабыркагандардын саны 15ке жеткенин мэр Игорь Терехов билдирди.

Запорожьеде турак жай жана инфраструктура кыйраганы тууралуу 55 билдирүү түшкөнүн облустук аскердик администрация кабарлады.

14:47 21.9.2024

21-сентябрдагы учкучсуз аппараттардын чабуулунан Краснодар аймагындагы Тихорецк жана Тверь облусунун Торопец шаарындагы курал-жарак сакталган кампа күйүп кетти.

Кампада өрт чыкканын аймактын губернатору Вениамин Кондратьев ырастады. Ал эки дрон атып түшүрүлүп, анын калдыктары кампадагы жарылуучу заттарга тийип, өрт тутанганын билдирди. Кондратьевдын маалыматында, жабыркагандар жок. Өрттөнгөн кампанын жанындагы айылдар эвакуация болууда. Айрым медиалар курал-жарак, анын ичинде түндүк кореялык снаряддар сакталган кампа бутага алынганын кабарлады.

21-сентябрдын таңында дрон чабуулдарынан Тверь облусунун Торопец шаарынын жакасындагы курал-жарак кампасы өртөнүп кетти. Губернатор Игорь Руденя учкучсуз аппараттар атып түшүрүлгөнүн жазды. Жабыркагандар боюнча маалымат чыккан жок. Октябрь темир жолу “Старая Торопа” станциясы эвакуацияланганын билдирди. Бир нече күн мурда Торопец шаарындагы курал-жарак сактаган дагы башка кампа күйүп кеткен.

Орусиянын Коргоо министрлиги түндө жети аймакка чабуул жасаган жүзгө жакын дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Орусия Украинага согуш ачкандан бери өзүнүн согуш тилкесине жакын аймактары байма-бай дрон чабуулдарына кабылып жатат. Москва аларды атып түшүрүп жатканын айтууда. Чабуулдардан адам өлгөн учурлар бар, имараттар талкаланууда. Расмий Киев бул чабууларга комментарий бербейт.

21:29 20.9.2024

Орусиянын Тергөө комитети Украинанын Москва көзөмөлдөгөн Донецк шаарында АКШнын жараны Рассел Бентлинин өлүмү боюнча тергөө аяктаганын билдирди. Мекеменин 20-сентябрдагы маалыматына караганда, аны кыйнап өлтүрүшкөн жана кылмышынын изин жашырууга аракет кылышкан.

64 жаштагы Бентли быйыл 8-апрелде Донецкиде дайынсыз жоголгон, анын сөөгүн он күндөн кийин табышкан. Жергиликтүү маалымат булактары аны орусиялык аскер кызматкерлери аскердик базага жасалган ракеталык соккуну видеого тартканы үчүн тыңчылыкка айыптап, уурдап кетишкенин жазышкан. Аялы орус бийлигинен бул окуяны териштирүүнү талап кылган.

Кармалгандардын бирине да адам өлтүрүү боюнча айып тагылган жок. РБК билдиргендей, алар кызмат абалынан аша чапкан, өлгөн кишинин сөөгүн мазактаган жана кылмышты жашырган деп гана айыпталууда.

Америкалык жаран Донецкиде 2014-жылы бул шаарды орусиячыл жикчилер ээлеп алгандан бери жашап келген. Башында алардын катарында согушуп жүргөн, кийин жергиликтүү тургундарга гуманитардык жардам чогултуп, видеоблог жүргүзүүгө өткөн. Кремлдин үгүтчүлөрү анын берген маалыматтарын өз материалдарында колдонуп келишкен. Бентли орусиялык мамлекеттин "Спутник" агенттиги менен да кызматташчу.

Өзүн "донбасстык ковбой" атаган Бентли АКШ өкмөтүн сындап да жүргөн, Донецкиде жашап калгандан бери ал Орусия жарандыгын алган.

21:20 20.9.2024

Украинада мамлекеттик жана аскер кызматкерлерине, коопсуздук жана коргоо мекемелеринде иштегендерге Telegram мессенжерин кызматтык телефонуна жана башка каражаттарына орнотуп, колдонууга тыюу салынды. Мындай чечим өлкөнүн Киберкоопсуздук боюнча улуттук координациялык борборунун отурумунда кабыл алынганын 20-сентябрда Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңеши билдирди.

Мындай чечим коркунучтарды азайтуу максатында кабыл алынганы белгиленди.

Аскердик чалгын мекемесинин башчысы Кирилл Буданов аталган мессенжердин колдонуучуларынын кат алышуусу, жеке маалыматы орусиялык атайын кызматта бар болушу ыктымал экенин айтты.

Башкы штабдын жана Коопсуздук кызматынын адистери Орусия бул мессенжерди киберчабуул жасоо, колдонуучулардын геолокациясын билүү жана ракеталык соккуларын тууралоо үчүн колдонорун билдиришти.

Telegram бул боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.

Аталган байланыш түйүнүн 2013-жылы орусиялык ишкерлер Павел жана Николай Дуровдор негиздешкен. Компаниянын кеңсеси азыр Дубайда жайгашкан. Павел Дуров мессенжердин коолдонуучулары тууралуу маалымат алууга аракет кылган мамлекеттердин жана атайын кызматтардын басымына кабылып турарын айткан.

Орусияныкынан тышкары Франциянын, Бириккен Араб Эмирликтеринин, жана Сент-Китс жана Невис федерациясынын жарандыгына ээ Павел Дуров өзү Францияда август айынан бери тергөө алдында. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Француз бийлиги Дуровду жашы жете электер аралашкан порнография, маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана алдамчылык кылмыштары тууралуу маалыматты полициянын жана атайын кызматтын талабы боюнча ачыктоодон баш тарткан деген мазмундагы бир нече кылмышка айыптоодо.

Дуров камакка алынгандан кийин орусиялык күч кызматтары менен байланышы бар экени айтылып жүргөн "База" басылмасы Орусиянын бир катар күч органдарынын, президенттик жана өкмөттүк администрациялардын кызматкерлерине Telegram аркылуу жазышкандарынын баарын өчүрүү талабы коюлганын жазган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG