Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

21:17 15.9.2024

Украинанын Харьков шаарында көп кабаттуу үйгө жасалган аба соккусунан бир киши набыт болуп, жараат алгандар көбөйүп, 40тан ашканын, анын төртөө балдар экенин шаар мэриясы билдирди.

Харьков облустук аскердик башкармалыгынын башчысы Олег Синегубов азыр жеринде тиешелүү кызматтар иштеп жатканын Телеграмга жазды.

Орусия сокку тууралуу комментарий бере элек. Украин тарап 12 кабаттуу үйгө бир дүрмөт тийгенин маалымдады. Алар тараткан сүрөт-видеолордо турак жайдын ортоңку бөлүгүндөгү бир подъездде 9-10-кабаттар күйүп жатканы тартылган. Өрт өчүрүү иши уланып жатканы кабарланды.

17:05 15.9.2024

Президент Владимир Зеленский Батышта Украинага курал-жарак берүүнү азайтуу тууралуу талкуулар жүрүп жатканда АКШ баштаган өнөктөштөрүн Орусиянын баскынчылыгына каршы туруу үчүн Киевди курал-жарак жана ок-дары менен камсыздоо тууралуу макулдашууну “тезинен ишке киргизүүгө” чакырды.

14-сентябрда жарыяланган видео кайрылуусунда Зеленский “бардык мамлекеттер, анын ичинде Кошмо Штаттар Украина менен макулдашууларын тез арада жүзөгө ашыруусу өтө маанилүү экенин” айтты.

“Ал майданда сезилиши керек”, - деди Зеленский. “Ар бир аскердик жардам кечигип жатканы майданда терс таасирин тийгизет. Өз маалында, ыкчам жеткирилген жардам пайдалуу”, - деди украин лидери.

Ушул тапта Украинага мурда-кийин болуп көрбөгөндөй аскердик жардам уланууда. НАТОнун ичинде айрым мүчөлөрү Украинага курал-жаракты колдонууга коюлган чектөөлөрдү алып салууга жана заманбап жабдууларды берүүгө чакырууда.

Киев өзүн коргоо үчүн Орусиянын ичине алыс аралыкка сокку уруу маанилүү экенин белгилеген. НАТОнун ичиндеги айрым өлкөлөр Киевдин мындай сунушун колдогон.

13-сентябрда британ премьер-министри Кир Стармер АКШ президенти Жо Байден менен жолукканда Орусиянын ичиндеги буталарга жетүү үчүн Киевге алыс аралыкка атылчу курал колдонууга уруксат берүүнү талкуулаганы менен кандай өзгөрүү бардыгы жарыяланган жок.

Британия Украинага берген Storm Shadow ракеталарын Орусиянын аймагына сокку урууга колдонууга уруксат берген чечимге жакындап калганы кабарланды.

14-сентябрда Ак үйдүн коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан президент Байден “алдыдагы төрт айда [президенттик кызматтагы мөөнөтүн] Украинанын жеңишин камсыздоо үчүн болгон мыкты нерселерди жасоого чечкиндүү аракеттенет” деди.

Орусиянын экс-президенти Дмитрий Медведев ишембиде украин башкалаасына өзөктүк сокку урулса, 2 миллиондой эл жашаган шаар дүйнөнүн картасында “боз такка” айланарын айтып коркутту. Президент Путин баштаган Орусиянын жетекчилеринин ормон опузасы Батыштын Киевди колдоосуна каршылыгын көрсөткөндөй.

14-сентябрда Зеленский АКШ Конгрессинин делегация мүчөлөрү менен сүйлөшүп, “учурдагы кырдаал жана алдыдагы иштер тууралуу маалымат бергенин” айтты.

14-15-сентябрда Киев билдиргендей, орус армиясынын чабуулунан Одесса облусунун түштүгүндө жубайлар набыт болду.

Украин аскерлери абадан коргонуу күчтөрү Орусия учурган 14 дрондун онун атып түшүргөнүн билдирди. Ошондой эле эки “Искандер” баллистикалык ракетасы, Одессаны бутага алган башкарылчу авиациялык бомба жок кылынганы кабарланды.

12:40 15.9.2024

Украин аба күчтөрү жекшембиге караган түнү 10 учкучсуз учакты жана бир ракетаны атып түшүргөнүн билдирди.

Маалыматта орус армиясы түндө эки Искандер-М баллистикалык ракетасы жана бир Х-59 ракетасы, 14 дрон менен сокку урганы жазылган. Аба күчтөрү X-59 ракетасын жана 10 чабуулчу учкучсуз учакты атып түшүргөн.

Түндө Днепропетровск, Сумы, Полтава жана Николаев облустарында абадан чабуул тууралуу эскертүүлөр жарыяланды.

11:02 15.9.2024

"Чоң жетиге" мүчө болгон өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Ирандан Орусияга курал-жарак жөнөтүүнү токтотууну талап кылды. Алардын биргелешкен кайрылуусунда Тегерандын Москвага баллистикалык ракета жөнөткөнү сынга кабылган.

Соңку күндөрү бир катар Батыш мамлекеттери Иран Орусияга Fath-360 үлгүсүндөгү ракеталарды жөнөткөнүн билдирип жатат. Тегеран мындай маалыматтарды четке каккан, Москва болсо комментарий берүүдөн баш тарткан.

Бул жагдайга байланыштуу Британия, Франция жана Германия Иран менен эки тараптуу аба каттамдарына байланыштуу келишимди жокко чыгарып, Iran Air авиакомпаниясына санкция салууну чечкен.

АКШ дагы санкциялык тизмесин кеңейтип, ага Орусия менен Ирандын жаңы компанияларын, жеке адамдарды киргизген. Тегеран бул кадамдарга жооп берилерин эскерткен.

"Чоң жетиге" Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ мүчө.

Москва Украинага кол салгандан бери Тегеран Иранда жасалган Shahed жана Mohajer дрондорунун согушта колдонулушуна байланыштуу санкцияларга кабылып келатат.

Бирок Иран уруш тутангандан бери Орусияга курал бергенин четке кагууда жана бул жаңжалда бейтараптуулукту карманарын айтууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG