Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:08

Түрк парламенти аскер адистерин Азербайжанга жөнөтүүгө макулдук берди


Президент Режеп Тайып Эрдоган Түркия менен Орусиянын жетекчилиги тарабынан жаңы эле кол коюлган меморандумга ылайык Азербайжандагы Тоолуу Карабактагы коопсуздукка байкоо жүргүзүү борборуна түрк аскер адистери жөнөтүлөрүн элге билдирди. Анкара. 2020-жыл, 11-ноябрь.
Президент Режеп Тайып Эрдоган Түркия менен Орусиянын жетекчилиги тарабынан жаңы эле кол коюлган меморандумга ылайык Азербайжандагы Тоолуу Карабактагы коопсуздукка байкоо жүргүзүү борборуна түрк аскер адистери жөнөтүлөрүн элге билдирди. Анкара. 2020-жыл, 11-ноябрь.

Түркиянын парламенти Орусиянын арачылыгы менен жетишилген азербайжан-армян атышуусун токтотуу келишиминин жүзөгө ашырылышына байкоо жүргүзүш үчүн өлкө аскерлеринин өкүлдөрүн Азербайжанга жөнөтүүгө уруксат берген резолюцияны кабыл алды.

Президент Режеп Тайып Эрдогандын өтүнүчүнө ылайык 17-ноябрда кабыл алынган резолюциянын негизинде эми Азербайжандын аймагында жайгаштырылышы пландалып жаткан байкоо жүргүзүү борборуна түрк аскер адистери бармакчы.

Быйыл 27-сентябрда Азербайжан менен Армениянын аскерлеринин ортосунда Тоолуу Карабакта башталган алты апталык согуш маалында Түркия Азербайжанды ырааттуу колдоого алды. 11-ноябрда Түркия менен Орусиянын жетекчилиги тарабынан кол коюлган меморандумга ылайык, аймактагы коопсуздукту көзөмөлдөө максатында атайын байкоо жүргүзүү борбору негизделмекчи.

Түркия парламентинин резолюциясы Азербайжандын «атайын аныктала турган бир жеринде» негизделе турган байкоо жүргүзүү борборуна түркиялык аскер адистерин жана башка карапайым адистерди бир жылдык мөөнөткө жөнөтүүгө уруксат берди.

Мамлекетке караштуу «Анадолу» кабар агенттигинин маалыматы боюнча, бул байкоо жүргүзүү борборунун ишмердигин Орусия менен Түркиянын өкүлдөрү биргелешип жүргүзүшү тууралуу сунушту расмий Баку билдиргендиги резолюцияда баса белгиленет. Түрк парламентинин резолюциясы Азербайжанга жибериле турган түрк аскер өкүлдөрүнүн саны жана алардын жөнөтүлүшүнүн мөөнөтү жагынан президент Эрдоганга кеңири ыйгарым укуктарын ыйгарган.

Орусиянын расмий бийлиги Анкаранын кийлигишүүсү Азербайжандын аймагындагы байкоо жүргүзүү борборундагы ишмердик менен гана чектелерин жана түркиялык тынчтык орнотуу күчтөрү Тоолуу Карабак аймагына киргизилбей тургандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG