Түркиянын парламенти президент Режеп Тайып Эрдогандын аскер адистерин Азербайжанга жөнөтүү боюнча жарлыгынын долбоорун карайт. Бул тууралуу «Анадолу» маалымат агенттиги кабарлап, түрк аскерлери Орусия менен бирге Тоолуу Карабакта байкоо жүргүзүү (мониторинг) борборуна тартыларын билдирди.
«Чогуу ишке ашчу борбордун ордун Азербайжан чечет. Анда аскерлер, зарыл болсо башка зарыл жарандык адистер тартылат. Борбордун иши БУУнун Коопсуздук кеңешинин жана ЕККУнун резолюцияларында жазылгандай, Азербайжандын бүтүндүгүн сакташ үчүн Түштүк Кавказда туруктуулукту жана тынчтыкты сактоого багытталмакчы», деп айтылат маалыматта.
Анда «аскерлерди Азербайжанга жөнөтүү Түркиянын улуттук кызыкчылыктарына шайкеш келет» деп баяндалган.
Миссиянын башка жагдайларын, кишинин санын жана мөөнөтүн Түркиянын президенттик администрациясы аныктайт.
Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылыш Азербайжандын, Армениянын жана Орусиянын жетекчилери 10-ноябрда атышууну толук токтотуу тууралуу кол койгон келишимден кийин басылган. Келишимге ылайык, Азербайжан уруш маалында өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабактагы жана анын айланасындагы жерлерди башкарып калат. Аймактагы коопсуздукту сактоого кеминде 1900дөн ашуун орусиялык бейпилдик күчтөрү көмөктөшөт.
11-ноябрда Орусия менен Түркиянын коргоо министрлери Азербайжандын аймагында тынчтык сактоо багытында биргелешкен байкоо жүргүзүү борборун түзүү тууралуу меморандумга кол коюшкан. Бул борбор Тоолуу Карабактагы жана анын айланасындагы ок атышууларды токтотуу тууралуу келишимдин кандайча жүзөгө ашырылып жаткандыгын байкоого алып, эски жаңжалды тынч жол менен чечүү үчүн пайдубал курууга огожо болоору тууралуу меморандумда белгиленген.
12-ноябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Тоолуу Карабакта Түркиянын тынчтык сактоочу аскердик күчтөрү болбойт» деп билдирген. Ал Орусия Түркия менен чогуу байкоо жүргүзүү борборун түзөөрүн, ал Азербайжандын аймагында жайгашарын маалымдаган.
Соңку макулдашуу Арменияда бийликке каршы нааразылык толкунун жаратып койду.
Эл аралык коомчулук Тоолуу Карабакты Азербайжандын жери катары тааныйт. Бирок аймактагы жикчил армяндар Бакунун башкаруусун четке кагып келишет.
Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабакка байланыштуу аймактык талаш 1980-жылдардын соңунан бери созулуп келет. Негизинен армяндар отурукташкан Тоолуу Карабак автоном облусу Армениянын колдоосу менен Азербайжан ССРинин курамынан чыкканын бир тараптуу жарыялап, 1991-жылы болсо «Тоолуу Карабак Республикасын» түзөрүн бир тараптуу жарыялаган. 1988-1994-жылкы куралуу кагылышууларда жикчил аймакта 30 миңдей адам өлдү, жүздөгөн адамдар качкын болду.
«Тоолуу Карабак Республикасын» расмий түрдө Бириккен Улуттар Уюмундагы бир да өлкө, анын ичинде Карабак эркин болушу керек экенин талап кылган Армения да тааныган эмес. 1993-жылы БУУ Карабактан армян аскерлерин чыгарууну жана аны Азербайжандын аймагы катары таанууну талап кылган төрт резолюция кабыл алган. (ErN)