Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:16

Түркия-Орусия терроризм менен чогуу күрөшөт


Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орус тышкы иштер министри Лавров Түркия менен терроризмге каршы күрөшүү боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди. Түркия муну ырастап, "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы ким менен болбосун бирге экенин айтууда.

1-июлда Сочиде Кара деңиз экономикалык кызматташтык уюмунун жыйыны өткөн. Ага катышкан орус-түрк тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Мевлют Чавушоглу өз алдынча да жолугушкан.

Андан кийин Лавров терроризмге каршы күрөшүү боюнча Ички иштер министрлигинин, атайын кызматтардын өкүлдөрү кирген жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген. Муну ал кызматташтык жаңы актуалдуулукка ээ болду деп баалаган:

- Ириде биздин эки тараптуу диалогдун алкагында жада калса эң татаал маселелерди да талкуулай алабыз деп ойлойм. Анын ичинде Сириядагы террористтердин сырттан кубат алуусуна бөгөт коюу маселеси бар. Ошондой эле Сириядагы террордук топторду колдоо үчүн Түркия аймагын колдонууга жол бербөө маселеси турат. Биз бүгүн бул темаларга учкай токтолдук. Иш жүзүндө жалпы натыйжага жете алабыз деп үмүттөнөм.

Ал эми 4-июлда түрк тышкы иштери Мевлют Чавушоглунун сөзү алгач “Түркия авиабазасын орусиялыктарга колдонууга берет” деген мазмунда тараган. Аны жаңылыш кабар атаган министр мындайча оңдоду:

- Орусиялык учак атып түшүрүлгөнгө чейин президентибиз орус президенти Путинге "Ислам мамлекетине" каршы биргеликте күрөшөлү деген пикирин айткан. Мен аларга ушуну гана кайра эстеттим. Биз Орусия менен ИМге каршы күрөшүү учурунда кызматташсак болмоктугун айттык. Ал эми Инжирликте орус аскер учактарын жайгаштыруу боюнча эч кандай комментарий айткан жокмун.

Түрктөрдүн "Инжирлик" аттуу авиабазасы Адана шаарынан 8 чакырым алыста, Сирия чек арасынан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Аны ушу тапта “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшкөн АКШ, Германия, Британия, Сауд Арабия жана Катар колдонуп келет.

Эки өлкө алакасы өткөн жылдын ноябрында орусиялык аскер учагын түрктөр чек арабызды бузду деп атып түшүргөндө бузулган. Июндун аягында түрк президенти Эрдоган ошондо мерт болгон орус учкучтардын биринин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, кечирим сурагандай тариздеги катынан кийин кайра калыбына келип, өлкө лидерлери телефондон сүйлөшкөн.

Мурда экономикалык жактан кызматташып келген эки тарап ошол сүйлөшүүдө терроризмге каршы биргелешип күрөшүүнү сөз кылып, биргелешүү аракеттери улам жанданууда.

Түркия Сириядагы оппозицияны колдоп, азыр бийликтеги Башар Асаддын отставкасын ачык талап кылып келет. Ал эми Орусия Асаддын режимин колдойт. Эки өлкө бул жаатта кандай тил табышары азырынча белгисиз. Анын үстүнө курамына Түркия дагы кирген НАТО менен Орусиянын алакасы дурус эмес.

Ошол эле учурда 28-июндагы Стамбул аэропортундагы 50дөй адамдын өмүрүн алган жардыруу Түркияны терроризмге каршы күрөшүүдө өнөктөштөр катарын көбөйтүүгө түрттү. Ал жардырууну эч ким моюнуна ала элек. Бирок эксперттер "Ислам мамлекети" террордук тобу жасаганын айтышат.

XS
SM
MD
LG