Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Tүркия: аскердик төңкөрүш аракети (хронология)

Түркияда ишембиге караган түнү аскер командирлер тобу бийлик алардын колуна өткөнүн, Тынчтык кеңеши түзүлгөнүн маалымдаган. Ал тапта президент Эрдоган телефондон билдирүү жасап, аскердик төңкөрүш ишке ашпайт деп ишендирди.

Reuters агенттиги Евробиримдиктеги булакка таянып кабарлагандай, бийликти басып алдык деп билдирген аскер жетекчилери Түркиядагы аэропорттор менен Стамбулдагы башкы жайларды көзөмөлгө алышты.

ИТАР-ТАСС: Түркияда ушу тапта 5 000дей орусиялык турист бар.

Bloomberg Түркиянын коңшусу Болгария чек араларын кайтарууну күчөткөнүн билдирет

Түркияда окуган кыргызстандык Айпери Сейитбекова: Биздин жатаканада жашагандардын 100% чет өлкөлүктөр, 20 студентпиз. Паника болуп ыйлап жатышат. Ошолор менен алек болуп отурам. Азыр жатакананын тышка көрүнчү жарыктарын өчүрүп, жабылчу жердин баарын жаптык. Машиналардын сигналдары дагы деле басыла элек.

Түркияда 1 түрк лирасы долларга карата наркын жоготту. Кечээ 1 АКШ доллары 2.88 болсо, учурда 1 доллар 3.04 болду. Булак: "Хүрриет"

Стамбулдагы АК партиясынын кеңсесин аскерлер курчоого алышты. Булак: Dogan Haber Agency

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG