Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Tүркия: аскердик төңкөрүш аракети (хронология)

Түркияда ишембиге караган түнү аскер командирлер тобу бийлик алардын колуна өткөнүн, Тынчтык кеңеши түзүлгөнүн маалымдаган. Ал тапта президент Эрдоган телефондон билдирүү жасап, аскердик төңкөрүш ишке ашпайт деп ишендирди.

Анкарада желек көтөргөн адамдар тобу көчөгө чыгышты. Көпчүлүгү азыркы бийликке каршы маанайда экени кабарланууда.

CNNTurk телеканалы Анкарада атышуунун үнү угулуп жатканын көргөзүп, катардагы адамдар тобу чогулуп алып полицияны аскерлерге каршы ок атпоого үндөп жатканын кабарлайт.

Түркия парламентин танктар курчоого алды. Dogan Haber Agensy

Стамбул жана Анкара прокуратуралары бийликти басып алуу аракети боюнча териштирүү баштады. Бул тууралуу юстиция министри Бекир Боздаг билдиргенин түрк маалымат каражаттары билдирүүдө. Анда Боздаг бул төңкөрүштү баштагандарга каршы териштирүү жүрүп жатканын жана күч органдары керектүү чараларды көргөнүн билдирди.

CNNTurk: бийлик өкүлдөрү коомчулукка кайрылып, Адилет жана Өнүгүү, же АК партиясынын кеңселери жанына чогулуп, өкмөттү коргоп калууга үндөп жатышат. Байкоочулар Эрдоган телефондон болсо да байланышка чыгып телеканалдан кайрылганы -- аскер командирлеринин бийликти басып алуу планы ишке ашпай калышы мүмкүн дегенди билдирет деп эскертишүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG