Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Стамбулдун чок ортосунда жарылуу болду


Жарылуу болгон жердеги полиция кызматкерлери жана тез жардам кызматы.
Жарылуу болгон жердеги полиция кызматкерлери жана тез жардам кызматы.

Стамбулдун чок ортосундагы Султан Ахмед мечитинин жанында чоң жарылуу болду. Шаардын расмий бийликтери аны теракт деп атап, 10 киши өлүп, 15 киши жаракат алганын билдирүүдө.

Жарылуу Стамбулдун тарыхый районундагы Султан Ахмед аянтында болгон. Айрым маалыматтар боюнча, жардырууну жанкечти топ туристтердин жанында жасаган.

Жардыруу болгон жерди полиция курчап, жарылган затты аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

Стамбулдагы жардыруудан мерт болгондордун көпчүлүгү чет элдиктер экени айтылды.

Бул тууралуу Түркиянын вице-премьер-министри Нуман Куртулмуш билдирди. Ал Анкарада маалымат жыйынында сүйлөп жатып, бул үрөй учурган жардырууну жасаган жанкечтинин тек-жайы аныкталганын айтты. Жанкечти 27 жаштагы Сириянын жараны болуп чыкты.

Учурда анын Түркиядагы жана Сириядагы байланыштары иликтенүүдө. Жараат алган он беш адамдын экөө учурда оор абалда экени кабарланды. Жабырлануучулардын көпчүлүгүн Германиядан, Норвегиядан, Түштүк Кореядан жана Перудан келген туристтер түзөт.

Стамбулдун шаардык бийлиги “адистер жардыруунун себептерин, эмне жарылганын жана аны ишке ашырган же ашыргандарды иликтөө үстүндө” деп учкай гана билдирип, чоо-жайын айткан жок.

Норвегиянын тышкы иштер министри алардын бир жараны жарадар болгонун айтса, Германия өз жарандарына Стамбул сыяктуу туристтик чоң шаарларда эл чогулган жерлерден оолак болууну эскертти.

Жардыруу Султан Ахмед көчөсүндө туристтер эң көп барган Айя София мунарасы жана Көк мечиттен бир нече метр алыста болгон.

Стамбулда жардыруу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00

Стамбулдагы жардырууда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталып жатканын “Азаттыкка” Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунан кабарлашты. Учурда жардырууда жабыркагандар жана каза болгондор арасында кыргызстандыктардын бар-жогун тактоо үчүн кызматкерлер полиция бөлүмүндө жүрөт. Расмий маалыматтар боюнча, Стамбулда 1000ден ашуун кыргызстандык бар.

Адам өмүрүн алган Стамбулдагы жарылуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:53 0:00

Бул жардырууга байланыштуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.

“Кыргызстан эли бул трагедияны өтө кайгыруу менен кабыл алды жана кыргызстандыктар бир тууган түрк элинин кайгысын тең бөлүшөт”, - деп жазылат телеграммада. Ошону менен катар адамгерчиликсиз жана коркунучтуу террористтик чабуулду айыптай турганы белгиленген.

XS
SM
MD
LG