Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Эрдоган демонстранттарды "ууру-кески" деп айыптады


Түркия -- Фенербахче футбол командасынын күйөрмандарынын Эрдогандын кетишин талап кылган Таксим аянтындагы акциясы, Стамбул, 8-июнь, 2013.
Түркия -- Фенербахче футбол командасынын күйөрмандарынын Эрдогандын кетишин талап кылган Таксим аянтындагы акциясы, Стамбул, 8-июнь, 2013.

Түрк өкмөт башчысы өз бийлигине каршы чыккан демонстранттарды «ууру-кески» деп айыптап, өз колдоочуларын аларды келерки жылдагы жергиликтүү шайлоодо "жазалоого" чакырды.

Эрдоган өткөн түнү анын колдоочулары демонстранттар менен кагылышкан Адана шаарында жекшембиде сөз сүйлөдү. Ал өз жолдоочуларын зордукчул аракеттерге барбоого чакырды.

Ишемби күнү Эрдогандын партиясы он миңдеген демонстранттардын шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү талабын четке каккан эле. АК партиясынын төрагасынын орун басары Хусеин Желик ишембидеги пресс-конференцияда мындай деди:

Түркиядагы айрым маалымат каражаттары эрте шайлоо өткөрүлөт экен деп жазып чыгышты. Бул ырастоо таптакыр негизсиз да, керексиз. Булардын баары ойлонулуп табылган нерселер.

Стамбулдагы жыйынында Акыйкаттык жана Өнүгүү, же АК партиясы жергиликтүү жана президенттик шайлоо келерки жылы, ал эми парламенттик шайлоо 2015-жылы план боюнча өтөөрүн бышыктады. Эрдоган жума күнү өкмөткө каршы демонстрацияларды дароо токтотууну талап кылган, бирок нааразылык акциясы жекшембиде да уланды.

Демонстранттар Стамбулдун Таксим аянтында кала беришүүдө. Шаардын негизги үч футбол командасы – "Бешикташ", "Галатасарай" жана "Фенербахченин" күйөрмандары ишембиде Эрдогандын кетишин талап кылып, чогуу жүрүш жасашкан эле.

Полиция бул күнү кечинде Анкаранын борбордук Кызыл-Ай аянтында жол тосуп, көчөлөрдө от жаккан демонстранттарга каршы түтүн газ жана суу замбирегин колдонду.

XS
SM
MD
LG