Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Түркия: референдумдан кийинки кармоолор


Кайсеридеги кармоолор, 26-апрель 2017-жыл.
Кайсеридеги кармоолор, 26-апрель 2017-жыл.

Түркияда президент Режеп Тайып Эрдогандын ыйгарым укуктарын кеңейткен референдумдан он күн өткөндөн кийин бозгундагы диниятчы Фетхулла Гүленге байланышы бар делген миңдей адам кармалды.

АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерин бутага алуу токтой электигин Түркиядагы соңку рейд күбөлөдү. 26-апрелге караган түнү Түркиянын 80ге чукул аймагында атайын операция жүргүзүлүп, миңге чукул адам кармалды. Дагы эки миңден ашуун киши изделип жатат.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу кармалгандардын Гүлен кыймылына байланышы бар экенин ишара кылды:

- Азырынча 72 аймакта 1009 жашыруун "имам" кармалды. Бул Түрк мамлекети үчүн абдан маанилүү кадам.

Түркияда төңкөрүш аракети орун алган түн, 16-июль 2016-жыл.
Түркияда төңкөрүш аракети орун алган түн, 16-июль 2016-жыл.

Түркия 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетин Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери уюштурду деп ишенет. Гүлен жана анын жактоочулар бийликтин бул айыптоолорун четке кагып келет.

Ошентсе да жайдан бери баш-аягы 120 миңдей адам Гүлен кыймылына байланышы бар деген жүйө менен иштен айдалды. 40 миңдей киши камакка алынды.

Соңку рейд Түркияда президент Режеп Тайып Эрдогандын ыйгарым укуктарын кеңейткен референдумдан он күн өткөндөн кийин орун алып олтурат.

Өлкөнү парламенттик республикадан президенттикке айланткан бул референдум, төңкөрүш аракетинен кийинки тазалоолор жана адам укуктары боюнча тынчсыздануулардан улам Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы (PACE) 25-апрелде Түркияны көзөмөлдөө зарылчылыгын туудурган өлкөлөрдүн катарына кошту.

- Биз баалуулуктарды коргоо үчүн биригишибиз керек. Биз атынан сүйлөп жаткан 820 миллион адамдын баалуулуктары жана эркиндиктери Түркияда коркунуч астында. Окуялардын авторитардык өңүт алышына бөгөт коюу үчүн мониторинг системасы аркылуу биз Түркияга жана түрктөргө жардам бергибиз келет,-деди ассамблеянын Люксембургдан шайланган мүчөсү Анн Брассёр.

Эрдогандын жактоочулары. Стамбул, 16-апрель, 2017-жыл.
Эрдогандын жактоочулары. Стамбул, 16-апрель, 2017-жыл.

47 мамлекет мүчө болгон Европа кеңеши Түркияны мониторинг талап кылынган өлкөлөрдүн катарынан 2004-жылы чыгарган. Эми өлкөнүн ал тизмеге кайра кошулганын түркиялык депутаттар сынга алышып, мындан ары кеңештин жыйындарына катышпайбыз дешти. Президент Режеп Тайып Эрдоган болсо, кеңештин бүтүмүн чыйкыл саясат деп атады:

- Түркияга каршы кабыл алынган чечим - толугу менен саясий чечим. Канча ирет мындай чечимдерди кабыл алышса да, биз аны тааныбайбыз. Маселени деле көбүртүп жабырткыбыз келбейт.

Түркиядагы референдум 16-апрелде өлкөдө өзгөчө кырдаал режими өкүм сүрүп жаткан учурда өттү. Конституциялык өзгөртүүлөрдү калктын 51 пайыздан ашыгы колдоду. Эл аралык байкоочулар референдум тең эмес шартта өткөрүлгөнүн, добуштарды саноо жол-жобосуна да көлөкө түшкөнүн билдиришти.

Референдумдан кийин президент Эрдоган өлкөдө өлүм жазасы калыбына келтирилиши мүмкүндүгүн айтып, Түркия демократиялык баалуулуктардан тайды деген тараптардын камтамачылыгын күчөттү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG