Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Трамп Чыгыш Европаны АКШ газын алууга чакырат


АКШ компаниясынын Польшага суюлтулган газды биринчи ирет алып келген "Таза океан" танкери. 8-июнь, 2017-жыл.
АКШ компаниясынын Польшага суюлтулган газды биринчи ирет алып келген "Таза океан" танкери. 8-июнь, 2017-жыл.

Ушул аптада Польшадагы сапары учурунда АКШ президенти Дональд Трамп европалык өнөктөштөрдү алдыда америкалык газды сатып алууга үндөйт деп күтүлүп жатат.

Польша борборунда АКШ президенти да чакырылган жыйын “Үч деңиздин” саммити деп аталды.

Аймактын энергия инфраструктурасын, анын ичинде суюлтулган газ импорттолуучу терминалдарды, газ түтүктөрүн кеңейтүү демилгелери менен пландары талкуулануучу жыйынга Чыгыш жана Борбордук Европанын Балтика, Адриатика, Кара деңиз боюндагы өлкөлөрү чогулууда. Алардын саммити 6-июль күнү өтөт.

Ак үй билдиргендей, президент Дональд Трамп европалык өнөктөштөрдү алдыда АКШда өндүрүлгөн газды сатып алууга мына ушул жыйында үндөп, администрация америкалык компаниялар суюлтулган көгүлтүр отту Борбордук жана Чыгыш Европага жеткирүүсүн жеңилдетүү үчүн мүмкүн болгон аракетти көрөрүн айтканы турат.

- Биз энергияны Америкадан дүйнө боюнча экспорттойбуз. Бул энергия экспорту биздин адамдар үчүн сансыз жумушу орун жаратып, бүткүл дүйнө боюнча досторубуз, союздаштарыбыз, өнөктөштөрүбүзгө чыныгы энергетикалык коопсуздукту тартуулайт, - деген эле президент Дональд Трамп 29-июнда Вашингтондо, Энергетика министрлигинде ал өзү атагандай, АКШнын энергия саясатынын “алтын доору” башталганын жарыялап жатып.

Ондогон жылдар бою өлкөдө өндүрүлгөн энергия булактарын өзү толук колдонуп келген соң АКШ эми 2020-жылы дүйнөнүн үчүнчү ири газ экспортчусуна айланары күтүлүүдө.

Буга адистер газ өндүрүштө “ыңкылап” катары мүнөздөгөн ыкма мүмкүндүк берүүдө. Ал америкалык сланц газ кендерди өздөштүрүүнүн баасын кыйла арзан кылып койду.

Азия өлкөлөрү да суюлтурган газды көбүрөөк колдоно баштады. Токионун сыртындагы жылуулук станциясына газ берип жаткан танкер. 8-февраль, 2017-жыл.
Азия өлкөлөрү да суюлтурган газды көбүрөөк колдоно баштады. Токионун сыртындагы жылуулук станциясына газ берип жаткан танкер. 8-февраль, 2017-жыл.

АКШнын газ экспорттоо боюнча биринчи терминалын ачкан Cheniere Energy Inc компаниясынын суюлтулган көгүлтүр от жүктөгөн алгачкы танкери Польшага өткөн айда келген эле.

Былтыр Балтика деңизинде газ импорттоочу алгачкы терминал ачкан Польша болсо азыр көгүлтүр отко муктаждыгынын үчтөн эки бөлүгүн Орусиянын эсебинен жабат. Орусия менен Украинанын газ баасы боюнча буга чейинки талаштары Польшада да көгүлтүр от таңсыктыгын жараткан учурлар болгон.

Ушул жана башка себептерден улам Польша өкмөтү 2022-жылы орус газына атаандаш булактарды табуу пландары бардыгын жашырбайт. Бирок америкалык расмийлер азырынча маселен Польшага кайсы мөөнөттө, канча көлөмдө газ бере аларын ачык жана даана айтыша элек.

"Рейтер" агенттигинин жазганына караганда, АКШнын Европа базарына кирүүнү көздөп турган газ экспорттоочу Tellurian компаниясы Польша менен келишим түзүүгө үмүттөнүп турат. Варшаванын орусиялык “Газпром” менен азыркы контракттын мөөнөтү 2022-жылы аяктайт.

Айрым аналитиктердин пикиринде, АКШнын Чыгыш Европанын газ базарына кириши Орусияны камтамага салбай койбойт. Анткени мындай кадам анын бери дегенде Москванын аймактын газ базарындагы ондогон жылдардан берки үстөмдүгүн азайтат.

Орусия Европанын газ базарында ага жакындыгынан жана газ куурларынан улам артыкчылыкка ээ. Ошол эле учурда кээ бир талдоочулар АКШнын Европа базарын газ менен камсыздоо дымагынан күмөн да санашат. Себеби дүйнөлүк базарда газ боюнча сунуштун көптүгү анын баасын дагы арзандатып, суюлтулган газдын экспортун кирешелүү кылууну кыйындатчудай.

АКШнын Европанын газ базарында орун-очок алуу аракети Германиядан жана газды Орусиядан Балтика деңизи аркылуу Европага жеткирүүчү жаңы куурдун курулушуна катышы бар өлкөлөрдөн каршылык жаратуусу мүмкүн.

Өткөн айда эле Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэл АКШ Сенатынын Орусияга жаңы санкциялар боюнча мыйзамынын “Түндүк агым- 2” газ куурунун курулушуна катышкан европалык фирмаларга айып салуу жобосунун артында АКШ газ экспорттоо мүдөөсү турбайбы деп суроо салган.

Балтика деңизинин түбү аркылуу өткөн "Түндүк агым -1" кууру 2011-жылы ачылган.
Балтика деңизинин түбү аркылуу өткөн "Түндүк агым -1" кууру 2011-жылы ачылган.

Германиянын экономика министри Бригитте Циприс болсо АКШ Сенатынын чечимин комментарийлеп, буларга токтолгон.

- Биринчиден, АКШ менен Европанын Орусияга, санкцияларга карата орток мамилесине бул мыйзам аркылуу шек келтирилгени өкүнүчтүү. Эми биз күтүп, президент Дональд Трамп ал мыйзамды кабыл алып, кол коёр-койбосун байкап турушубуз абзел. Эгер ал буга барса биз каршы эмне жасарыбызды карашыбыз керек.

“Түндүк агым- 2” куурун АКШнын Мамлекеттик департаменти Европанын Орусияга энергетикалык көз карандылыгын күчөтүүчү долбоор деп санайт.

Бул аралыкта АКШ президенти Дональд Трамп менен орус президенти Владимир Путин алгачкы ирет "Чоң жыйырманын" Германиянын Гамбург шаарындагы саммитинде 7-июлда жолугарын кечээ Кремл да ырастады. Анын алдында көзмө көз сүйлөшүү болорун Ак үй да ырастап, бирок так датаны айткан эмес.

Ак үй өкүлү Трамп-Путин кездешүүсүнүн конкреттүү күн тартиби жоктугун да белгилеген. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров мурдараак талкуулануусу керек маанилүү маселе катары Сирия согушун атаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG