Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Вирустун айынан АКШ менен Кытайдын айтышы күчөдү


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп коронавирус Кытайдагы вирусология лабораториясынан чыкканын күбөлөгөн далилдер бар экенин билдирди. Бээжин COVID-19 табигый жол менен пайда болгон илдет экенин белгилеп, Вашингтондун айыптоолорун четке кагууда.

COVID-19 илдети дүйнөгө жайылып кеткени үчүн Бээжинди күнөөлөп келе жаткан АКШ президенти Дональд Трамп эми коронавирус Кытайдагы вирусология лабораториясынан чыкканын ишара кылды. Ал буга негиз берген далилдер менен таанышканын 30-апрелде Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Бирок маселенин чоо-жайын ачык айта албай турганын, иликтөө жүрүп жатканын белгиледи.

"Жакын арада билесиңер. Бирок жаман окуя болду. Алар ката кетиришкенби, же баары ката сыяктуу башталганбы, анан алар башкасын жасап чыгышканбы, же кимдир бирөө атайылап бир нерсе кылганбы... Билесиңерби, Кытайдын өлкөгө эч кимди киргизбей, бирок адамдардын өлкөдөн чыгып кетишине уруксат бергенин түшүнбөйм. Бул алар жооп бере турган оор суроо", - деди президенти Трамп.

Ал Кытай вирусту "же токтото албай калган же жайылып кетишине жол берген" деп кошумчалады. Ошол эле учурда коронавирус пандемиясы кантип башталганын иликтөөдө Бээжин "кайсы бир деңгээлде ачык-айкын болууга аракет кылып жатканын" айтты.

Ухан шаарындагы оорукана, 24-февраль 2020-жыл.
Ухан шаарындагы оорукана, 24-февраль 2020-жыл.

Кошмо Штаттардын чалгын кызматтары да коронавирус пандемиясына Кытайдагы лабораторияда орун алган кырсык себеп болушу мүмкүндүгүн иликтеп жатышканын маалымдашкан. Бирок алар вирус "адамдын колунан жаралбаганын же генетикалык жактан өзгөртүлбөгөнүн" белгилешкен.

Сөз болуп жаткан Ухан шаарындагы лаборатория президент Трамптын буга чейинки айыптоолорун четке каккан. Бул борбор SARS эпидемиясынын очогун аныктоого орчундуу салым кошкон. Ошондой эле аталган лаборатория жарганаттардан тараган жаңы вирустарды аныктап, алар адамга кантип жугаарын таап чыкканы белгилүү.

Кытайдын расмий өкүлдөрү өпкөнү сезгенткен жаңы коронавирус кантип башталганы так белгисиз экенин айтып келишет. Бирок адистердин көбү вирус Ухан шаарындагы жапайы жандыктардын эти сатылган базардан тарашы мүмкүн деп жоромолдошкон.

30-апрелде Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШда айтылган дооматтарды кайрадан четке какты.

"COVID-19 - табигый кырсык. АКШ сыяктуу эле Кытай да бул вирустан жабыркады. Жабыркагандардын баарынын тагдыры бирдей. Алар кыйынчылыкты жеңүү үчүн чогуу иш алып барышы керек. АКШ Кытай эмес, вирус душман экенин билиши зарыл. Ушул тушта алар Кытайга күнөөнү оодаргандын ордуна, ички эпидемияны көзөмөлдөөгө, илдетке каршы эл аралык аракеттерге көңүл бурушу керек", - деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ген Шуан.

Кытайдын вирус адеп башталган Ухан шаарында турмуш-тиричилик мурдагы калыбына түшүп баратат, 15-апрель 2020-жыл.
Кытайдын вирус адеп башталган Ухан шаарында турмуш-тиричилик мурдагы калыбына түшүп баратат, 15-апрель 2020-жыл.

Кантсе да коронавирус пандемиясы Вашингтон менен Бээжиндин ортосундагы чыңалууну күчөтүп койду. Ортодогу кайым айтышка Бээжиндин бир нече апта мурда "АКШ армиясы коронавирусту Кытайга алып келген" деген жоромолу да салым кошкону белгилүү. Вашингтон мындай дооматтарды четке каккан.

Эки күн мурда Трамп өзүнүн ноябрдагы президенттик шайлоодо утулуп калышын камсыз кылуу үчүн Бээжин "колдон келген бардык аракетти" көрөөрүн айткан. Бээжин Америкадагы "шайлоого кийлигишүүгө эч кандай ниети жоктугун" билдирген.

Айтор, мындай кайчы пикирлерге себеп болгон COVID-19 илдети дүйнө жүзүндө 3 миллион 270 миң кишиге жукту. Декабрь айында Ухан шаарынан башталган бул илдеттен 1-майга карата 233 миңдей адам көз жумду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG