Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Трамп-Путин саммити өтөбү?


Президенттер Путин жана Трамп APEC уюмунун Вьетнамдагы саммитинде. 11-ноябрь, 2017-жыл.
Президенттер Путин жана Трамп APEC уюмунун Вьетнамдагы саммитинде. 11-ноябрь, 2017-жыл.

Орусияга АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон келгени жатат. Анын иш сапары президенттер Дональд Трамп менен Владимир Путиндин болжолдуу саммитине даярдык катары каралууда. АКШ менен Орусиянын президенттери буга чейин көп тараптуу жыйындардын алкагында эки ирет жолугушса да атайын эки тараптуу саммит өткөрүшө элек.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Москвага, анын басма сөз катчысы билдиргендей, президенттер Трамп менен Путиндин “болжолдуу жолугушуусун” талкуулаш үчүн 27-июнда келгени жатат. Ал эми Орусиянын тышкы саясий мекемеси Болтон менен тышкы иштер министри Сергей Лавров жолугарын ырастады:

- Биз Кошмо Штаттар менен байланыштарга ар убак даярбыз. Муну баары билишет. Эгер жогорку деңгээлдеги жолугушуу боюнча макулдашуу жетишилсе, бул өз учурунда жарыяланат.

Ак үйдүн Москвага келе жаткан кеңешчиси Жон Болтон.
Ак үйдүн Москвага келе жаткан кеңешчиси Жон Болтон.

Орус дипломатиясынын башчысынан соң президент Трамп Путин менен “жакын арада” жолугарын телеканалдардын бири менен болгон маегинде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео да айткан. Ага чейин 21-июнда Трамп Ак үйдө губернаторлор менен өткөн жыйында анын Владимир Путин менен быйыл июлда “жолугушуу мүмкүнчүлүгү” каралып жатканын билдирген.

СNN телеканалынын өткөн аптада дипломатиялык чөйрөдөгү маалымат булактарына таянып кабарлаганына караганда, Трамп менен Путиндин кездешүүсү июль айынын орто ченинде, АКШнын президенти Британияга жана НАТОнун Брюсселдеги саммитине барганга чейин же андан кийин болушу мүмкүн.

CNN телеканалынын булагы Трамп эки тараптуу сүйлөшүү Вашингтондо өтүшүн каалаганын, бирок Москва бейтарап жерде болушун талап кылганын маалымдаган. Андай бейтарап жер Австриянын борбору Вена болушу мүмкүн. Австриянын айрым гезиттери Вашингтон да, Москва да Венага чабармандарын жөнөткөнүн, алар 15-июлга мерчемделген жолугушууга даярдык көрө башташканын жазып чыгышты.

15-июль - Орусияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат расмий жабыла турган күн. НАТОнун Брюсселдеги саммити 11-12-июлда өтөт, ал эми 13-июлда Трамптын Британияга барышы белгиленген. Трамп Путин менен “жакын арада” кездешерин быйыл мартта да билдирген.

Бирок андан бери Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүнө байланыштуу АКШнын быйылкы жаңы санкцияларынан, Британияда мурдагы орусиялык тыңчы ууландырылгандан кийин буга жооп чара катары дипломаттарды чыгаруудан улам Вашингтон менен Москванын мамилеси мурдагыдан да начарлады. Ага чейин алака-катыш Крымдын 2014-жылдагы аннексиясынан, Украинанын чыгышындагы уруштардан, Сирия жаңжалынан улам да бузулган эле.

Путин менен Трамп "Чоң жыйырманын" саммитинде жолуккан учур. Гамбург, 7-июль, 2017-жыл.
Путин менен Трамп "Чоң жыйырманын" саммитинде жолуккан учур. Гамбург, 7-июль, 2017-жыл.

Орусияга Крымдын аннексиясынан кийин АКШ да санкция киргизип, Москва "Чоң сегиздин" тобунан чыгарылган. Анткен менен президент Трамп ушул айдын башында "Чоң жетинин" саммитине баратып, бул топко Орусия кайра кошулушу зарыл экенин белгилеген болчу:

- Бул силерге жагабы же жакпайбы, балким бул саясий жактан да туура эмес болуп калышы мүмкүн, бирок биздин дүйнө башкарууну талап кылат. "Чоң жети" мурда "Чоң сегиз" болуп, Орусия андан чыгарылган. Алар эми Орусиянын кайра кайтып келишине мүмкүнчүлүк бериш керек. Анткени сүйлөшүү столунда Орусия да болушу зарыл.

Трамп менен Путин буга чейин былтыр июлда "Чоң жыйырманын" Германиядагы жыйынында, ал эми ноябрда Вьетнамда APEC уюмунун саммитинде кездешкен. Эгер алар келерки айдын орто ченинде жолукса, бул НАТОнун саммитине тушташ болгону турат.

Түндүк Атлантикалык альянстын чыгышындагы тогуз мамлекет алар Орусиянын “агрессиясы” деп эсептеген көрүнүштөрдөн улам НАТОнун чыгыш аймактагы туруму учурдагыдан да күчөтүлүшү керек деп санашат. Түндүк Атлантикалык альянстын чыгыштагы мүчөлөрү Путин менен Трамптын болжолдуу жолугушуусуна тынчсызданышкананы менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 25-июнда буларга токтолду:

Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

- Мен президенттер Трамп менен Путиндин жолугушуусу НАТОнун саясатына шайкеш келет деп айта алам. Анткени, НАТО Орусия менен диалогго ишенет. Бизде Орусияга карата эки багыттуу мамиле бар: күч менен токтотуу жана саясий диалог менен коштолгон коргонуу. Акыркы эки жылда биз Орусия-НАТО кеңешинин отурумун жети жолу чакыра алдык. 2014-2016-жылдардын аралыгында андай жыйындардын бири да болгон эмес. Андан кийин биз Украина, кооптуу жагдайларды азайтуу, аскердик ачык-айкындуулук, аскердик машыгуулар боюнча өз ара маалымат алмашуу боюнча жети жолугушуу өткөрө алдык. Андыктан мен үчүн президенттер Трамп менен Путиндин жолугушуусу НАТО менен НАТОнун өнөктөшү Орусия өткөрүп жаткан диалогдун бир бөлүгү гана болот.

Москва 2014-жылы Крымды аннексиялагандан кийин НАТО "Чыгыш фланг", Орусия "Батыш фланг" деп атаган аймактарында эки тарап тең аскердик турумдарын чыңдаган. Ошондой эле бул аймактарда бир нече ирет аскердик машыгууларды да өткөрүштү.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG