Кыргызстандын намысын коргой турчу спортчулар менен жакындан таанышыңыз.
Токиодо Олимп оюндарынын ачылышы өттү. Дээрлик 70 миң кишиге ылайыкташкан стадиондо миңдин тегерегиндеги киши болду. Театрлаштырылган аземди сүрөттөн көрүңүз.
Токиодогу Олимп оюндарынын экинчи күнүндө медалдардын саны боюнча Кытай биринчи сапка чыкты. 25-июлга карата кытайлык спортчулар 5 алтын, 1 күмүш, 3 коло байгесин утушту.
Экинчи сапка Жапониянын курамасы чыкты. Бул өлкө спортчулары эки күндө 4 алтын, 1 күмүш байгеге ээ болушту. АКШ курамасынын спортчулары 2 алтын, 2 күмүш, 4 коло байгеси менен үчүнчү орунду ээледи.
Казакстандык эки спортчу Олимпиаданын эки коло байгесин утту. Медалдар топтому боюнча Казакстан 27-орунга чыкты.
Токио Олимп оюндарынын алгачкы алтын байгеси да Кытайга кетти. 24-июлда кытайлык ок атуучу Цянь Ян 10 метрге пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча аялдар арасындагы мелдеште жалпы 251.8 упай топтоп, чемпион болду. Ян алгачкы алтын байге уткан спортчу болуп калды.
Аны менен кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова да таймашып, жыйынтыгында Кубанычбекова 612,8 упай менен 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээледи.
23-июлда расмий ачылган Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат. Бул Олимп оюндарына дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11 300 спортчу катышууда. Алар спорттун 33 түрү боюнча таймашууда. Оюндарда жалпы 339 медалдар топтому ойнотулат. Оюндарга Кыргызстандан 16 спортчу катышып жатат.
Токиодо жайкы Олимп оюндарынын экинчи күнү уланууда. 25-июлда спорттун 10 түрү боюнча 18 алтын медаль ойнотулду. Алардын арасында спорттун олимпиадалык түрү катары жаңыдан таанылган серфинг жана скейтбординг боюнча да мелдештер башталды. Серфинг боюнча жарыш аба ырайынын шарты ыңгайлуу болсо өтөт. Ал эми скейтборд боюнча алгачкы олимпиадалык медалдар ыйгарылат. Мындан сырткары дүйнөдөгү таанымал спортчулар катышкан аялдар арасында теннис, гимнастика жана баскетбол боюнча мелдештер башталууда.
Пандемиядан улам бир жыл кечигип өтүп жаткан Олимпиада COVID-19дан улам чочулоо менен коштолууда. 24-июлга карата Олимп оюндарына тиешеси бар 127 адамдан вирус аныкталды. Алардын көпчүлүгү оюндарды уюштуруу үчүн тартылган кызматкерлер болсо, үчтөн бери башка мамлекеттердин жарандары.
Ооруп калгандардын арасында коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр бар. Алардын айрымдары мурда ооруп чыкканы үчүн вакцина албаганын түшүндүрсө, кээ бир спортчулар мелдеш алдында эмдөөдөн өтүүнү каалабаганын айтышкан.