Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.

Кыргызстан спортчуларын тосуп алды

Кыргызстандыктар XXXII жайкы Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуп алышты.

Ала-Тоо аянтында Токиодон кайтып келген спортчуларга арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал утту. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.

Кыргызстан эки күмүш, бир коло медал утуп алды.

XXXII жайкы Олимпиада оюндары жапон башкалаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталмакчы.

Кыргызстандан 16 кыргыз спортчусу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн 5, грек-рим күрөш боюнча 4, жеңил атлетикадан 2, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.

Олимпиада оюндары Токиого 67 жылдан кийин кайтып келди. Олимп оюндарына дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышууда. Спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат. Токио оюндарына катышып жаткан кыз-келиндер 48,8% түздү.

Олимпиада 2020-жылдын 24-июлунан 9-августка чейин өтүшү керек эле. Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам бир жылга жылдырган.

Токио Олимпиадасынын программасына спорттун беш жаңы түрү: бейсбол менен софтбол, каратэ, серфинг, аскага чыгуу жана скейтбординг кирди.

Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында 6-августта эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта мелдешке катыша турган кыргызстандык Эрназар Акматалиевдин алгачкы атаандашы белгилүү болду.

Ал 1/8 финалда индиялык Бажраң Пуниа менен беттешет. Бул салмакта жалпысынан 16 балбан күч сынашат.

Бажраң Пуниа 27 жашта. Дүйнө чемпионатынын үч жолку байге ээси (бир күмүш, эки коло), Азиянын эки жолку чемпиону, үч жолку күмүш, эки жолку коло байгесинин ээси. Азия оюндарынын күмүш жана коло байгесин уткан.

Эрназар Акматалиев 23 жашта. Токио Олимпиадасына жолдомону быйыл апрелде Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык квалификациялык мелдеште алган. Ал 65 килограмм салмакта мелдештин жарым финалында 2020-жылдагы Азия чемпиону (70 кг), өзбекстандык Ильяс Бебулатовго 0:8 эсебинде жеңилип келе жатып, атаандашынын далысын килемге басып финалга чыккан.

Эркин күрөш боюнча Азиялык квалификациялык мелдеш. 65 кг. жарым финал. Э.Акматалиев - И.Бекбулатов 4:8. 11-апрель, 2021-ж.

Алтын байге үчүн беттеште ирандык Амир Мохаммад Язданини 15:13 эсебинде жеңип, алтын медал тагынган.

Бул жылы Акматалиев Украинада өткөн эл аралык мелдеште да күмүш байге алды. 2019-жылы Иранда өткөн Тахти кубогунун жеңүүчүсү. 2018-жылдагы жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси. 2015-жылы уландар (кадеттер) арасындагы Азия чемпионатынын коло байгесин алган. (ECh)

Токиодогу Олимп оюндарында Казакстандын мушкерлер курама командасы алтынсыз калышты. 5-августта мушкер Сакен Бибосынов 52 килограмм салмакта жарым финалда британиялык спортчуга 2:3 эсебинде утулуп калды.

Чейрек кылымдан бери алгачкы ирет казак мушкерлери финалга жетпей калышты. Курама команда 1996-жылдан бери мекенине алтынсыз кайта элек болчу.

Бул жолу Сакен Бибосынов менен Камшыбек Кункабаев коло медалга ээ болушту. Казакстандык күйөрмандар Рио-де-Жанейродо күмүш тагынган Василий Левитке жана 2019-жылкы дүйнө чемпиону Бекзат Нурдаулетовго үмүт артып турушкан.

Учурда Казакстандын улуттук курама командасынын капчыгында беш коло медаль бар. Мушкерлерден башка дзюдочу Елдос Сметов, оор атлетчилер Зульфия Чиншанло менен Игорь Сон коло алышкан.

Борбор Азия мамлекеттеринен эки алтын, бир коло медаль менен Өзбекстан алдыда. Андан кийинки орунда эки күмүш, бир коло менен Кыргызстан турат. Казакстан үчүнчү, ал эми Түркмөнстан эгемен тарыхындагы алгачкы күмүш менен төртүнчүдө. Тажикстан бул жолку Олимп оюндарында бир да медаль алган жок.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюму (UWW) кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекованы жана Мээрим Жуманазарованы “Тарых жаратуучулар” деп атады.

Тыныбекова тууралуу уюм “Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Кыргызстан үчүн алгачкы күмүш медаль утуп, тарых жаратты” деп, Жуманазарова жөнүндө “Коло байге утуп, Олимпиадада медаль тагынган алгачкы кыргызстандык кыз болуп тарых жаратты” деп жазды.

Токиодогу Жайкы Олимп оюндарында эркин күрөш боюнча кыргыз балбаны Айаал Лазарев биринчи беттеште утулду.

Ал 5-августта 125 кг салмакта америкалык Дэн Гейбл Стивенсон менен күрөшүп 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн жеңилип, чейрек финалга чыкпай калды.

Теги якутиялык Лазарев - 35 жашта, ал он жылдай убакыттан бери эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп келатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG