Токтогулдан калган таберик
Токтогул Сатылганов туулуп-өскөн Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Чолпон-Ата айылында акындын жашаган үйү сакталып турат. Андан анча алыс эмес жерде акындын теберик буюмдары сакталган музейи бар. Бул жайга өлкөнүн булуң-бурчунан зыярат кылып келгендер көп.
![Улуу акын Токтогул Сатылгановдун музейи мындан 34 жыл илгери 125 жылдык мааракесине карата ачылган.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-382f-08dc09cc5037_w1024_q10_s.jpg)
1
Улуу акын Токтогул Сатылгановдун музейи мындан 34 жыл илгери 125 жылдык мааракесине карата ачылган.
![Музейдин жетектөөчү илимий кызматкери Гүлмира Осмонованын айтымында, бул жерде акынга таандык таберик буюмдар, анын ичинде эки комузу сакталып турат.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-6023-08dc09cc502a_w1024_q10_s.jpg)
2
Музейдин жетектөөчү илимий кызматкери Гүлмира Осмонованын айтымында, бул жерде акынга таандык таберик буюмдар, анын ичинде эки комузу сакталып турат.
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-8357-08dc09cc42b3_w1024_q10_s.jpg)
3
![Музей бир кабаттан турат. Ичиндеги үч бөлмөдө Токтогул Сатылгановдун жашап өткөн өмүрү, үй-бүлөсү, Сибирдеги жашоосу жана анын шакиртеринин сүрөттөрү сакталып турат.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-4dd6-08dc09cc502c_w1024_q10_s.jpg)
4
Музей бир кабаттан турат. Ичиндеги үч бөлмөдө Токтогул Сатылгановдун жашап өткөн өмүрү, үй-бүлөсү, Сибирдеги жашоосу жана анын шакиртеринин сүрөттөрү сакталып турат.
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-8e96-08dc09cc42cc_w1024_q10_s.jpg)
5
![Кылымдардан бери сакталып турган акындын комузу ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-fe70-08dc09cc42e4_w1024_q10_s.jpg)
6
Кылымдардан бери сакталып турган акындын комузу
![Музейде сакталып турган жазмалар.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-6442-08dc09cc502d_w1024_q10_s.jpg)
7
Музейде сакталып турган жазмалар.
![Гүлмира Осмонова акындын Сибирден кайтып келе жаткандагы жол картасын көрсөтүп берип жатат.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-dc7f-08dc09d11fc5_w1024_q10_s.jpg)
8
Гүлмира Осмонова акындын Сибирден кайтып келе жаткандагы жол картасын көрсөтүп берип жатат.
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-16ee-08dc09cc73bd_w1024_q10_s.jpg)
9
![Чолпон-Ата айылындагы Саз-Жийде деген аймакта Токтогул Сатылганов жашаган үй азыр музейге айланган.](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-e038-08dc09cc429b_w1024_q10_s.jpg)
10
Чолпон-Ата айылындагы Саз-Жийде деген аймакта Токтогул Сатылганов жашаган үй азыр музейге айланган.
![Саз-Жийде аймагындагы акындын үйү](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-eb6c-08dc09cc58ac_w1024_q10_s.jpg)
11
Саз-Жийде аймагындагы акындын үйү
![Акын бул үйдө 1916-жылдан 1933-жылга чейин жашап, сөөгү ушул жерден чыкканы айтылат. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-2f38-08dc09cc5952_w1024_q10_s.jpg)
12
Акын бул үйдө 1916-жылдан 1933-жылга чейин жашап, сөөгү ушул жерден чыкканы айтылат.
![Акындын үйүн көргөнү келген туристтер жыл сайын көбөйүп жатат. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-8757-08dc09cc6120_w1024_q10_s.jpg)
13
Акындын үйүн көргөнү келген туристтер жыл сайын көбөйүп жатат.
![Үйдүн таманына камыш төшөлүп жылууланган. Бул үйдө акын жашап өткөндүктөн келген коноктор ар дайым кызыгуу менен келип көрүп кетишет. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-485f-08dc09cc7086_w1024_q10_s.jpg)
14
Үйдүн таманына камыш төшөлүп жылууланган. Бул үйдө акын жашап өткөндүктөн келген коноктор ар дайым кызыгуу менен келип көрүп кетишет.
![Үй эки бөлмөдөн турат. Дубалдарда атайын идиш-аяктар жана төшөктөр үчүн жайлар даярдалган. Бөлмөлөр жарык болуш үчүн терезелер көп коюлган.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-423d-08dc09cc5956_w1024_q10_s.jpg)
15
Үй эки бөлмөдөн турат. Дубалдарда атайын идиш-аяктар жана төшөктөр үчүн жайлар даярдалган. Бөлмөлөр жарык болуш үчүн терезелер көп коюлган.
![Үй музейде сакталып турган жез буюмдар.](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-571a-08dc09cc6081_w1024_q10_s.jpg)
16
Үй музейде сакталып турган жез буюмдар.
![Токтогулдун сөөгү айылдагы Узун-Акмат суусунун жээгинде коюлган. Бул жерде Токтогул акындын жакындары, шакирти Коргоол Досу уулунун да сөөгү жатат.](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-bd9c-08dc09cc693e_w1024_q10_s.jpg)
17
Токтогулдун сөөгү айылдагы Узун-Акмат суусунун жээгинде коюлган. Бул жерде Токтогул акындын жакындары, шакирти Коргоол Досу уулунун да сөөгү жатат.
![Токтогул Сатылгановдун күмбөзү](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-b731-08dc09cc6c64_w1024_q10_s.jpg)
18
Токтогул Сатылгановдун күмбөзү
![Бул жайга өлкөнүн булуң-бурчунан кишилер келип, зыярат кылып, куран окуп кетишет экен. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү чакан музей жана акын баскан жерлер ошонусу менен дагы көпчүлүк үчүн таберик болсо керек.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-ab1e-08dc09cc693a_w1024_q10_s.jpg)
19
Бул жайга өлкөнүн булуң-бурчунан кишилер келип, зыярат кылып, куран окуп кетишет экен. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү чакан музей жана акын баскан жерлер ошонусу менен дагы көпчүлүк үчүн таберик болсо керек.
![Акындын өмүрү жана сөөгү жаткан Чолпон-Ата айыл аймагындагы алты айылда 8650 тургун бар. Жергиликтүү эл мал багып, дыйканчылык менен тиричилик кылат.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-bbaa-08dc09cc7086_w1024_q10_s.jpg)
20
Акындын өмүрү жана сөөгү жаткан Чолпон-Ата айыл аймагындагы алты айылда 8650 тургун бар. Жергиликтүү эл мал багып, дыйканчылык менен тиричилик кылат.
Facebook шеринеси