Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:46

Төкөлдөштө калган жаштык


Айылдан шаарга келгендердин көбүнүн батир деген көрүнбөгөн көйгөйү болот. Көчөдөн-көчө койбой издеп жүрүп үй табыш – тозок жумуш. Мамат Сабыровдун “Төкөлдөш, Тэцуо жана Назира апа” аңгемесинде мына ушул көйгөй, жаш адамдын турмушу сүрөттөлгөн.

“Балам, сага квартира керекпи?”

Айылдан шаарга окууга же ишке келгендердин текши баары көчөдөн-көчө калтырбай үй издегени, кулактандыруу жабыштырылган жерге үймөлөктөшүп, кагазын жулуп алганы, квартира деп аягы талып суй жыгылганы жаңылык деле эмес. Биздин каарман да окуусун бүтүп, ылайыктуу иш таппай, гезит редакцияларын түгөл кыдырып, батир издеди.

“Кыргызстан” мейманканасынын жанындагы чоң тактага жабыштырылчу кулактандырууларды көп аңдыды. Айтылган жерге апыл-тапыл жетип барса, анысында бирөө жашап калган болот же башкалар мунун алдында ээлегенин уга берип тажады да, батир берчүлөрдү аңдый баштады. Анын үстүнө үй табышты тездетүү керек болуп калды.

Айылдан апасы телефон чалып, карындашы ээленип окууга бармакчы болуп жатканын, “пешенеси ачылса өтүп, окуп каларын”, андай болбосо кайра тез жиберип ийишин сурады. “Кыз бала окуп, министр боловеле. Лайыктуу жер чыкса берверевиз. Атистат алар замат эле берейли десек жок, окууга барам деп делгирип калды. Майли эми, барса барып, шаар көрүп келсин”, - деди.

Жалаң тамеки түйшүгүнөн чыкпаган бечара карындашы мектепти деле жакшы окубады. Жаз-күз колхоздун жумушу, тамеки, көчөт, сакмал, чөп – мектеп окуучулары болбосо бу колхоздун иши дегеле жүрмөк эмес. Эми агасын жакшы көргөн кара жумушка бышкан карындашын окууга өтө албаса да шаар көрүп келсин деп апасы шаарга жөнөтүп аткан кези экен. Келип тапшырып, кулап, анан шаар кыдырып, учакка отурат да “кайдасың Ноокат” деп үйүнө кетет. Азыраак үйдө отурат, анан улам-улам келе берген жуучулардын бирине макул болуп байкуш кызды күйөөгө берип ийишет.

Карындашы келгиче квартирди табыш керек. Кулактандыруу илинчү тактайдын жанында батир берчүлөрдү күтүп турса, “арыраакта үстүнө майда гүлдөрү бар көгүш көйнөк кийген кемпир ар кимди карап коюп турган”. Сурагандардын бир-экөөнө макул болбой, анан өзү жанына басып келип “башкалар укпасын” дегендей акырын шыбырады:

“– Балам, сага квартира керекпи?

– Керек. Каерде квартираңыз?

– Төкөлдөштө.

Квартира табылганына сүйүнүп кеткеним менен, дарегин укканда ойлоно түштүм. Төкөлдөш чоочун киши ээн-эркин баса албаган криминалдуу район эсептелчү.

– Жүрү, үйдү барып көрөсүңбү?

Барганга бутум тартпады. Бирок не бар, не жок деп дарегин жазып калдым.

– Сөзсүз бар, ээ? – деди кемпир жалдырагандай үн менен. – Мен чарчадым, балам.

Дагы бир жумадай жарнама тактанын жанында туруп, квартира таппаган соң татар кемпир берген дарек боюнча Төкөлдөштөгү батирди издеп жөнөдүм.

Назира апай ижарага бермекчи болгон квартира узуну да, туурасы да үч метрдей келген, кичинекей терезеси бар жапыз бөлмө экен. Асты полдонбогон, дубалынын бурч-бурчун жөргөмүш желелеген бөлмөгө эки адамдык керебет коюп коюшуптур. Кыязы, бул мурда отун же буюм-тайым сакталган кампа болгон окшойт. Бирок канча күндөн бери квартира издеп тажаганыман ушунусуна да шүгүр деп жашап калдым. Анан калса, башка жактан мындай арзан (айына 15 сом) квартира табыш кыйын. Ишке орношуп, акча таба баштасам, түзүгүрөөк квартирага чыгып кетермин деп ойлодум”.

Таттуу лагман

Бишкектин чыгыш тарабындагы Аламүдүн дарыясын бойлой жайгашкан айтылуу Төкөлдөш айылын ошентип тааныды. Криминалдык дегени менен, тынч, шаардын ичине кирип калса да, айылдын каада-салтын бекем сактаган, кошуна-колоңдор бири-бирин үйүнө чакырып, даам ооз тийгизген жер экен.

Назира апайдын чалы Равиль кавказдыктар түспөлдөшүп кеткен көзү чүңүр, бир жаман жери, кудайдын куттуу күнү ичип келип чыканактай кемпирин токмоктоп жатып калчу “өнөрү” бар экен. Байкуш Назира апай мас болгон чалы уктагыча мунун жанынан качып келип башынан өткөндөрүн, Равилдин итчилигин көзүн жаштап отуруп айтып берет.

Кемпир биринчи күйөөсү менен Сибирде иштеп, бир үйгө жетерлик акча тааптыр. Буйрубаган акча экен, поюзга билет алалбай станцияда үч күн кезекте турушуптур. Анан азап менен поюзга отурганда, күйөөсү акча салынган сумкасын аялына таштап бир жакка кетип калып атпайбы. Кирпиктүү көзүн ирмебей үч күн тикесинен тик турган бечара ысык поюзга отурганы сумкасын башына жаздап көзү илинип кетип атпайбы. Ыймансыз бирөө сары майдай сактап келаткан акчасын уурдап, башына эски купайкени жаздап кетип калыптыр.

Күйөөсү келип ойготуп, акча кана дейт. Кайдагы акча, анысы ачуусу менен бүжүрөйгөн байкушту сыртка ыргытып ийиптир. Караңыз, байкуштун ичер суусу түгөнө элек экен, калың күрткүгө сайылып аман калыптыр. Поюз жолдо иштегендер аны күрткүдөн сууруп чыгып ооруканага жеткиришип, ажалдан аман калгандан кийин кайдан тапканы белгисиз, күйөөсү кечирим сурап келиптир, бирок көңүлү калган Назира апай аны кууп ийиптир. Кийин башка бирөөгө тийип, анысы каза болуп, соңунда “одеколончу” Равилди таап отурбайбы. Бул таржымал-тарыхты апай квартирантына жүз жолу айтты окшойт, балага жат деле болуп калды. Айрыкча “чачыман кармады да (такымыма жете турган узун чачым бар эле) тамбурга сүйрөп барып, поюздан ыргытып ийди” дегенин айтканда, угуп отурган жаш неме жаман болуп кетчү, ичиркенте турган окуя да, кыш-күрөөдө, Сибирде.

Тынч айыл

Назира апайдын экинчи күйөөсүнөн бир баласы бар экен. Ал шумпай кемпирдин колунда акча болуп калганда кайдан-жайдан пайда болуп калчу. Апасын алдап-соолап, тилдеп, коркутуп-үркүтүп акчасын алчу да көздөн кайым болчу. Ушундай шордуу.

Бир күнү Назира апай квартирантын ээрчитип чалынын бөлмөсүнө жөнөдү. Баратып атырдын ар бир шишесин үч сомдон сатып алып ичерин айтты. Равилдин үшүн алып койсун деп келген экен.

“– Улым милийса, – деди Назира апа. – Тынч жатып калбасаң азыр алпарып камайды.

Назира апанын бул сөзү мен үчүн күтүүсүз нерсе болду. Бир жолу каерде иштейсиң деп сураганда, милицияда деп койгом. (Ошол күндөрү чындап эле ИИМдин "Бетме-бет" гезитине ишке кирмекчи болуп, чуркап жүргөм. Бул редакцияда иштеген журналисттер офицердик наам алып, кадимкидей форма кийишет. Бирок мына-мына буйрук чыгат деп атканда башка бирөөнү алып коюшту.)

Эми бурчка камалып, артка жол жок болуп калган соң өзүмө мүнөздүү болбогон ролду ойноого туура келди.

– Байке, эмнеге чыр салып атасыз? – дедим кабагымды карыш салып.

Эң кызыгы, бул тактика таасир этти. Равиль байке менин иш таппай жүргөн бир байкуш экенимди билчү эмес. Эртең менен папкамды колтуктап алып, чыгып баратканымды гана көрүп калчу. Андыктан, Назира апанын улым милийса дегенине ишенди окшойт. Эми эле кирген буурадай албууттанып, буркан-шаркан түшүп аткан киши бир заматта жоошуп, жайпаңдай түштү.

– Кел, Мырза, отурчу. Иштериң кандай болуп атат?

Мен отурган да, суроосуна жооп берген да жокмун.

– Байке, экинчи эжеге кол көтөргөнүңүздү көрбөйүн, – дедим ого бетер кабагымды салып. – Уктуңузбу? Равиль байке мени кучактап калды эле оозунан кайра атырдын жыты «бур» эте түштү.

– Болду, болду... Отурсаң, чай ичели”.

Ошол окуя таасир эттиби Равиль Назира апайды жини келсе эле баса калып токмоктоп ийүүсүн токтотту. Анткен менен тынч деген Төкөлдөштө бир жолу кеч келатса төрт-беш бала муну токтотуп чөнтөгүндөгү азыраак тыйынын, анан автобуска түшчү “проездноюн” алып коюшту. Ага анча деле капа болбоду, тигилер бети-башын кан кылып токмоктошподу, ансыз да ишке орношо албай жүргөндө жарылган бети-башы менен жумуш берчүлөр алдына баралмак эмес, ушунусуна сүйүндү. Ошондон көп өтпөй кошуналарынын бири тамактан кыйналып жүргөн бечарага даамдуу лагман куюп келип берди. Кыйла күндөн бери ысык тамак иче элек неме аябай сүйүндү. Студенттик турмуш артта калганы менен анын жетишпеген өп-чап жашоосу муну дагыле бучкактап коё бербей келаткан.

Ысык тамакка тойгондон кийин көңүлү көтөрүлүп баратса, Равилдин времянкасында жашаган кош бойлуу келин ыйлап отурат. Кошунанын баласынын тапочкасы түшүп калса, ошону алып бериптир, “ырымдап койсо не болот” деп күчүн көз жашына чыгарып жатыптыр. Чопчоң келиндин таң калычтуу жоругуна же ыйларын, же күлөрүн билбей жолун улантты. Андай тапочкаларды бул деле эки-үч ирет алып берген, андан эч нерсе болбоду. Ушунусун айтса, тигил ишенип, көз жашын тыйып, сооронуп калды. Кызык адамдар, аны ойлогончо аэропортко жетип калды.

Шаарга келгенине ыраазы карындашы апасы берип ийген элүү сомду ошол жерден эле агасына карматты. Жүз сом берип ийишсе батир акысын төлөп, тамак-ашына кичине арттырып калмак, элүү сом карындашынын баскан-турганына, кайра кетишине өп-чап жетет. Мунун шаарда тишинин кирин соруп, жадесе автобуска төлөгөнгө тыйыны жок жөө жүргөнүн үйдөгүлөрү билишпейт да. Карындашы агасынын тооккананы элестеткен квартирасын көрүп таң калды, бирок Назира апайдын мээримин көргөндөн кийин көңүлү көтөрүлүп, кемпир экөө ынак болуп кетишти.

“Карындашымдын документтерин тапшырган соң, тааныш издей баштадым. Университеттеги кечээ эле мени окуткан мугалимдердин баары азыр деле иштеп атышкан. Бирок мен жардам сурап кайрылган кишилердин баары адегенде жадырап тосуп алышканы менен, бир сом да бере албасымды билишкен соң ар кандай шылтоолорду айтып, өздөрүн алып качып калышты. Бир гана кыргыз тилден берген картаң агайым ачык айтты. "Орундардын баары бөлүштүрүлүп бүттү, карындашың быйыл өтө албай калды го", – деди.

Колуна кагаз, калем алып, быйыл филфакка болгону 50 студент кабыл алынарын, анын тең жарымы Ооган согушунун катышуучулары, даярдоо курсунан өткөндөр экенин, эми калган 25 орунга 500дөй абитуриент ат салышып атканын эсептеп берди.

– Химфака тапшырып көрбөйсүңөрбү, толбой жатат”.

Кайдагы химфак, агасынын эле филфагынан кулаптыр. Адатынча суй жыгылганча редакцияларды жөө кыдырып кечинде батирине келсе, карындашы күчүн жашына чыгарып ыйлап отуруптур. Анысын айттырбай эле билди. Негизи өткөндөр аз, кулагандар көп, карындашын сооротуп, бир-эки күн шаарды, музей-дүкөндөрдү кыдыртып, кайра самолётко салып ийди. Байкуш кызды атасы менен апасы барар замат күйөөгө берип ийишет. Антпесе аскерден келип жерге-сууга батпай турган балдардын бирөө ала качып алат.

Карындашынын кайгайын ойлоп жүргөн чактарынын биринде буга жумуш чыгып калбаспы. Иши да, жатаканасы да чечилди. Китептери менен кийимин көтөрүп жөнөй берерде Назира апайдын жалооруган кейпин көрүп түтпөй кетти. Үйлөнөр замат карындашын, Назира апайды квартирасына алып кетерин убадалап ийди. “Равиль жалгыз кантет? Мен болбосом такыр эле арактан башы чыкпай калбайбы”, - дейт байкуш кемпир ачуусу чукул чалын аяп. Кабат үйдө тыгылбай “биздин времянка бошоп калат, ошого кел” дейт. Ушундай да боорукер адам болот экен, күн алыс таягын жеген ачуусу чукул чалын кыя албай отурат. Мырза кемпирге рахматын айтып, тар болгону көңүлүнө жакын болуп калган үйдү таштап жеңил жүгү менен жаңы үйүнө бет алды. Шаар ичи жарыкка толуп, көп кабат үйлөр жаш адамды өзүнө чакырып турду.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG