Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

"Тил билбесең, айып пул төлөйсүң". Орусиянын мигранттар боюнча сунушу


Москва шаары. Архив сүрөт.
Москва шаары. Архив сүрөт.

Орусиянын мигранттардын "орус тилин үйрөнүүсүнө шык берүү" боюнча сунушу Кыргызстанда да кызуу талкуу жаратты. Сунушта чет элдиктердин тилди канчалык билери боюнча рейтинг чыгып турары, анда жакшы көрсөткүчкө жеткендерге салыктык жеңилдик берилсе, төмөн упай алгандар кошумча акча төлөшү мүмкүн экени айтылган.

Кыргызстандан барган миллиондон ашык мигранттын көбүнүн жогорку билими жок экенин, бул талапты алардын үстүнөн акча табуу амалы катары баалагандар да болууда.

Орусия ИИМнин сунушу

Орусиянын Ички иштер министрлиги орус тилин жакшы билбегендерге айып пул салууну сунуштап жатат. Мындай системаны "тилдик рейтинг" деп аташкан. Бул тууралуу 22-мартта Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселеси боюнча башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова 22-мартта айтканын “Интерфакс” жазды.

Тилдик рейтингдин жардамы менен Орусиянын милициясы мигранттарды орус тилин үйрөнүүсүнө шык бергиси келет. Тилди жакшы өздөштүргөндөргө салыктык жеңилдиктерди берүүнү сунуштоодо. Андан тышкары, министрлик мигранттардын тилди билүүсүн упай менен баалоону киргизүүнү пландап жатат.

Мигранттын тил билүүсү төмөн болсо, ага үч айга чейин адаптациялык мөөнөт берилет. Бул убакыт аралыгында да көрсөткүчтөр төмөн бойдон кала берсе, белгилүү бир өлчөмдө айып төлөөгө милдеттендирилет. Эгер орус тилин, Орусиянын тарыхын жана негизги мыйзамдарды жакшы билсе, жеке жактарга салыктан жеңилдик берүү да каралат. Казакованын айтымында, бул жеңилдик 10-50% чейин берилиш мүмкүн.

Бул сунуш тууралуу маалымат чыккандан кийин социалдык тармакта талкууланып, кыргызстандык мигранттардын абалына тынчсыздангандар болду. Андан тышкары Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө экенин, биримдикке кирген өлкөлөр ичинде миграциялык эркиндик болушу керектигин эскерткендер да бар.

"Акча табуу амалы болушу мүмкүн"

Москвадагы "Ноокат" коомунун төрагасы, ишкер Толкунбек Акматов Орусия Ички иштер министрлигинин сунушун Кремлдин кошумча акча табуу амалы деп эсептейт.

“Бул сунуш ишке ашса деле кыргызстандыктар үчүн кыйынчылык болбойт. Борбор Азиядан келгендердин арасында кыргыздардын орус тил билими жакшы, бат көнүп кетет. Бул тажикстандыктар менен өзбекстандыктарга чоң маселе болушу мүмкүн. Бул план Орусиянын кошумча акча табуу амалы болушу мүмкүн. Анализ кабыл алып жүргөн Сахароводогу лабораторияда күнүнө 50-60 миллион рубль түшөт экен. Мигранттын тил билип-билбегени эч кандай мааниге ээ эмес. Эгер жумушка тил билими керек болсо, иш берүүчү ансыз деле билбегендерди албайт да”.

Орусияда мигранттарга орус тилин үйрөтүү маселеси буга чейин да көтөрүлүп келген. 2021-жылы президенттин алдындагы жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укугу боюнча кеңешинин башчысы Валерий Фадеев Орусияга иштегени келген жарандар орус тилин билиши керектигин, антпесе “укуктук, социалдык жана коммуникациялык талаадан чыгып кетишерин” айткан жайы бар. Мигранттардын тил маселеси Мамлекеттик Дума да маал-маалы менен көтөрүлүп жүрөт.

"Орусча билбеген мигранттар көп"

Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын кесиптик кошуундар бирикмесинин төрагасы Жамалидин Эшанкулов миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын баары эле орус тилин билбей тургандыгын айтты.

“Бизде айыл жерлеринен Орусияга барып иштегендер көп. Алар орус тилин билишпейт, сүйлөшө албайт. Мүчөлөрүбүзгө талаптарды араң түшүндүрүп беребиз. Мигранттарыбыздын айрым бөлүгү пассивдүү, социалдык тармактарга да киришпейт. Юридикалык терминдер, талаптар бери турсун, өзүнүн каттоосунун мөөнөтүн билбей жүрө бергендер да бар. Албетте, бул талап кыргыз мигранттары үчүн кыйынчылык жаратат”.

Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны расмий маалыматта 1 миллиондон көп. Кыргызстандын аймактарында орто мектепти бүтүргөн соң миграцияга кеткендердин агымы көбөйгөнү айтылып келет.

"Биздин тил саясатыбызга дагы сын айтпасын"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул чечим Орусиянын ички маселеси экенин, кабыл алынса кайсы бир деңгээлде коррупциялык көрүнүштөрдү күчөтөт деген ойдо.

“Рейтинг кылабыз деп жатышат. Балким, ниети жакшы. Бирок аны ишке ашыра келгенде акча менен бүтүрүп, аныктама алып эле бүтүп калат го. Албетте, барган мамлекеттин тилин билишибиз керек. Бирок алар дагы бизге кыргыз тилин өнүктүрөбүз деген учурда сын айтып, “орус тилге басым кылып жатат” деп ойлошпосун. Кыргыздарга орус тили керек, бирок биз дагы кыргыз тилин өнүктүрүшүбүз керек”.

Кыргызстанда көбүнчө совет мезгилинен калган жер-суу аталыштарын өзгөртүүдө жана тил маселеси көтөрүлгөндө Орусиянын жогору кызматтагы өкүлдөрү билдирүү жасаган учурлар болуп турат. Алсак, былтыр октябрдагы Элдик курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкектеги төрт райондун атын кыргызчага алмаштыруу демилгесин көтөргөн. Андан көп өтпөй, Орусиянын Мамлекеттик думасынын Эл аралык иштер комитетинин төрагасынын орун басары Светлана Журова "Говорит Москва" радиосу менен болгон маегинде демилге Кыргызстанда жашаган "орус тилдүү элдин укугун тебелөөгө жатат" деп билдирген.

Орусиянын Коммунисттер партиясынын мүчөсү, Мамдуманын депутаты Александр Ющенко болсо спикердин демилгесин "кыргыз бийлиги советтик өтмүшкө түкүрүп жатат" деп баалаган.

"Сунуш ЕЭК кеңешмесинде каралат"

Евразиялык экономикалык комиссиясынын эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова бул сунуш ЕАЭБге кирген өлкөнүн жарандарына тиешелүү болбошу мүмкүн дейт.

“Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК)11-12-апрелдерде Орусиянын ИИМи менен кеңешме өтөт. Ошол жыйында бул сунушту да талкуулайбыз. Анткени муну такташыбыз керек. Бул талап бир гана патент алып иштегендергеби же жеке жактардын киреше салыгын төлөгөндөргөбү? Киреше салыгын бардык эле мигранттар төлөйт. Ушул жагдайларды тактагандан кийин дагы маалымат беребиз”, - деди Өмүрбекова.

Соңку жылдары Орусияда миграцияга байланыштуу бир катар жаңы талаптар кирди. Алсак, бул өлкөгө 2021-жылдын аягына чейин келген чет элдиктер, анын ичинде кыргыз жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин медициналык кароодон өтүп, бармак изин каттатып, сүрөткө түшүшү керек болгон. Бул үчүн Москвадагы жарандар шаардан 70 чакырым алыстагы Сахароводогу көп функциялуу миграциялык барып, узун кезек күтүшкөнүн айтып нааразы болушкан.

Дагы бир талап, былтыр сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жери боюнча миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө кирген. Мындан улам паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн мигранттар Казакстан менен Орусиянын чек арасына агылган жана жол кырсыгына кабылып, 14 кыргыз жараны мерт болгон. Бул талаптардын киришине байланыштуу маселе Кыргызстанда да талкууланып, ЕАЭБдеги миграциялык жеңилдиктер каралбай жатканы сөз болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG