Арча-Бешик жаңы конушунун негизделгенине 30 жылга жакындап калса да, ички инфраструктурасы анча өнүккөн эмес. Отуз миңдей калкы бар бул конушта учурда таза суу маселеси орчундуу көйгөй бойдон калууда.
Таза суудан өксүгөн, жери кымбат Арча-Бешик

1
Арча-Бешик жаңы конушундагы көчөлөрдүн бири.

2
Арча-Бешик Бишкектеги эң чоң жаңы конуш.

3
Арча-Бешиктеги балдар аянтчасы.

4
Бул конушка 2005-жылдан баштап газ киргизилген, бирок толук газдаштырыла элек.

5
Конуштагы футбол аянтчасы.

6
Конушта ички жолдордун көбү оңдоло элек.

7

8
Конуштагы таштандыны "Тазалык" ишканасы күндө алып кетет.

9
Арча-Бешик конушундагы автобус токтоочу акыркы бекет. Андан ары жөө басууга туура келет.

10

11
Конуштагы негизги жол асфальтталган, шаарга чейин коомдук транспорттор каттайт.

12

13
Арча-Бешикте суу көйгөйү курч. Жайкысын тургундар жумалап суусуз отурган учурлар болгон. Жашоочулар кышкысын дагы суу жакшы чыкпасын айтышты.

14
Арча-Бешик жер тилкеси кымбат бааланган конушка кирет. Бир участоктун баасы 40 миңден 60 миң долларга чейин сатылат.

15
Арча-Бешикте суу көйгөйү былтыр жайында саясатташып, бир канча киши камалган.

16
Конушта жеке мектеп да ачылган. Мамлекеттик эки-үч мектеп бар.