Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

Талибдер Москвага барды


Орус президентинин Ооганстан боюнча чабарманы Замир Кабулов жана талиб делегациясынын өкүлү Мавлави Шахабуддин Делавар. Москва, 20-октябрь 2021-жыл.
Орус президентинин Ооганстан боюнча чабарманы Замир Кабулов жана талиб делегациясынын өкүлү Мавлави Шахабуддин Делавар. Москва, 20-октябрь 2021-жыл.

20-октябрда "Талибан" түзгөн ооган өкмөтүнүн делегациясы Орусияга келди. Алар Москвада бир нече өлкөнүн өкүлдөрү чакырылган сүйлөшүүлөргө катышууда. Мунун алдында орус президенти Путин Ооганстандагы террорчулар чөлкөмгө коркунуч жаратып жатканын эскерткен.

Он чакты кишиден турган талиб делегациясын "Талибандын" өкмөт башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи жетектеп келди. Анын курамында талиб өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки да бар. Талибдер Ооганстандагы кырдаал август айынын ортосунда чукул өзгөргөндөн бери Орусияга өз жетекчилерин жөнөтө элек болчу.

Адистер Москвадагы сүйлөшүүлөрдү талибдер бийликке келгенден берки орчундуу эл аралык жыйын катары мүнөздөп жатышат.
"Москва форматы" деген атка конгон бул сүйлөшүүлөргө Кытайды, Пакистанды жана Борбор Азия мамлекеттерин кошкондо баш-аягы ондой өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Ага Кошмо Штаттардын делегациясы келген жок.

Москванын эскертүүсү

Жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтөөрүн, бирок талиб өкмөтүн таанууга шашылбай турганын айтты.

"Бир жагынан 15-августтан кийин Ооганстанда түзүлгөн күчтөрдүн балансына алдыдагы перспективада башка альтернатива жок. Экинчи жагынан, эл аралык коомчулуктун тааныбай жатышы, социалдык, экономикалык жана финансы тармактарындагы маселелер жана гуманитардык чакырыктар сыяктуу Кабулдагы жаңы бийлик туш болгон көйгөйлөр Ооганстандагы кырдаалды туруктуу деп атоого мүмкүнчүлүк бербейт. Көптөгөн террордук уюмдар, биринчи кезекте "Ислам мамлекети" жана "Аль-Каида" топтору мындай кырдаалдан пайдаланып калууну көздөп жатышат", - деди Лавров.

Путин КМШ лидерлеринин онлайн жыйынына катышып жаткан учур, 15-октябрь 2021-жыл.
Путин КМШ лидерлеринин онлайн жыйынына катышып жаткан учур, 15-октябрь 2021-жыл.

Буга чейин орус президенти Владимир Путин да Ооганстандагы "Ислам мамлекет" террордук тобу өз таасирин Борбор Азияга жайылтууну көздөп турганын эскерткен. Ал 15-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) лидерлеринин онлайн жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Ооганстандын түндүгүндөгү "Ислам мамлекети", "Өзбекстандын ислам кыймылы", "Жамаат Ансарулло", "Аль-Каида" сыяктуу экстремисттик жана террордук уюмдар топтолуп турганын айткан.

Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров да Москвадагы жыйында Ооганстандагы мындай кырдаал Борбор Азияга коркунуч жаратып жатканын кайталады.

"Тилекке каршы Ооганстандагы баңгизат өндүрүшү да курч маселе бойдон калып жатат. Учурда баңгизатка жана террорчулукка байланыштуу аракеттердин, анын ичинде мигранттардын агымын жамынган аракеттердин коңшу өлкөлөргө жайылып кетүү коркунучу жаралууда. Бул маселеде көпчүлүккө түшүнүктүү себептерден улам бизди Борбор Азия багыты өзгөчө тынчсыздандырып жатат", - деди Лавров.

Орусия соңку жылдары талибдер менен байланышын күчөтүп, бир нече жолу "Талибандын" делегациясын Москвада кабыл алган. Ошол эле учурда "Талибан" кыймылы Орусияда террорчул уюмдардын тизмесинен чыккан эмес.

Талибдер Ооганстанда кайра бийликке келгенден бери Орусия Ооганстандан жаралышы мүмкүн деген коркунучтарга каршы туруу үчүн Борбор Азияда бир нече жолу машыгуу өткөрдү. Ушул күндөрү Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ыкчам күчтөрү Тажикстанда кезектеги машыгууга катышып жатышат.

"Талибандын" дипломатиясы

Буга чейин талибдер "Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдарды ооздуктоого кудурети жетерин билдирип, Ооганстан кайрадан террорчулардын чордонуна айланбайт деп убада берген. Бирок соңку апталарда Ооганстанда "ИМ" тобу жоопкерчилик алган кандуу чабуулдар болду.

"Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки эл аралык коомчулуктун талибдерди тааныбай жатканы Ооганстанда террорчулардын баш көтөрүүсүнө жол ачып жатканын айткан.

Ооганстандын Кундуз шаарындагы мечитте болгон, "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчилик алган чабуулдун кесепети, 8-октябрь 2021-жыл.
Ооганстандын Кундуз шаарындагы мечитте болгон, "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчилик алган чабуулдун кесепети, 8-октябрь 2021-жыл.

Орусиянын Кабулдагы элчиси Дмитрий Жирнов Москвадагы жыйында талибдердин бийлигин таануу маселеси талкууланбай турганын билдирген болчу. "Талибандын" басма сөз катчысы Забиулла Мужахид талиб өкмөтү Москвадагы жыйындын катышуучуларынан Ооганстанга экономикалык жана саясий колдоо күтүп жатканын белгилеген.

"Бул конференцияда экономикалык жана саясий маселелерге, региондогу жана Ооганстандагы коопсуздукка көңүл бурулат", - деди Мужахид.

Талибдер октябрь айынынын башынан бери АКШ, Түркия жана Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Түркия Ооганстандагы гуманитардык кризисти жөнгө салууга көмөктөшүүгө даярдыгын, бирок "Талибандын" бийлигин расмий түрдө тааныбай турганын белгилеген. Евробиримдик Ооганстандагы каатчылыкты алдын алуу үчүн 1 миллиард евролук жардам көрсөтүүнү убада кылган.

Ооганстанды тооруган каатчылык

Талибдердин соңку дипломатиялык жүрүштөрү Ооганстанды каатчылык тооруп турган учурга жасалып жатат. Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) прогнозу боюнча быйыл Ооганстандын экономикасы 30 пайызга төмөндөйт. Фонддун 19-октябрда жарыяланган Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча регионалдык экономикалык баяндамасына ылайык, ооган экономикасынын төмөндөшү миллиондогон адамдарды жакырчылыкка кириптер кылып, качкындардын санын көбөйтүшү мүмкүн. Анын кесепети коңшу өлкөлөргө, Түркияга жана Европага да тийиши ыктымал.

Фондун эсеби боюнча, эгер 1 миллион оогандык качкынга айланса, аларды кабыл алган Тажикстан жылына 100 миллион доллар, Иран 300 миллион доллар, Пакистан 500 миллион доллар чыгымга учурайт.

Ошондой эле Ооганстанга экспорттун азайышы бул өлкөгө товар саткан Иран, Пакистан, Түркмөнстан жана Өзбекстандагы айрым тармактарга таасирин тийгизиши мүмкүн.

ЭВФ баяндамасында айтылгандай, "Талибан" кыймылынынын Ооганстанда бийлигин орнотушу менен коштолгон август айындагы окуялардан улам өлкөнүн импорту азайган, улуттук валютанын куну кетип, инфляция күчөгөн.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG