Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:34

"Талибандын" жаңы өкмөтүндөгү эски жүздөр


Молдо Абдул Гани Барадар (ортодо отурган) "Талибандын" жаңы өкмөт башчысынын орун басары болуп дайындалды. 16-сентябрь, 2021-жыл.
Молдо Абдул Гани Барадар (ортодо отурган) "Талибандын" жаңы өкмөт башчысынын орун басары болуп дайындалды. 16-сентябрь, 2021-жыл.

Кошмо Штаттар Ооганстандагы талибдердин жаңы өкмөтүнө кирген айрым адамдардын таржымалына тынчсызданды. Кытай жаңы ооган бийлиги менен байланыш түзүүгө даяр экенин билдирди. Буга чейин "Талибан" ар кыл күчтөрдүн башын бириктирген коалициялык өкмөт түзөрүн убада кылган. Бул убада канчалык аткарылды?

"Талибан" ооган эли гана эмес, дүйнөлүк коомчулук канча күндөн бери күтүп жаткан жаңы өкмөттүн курамын 7-сентябрдын кечинде жарыялады. Ага ылайык, кыймылдын жетекчиси Хайбатулла Ахундзада жогорку лидер деп аталды. Буга чейин талибдердин башкаруу кеңешин жетектеген Мухаммад Хасан Ахунд өкмөт башчынын милдетин аткара турган болду.

Анын биринчи орун басары болуп "Талибан" кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири, АКШ менен буга чейинки сүйлөшүүлөрдү жетектеген Абдул Гани Барадар дайындалды. Ошондой эле, "Хаккани түйүнүнүн" негиздөөчүсүнүн уулу Сиражуддин Хакканиге ички иштер министри, "Талибандын" түптөөчүсү Молдо Омордун уулу Мухаммад Якуб Мужазидге коргоо министри кызматы тийди. Талибдердин дагы бир таанымал өкүлү Амир Хан Мутакки Тышкы иштер министрлигин жетектеп калды.

Ошондой эле, Ооганстан мурдагыдай ислам республикасы эмес, ислам эмираты деп атала турган болду. "Талибандын" басма сөз катчысы Забиулла Мужахид жаңы жетекчилер бул кызматтарын убактылуу гана аркалап турарын айтты.

"Ислам эмираты маанилүү маселелерди алдыга жылдыруу үчүн өткөөл өкмөттү дайындап, аны жарыялоону чечти. Калган министрликтердин, департаменттердин жана институттардын жетекчилери алдыдагы акылдашуулардан кийин, бара-бара сунушталат", - деди Забиулла Мужахид.

Жаңы өкмөт жарыялангандан кийин Ооганстандагы жогорку лидерге айланган Хайбатулла Ахундзада билдирүү таратып, жаңы жетекчилер жакын арада ишке киришерин айтты. Ал ошондой эле "Талибан" Ооганстан мүчө болгон эл аралык макулдашуулардын ичинен "исламдын мыйзамдарына каршы келбегендерин" аткара турганын белгилеп, өлкөнүн ичиндеги бардык маселелер шариат мыйзамдары менен тескеле турганын эскертти.

Айтмакчы, "Талибандын" жаңы өкмөтүндө Ыйманды алга сүрөө жана адеп-ахлаксыздыктын алдын алуу боюнча министрлик кайра түзүлө турган болду. Талибдер 1996-2001-жылдары бийликте турганда бул министрлик шариаттын талабын аткарбаган адамдарды камакка алууга жана жазалоого жооптуу болгон.

Таржымалы талаш жараткан жетекчилер

"Талибан" 15-августта Кабулду ээлегенден кийин Ооганстанда ар кыл күчтөрдүн башын бириктирген, коалициялык өкмөт түзүлөт деп убада кылган. Бир катар өлкөлөр жаңы өкмөткө Ооганстандагы пуштундардан башка улуттардын да өкүлдөрүн кошууга чакырган. Маселен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жаңы өкмөткө Ооганстандагы этникалык тажиктер кошулбай турган болсо, Дүйшөмбү андай өкмөттү тааныбай турганын ишарат кылган.

Талиб жоочулары кыймылдын башчысы Ахундзаданын сүрөтүнүн жанында чогулуп турушат, Кабул, 25-август 2021-жыл.
Талиб жоочулары кыймылдын башчысы Ахундзаданын сүрөтүнүн жанында чогулуп турушат, Кабул, 25-август 2021-жыл.

Бирок жаңы өкмөттөгү 33 жетекчилик кызматтын басымдуу бөлүгүн калктын 40 пайызын түзгөн пуштундардын өкүлдөрү ээлешти.

"Талибдер 20 жыл бою бийликтин "монополиясына" жол бербөөнү, эки жыл бою инклюзивдүү өкмөт түзүүнү убада кылып келген. Мен байкагандай, өкмөттүн 33 мүчөсүнүн баары талибдер. Арасында эки тажик жана бир өзбек бар. Калганынын баары пуштундар", - деп жазды "Твиттерге" Эл аралык кризистик топтун кеңешчиси Ибрахим Бахисс.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жаңы ооган бийлигинин башына келгендер жалаң талибдердин өкүлү экенине, өкмөткө аялдар кошулбаганына көңүл бурду. Ошондой эле, өкмөттөгү "айрым адамдардын буга чейинки таржымалына" тынчсызданды.

"Биз "Талибан" муну өткөөл өкмөт катары сунуштаганын түшүнүп турабыз. Бирок биз "Талибанга" сөзүнө эмес, ишине карата баа беребиз", - деп айтылат Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө.

Ооган өкмөтүн жетектеген Мохаммад Хасан Ахунд Бириккен Улуттар Уюмунун кара тизмесинде турса, Ички иштер министрлигинин башына келген Сиражуддин Хакканинин түйүнү АКШда террорчул уюм деп таанылган.

Кытай байланыш түзгүсү келет

Катардын Тышкы иштер министрлиги "Талибан" жаңы өкмөттү түзүүдө прагматизмди көрсөткөнүн белгилеп, бул кыймылды Ооганстандын иш жүзүндөгү башкаруучулары деп атады.

Талибдерди "ачык жана инклюзивдүү" өкмөт түзүүгө үндөп келген Кытай Ооганстандын жаңы бийлиги менен байланыш түзүүгө даяр экенин билдирди.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган этият билдирүү менен чектелди.

"Силер билгендей, бир аз эртерээк. Өкмөттү туруктуу деп аташ кыйын. Убактылуу өкмөт жарыяланды. Өткөөл өкмөт канчага чейин иштерин билбейбиз. Биз болгону бул процесске дыкат көз салып турушубуз керек", - деди Эрдоган.

"Талибанга" узактан бери колдоо көрсөтүп келе жатканы айтылган Пакистан жаңы ооган өкмөтү тууралуу комментарий бере элек.

Кабулда Пакистандын саясатына каршы акцияга чыккандар, 8-сентябрь 2021-жыл.
Кабулда Пакистандын саясатына каршы акцияга чыккандар, 8-сентябрь 2021-жыл.

"Талибан" август айынын ортосунда Кабулду курчоого алып, аны улай ооган өкмөтү кулаган. 31-августта АКШнын акыркы аскерлери Ооганстандан чыгып кеткен.

Талибдер ооган бийлигин басып алгандан бери жер-жерлерде кыймылга каршы чыккан, Пакистандын саясатын сындаган жана аялдардын укуктарынын сакталышын талап кылган акциялар токтобой келет. Талиб жоочулары алардын көбүн күч менен таратып жатат. 8-сентябрда да Ооганстандын айрым аймактарында кезектеги акциялар өтүп жатканы кабарланды.

Ошондой эле, "Талибанга" өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Панжшер аймагындагы Ахмад Масуд жетектеген "Улуттук каршылык көрсөтүү фронту" ачык каршы чыгып келет. Талибдер бир нече күн мурда бул аймакка толук көзөмөлүн орнотконун жарыялаган. Бирок Масуддун күчтөрү мындай маалыматты четке каккан.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Катардагы сапарынан кийин Германияда Ооганстандан эвакуацияланган он миңдеген оогандыктардын маселеси боюнча бир катар өлкөлөр сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатат. Ал арада Пакистан Ооганстандагы кырдаалды талкуулоо үчүн Кытай, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен виртуалдык жыйын уюштура турганын жарыялады.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG