Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:21

Тажикстанда орус аскерлерине иш козголду


Кулябдагы орус аскер базасы
Кулябдагы орус аскер базасы

Куляб шаарынын прокуратурасы орус аскер базасынын бир канча жоокерине ээнбаштык боюнча иш козгоп, алардын 20 чактысын суракка алды.

Кулябдагы орус аскерлери өткөн айдын соңундагы мушташ боюнча айыпталууда. 28-июлдун кечинде шаардагы орус аскер базасынын жоокерлери көчөдө мас абалында чаң-тополоң салышкан.

Тергөөгө жакын адамдардын бири “Азаттыктын” тажик кызматына маалымдашынча, Орусиянын Кулябда жайгашкан аскер базасынын жоокерлери 28-июлдун кечинде мас абалында шаардык аянтка чыгып, чаң салуу менен мыйзамга каршы аракет жасашкан. Алар аскер базасынан 200 метрдей аралыкта турган Ховизи Шерози аянтында “букмекердик борбордун” айнектерин талкалап, ал жердеги бир канча жигитке жаракат келтиришкен. Натыйжада букмекердик борбор он миң сомони зыян тарткан.

Күбөлөрдүн айтымында, ошол жердеги жигиттер орус аскерлерине каршылык көрсөтүп, милиция чакырган. Бирок милиция келгенче дарбыз саткан дүкөнчөнү талкалап, таш атуу менен жакын турган эки үйдүн терезелерин сындырышкан.

Алардын артынан келген аскерлердин экинчи тобу борбордогу көзөмөл камерага түшкөн жазууну өчүрүп кетишкен. Бирок ички иштер кызматы видеоматериалдын бир көчүрмөсүн алганын, орус аскерлери ошонун негизинде суракка алынганын билдирди.

Тергөө ишине жакын булактын айтышынча, окуя болгон түнү Кулябдагы орус аскер базасынын төмөнкү даражадагы жетекчилери маселени ырбатпай, иш козгобой туруп эле чечүүгө аракеттенишкен. Бирок бийликтер алардын сунушун четке кагышкан.

Иш иликтенип бүткөн соң Орусиянын Тажикстандагы аскер базасынын алдындагы аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилет. Эки өлкө кол койгон 2012-жылдагы келишимге ылайык, Орусия аскер базасындагы офицерлер менен аскерлерге байланышкан иштерди өзү карашы керек.

“Азаттыктын” тажик кызматы Кулябдагы орус аскер базасына кайрылганда, андагы өкүлдөр бул маселе боюнча сүйлөшүүнү каалаган эмес.

Окуяга күбө болгон Нажимиддин Сафаров аттуу жергиликтүү тургун букмекердик борборго кол салган орус аскерлери он чакты болгонун, бирок ошол жердеги жигиттер каршылык көрсөткөндө аларга шаша-буша дубалдан ашып түшкөн аскерлердин экинчи тобу жардамга келишкенин айтат:

- Аскерлер мас болчу. Дароо үч тараптан чабуул жасашты. Милиция кызматкеринин машинесин талкалап, дарбыз саткан күркөнү бүлүндүрдү. Качан гана эл менен милиционерлер топтоло баштаганда, мушташты токтотуп кетип калышты.

Кулябдык Нажимиддиндин айтуусунда, бул орус аскерлери аралашкан, алардын тартип бузуусуна байланышкан биринчи окуя эмес. Алар мас абалда ушинтип чаң салган учурлар буга чейин деле болуп келген.

Мушташ кургак учукту дарылаган аймактык борбордун жанында болгон. Айрым күбөлөр орус аскерлери ыргыткан таштар аталган борбордун чатырына да түшкөнүн билдирди. Бирок борбордун директору Рахматулло Жумаев “Азаттыктын” тажик кызматына бул сөздөрдү четке кагып, орус аскерлери менен кошуна болгон бир канча жылдан бери ортодо эч кандай маселе чыкпаганын айтты.

Кулябдагы орус аскер базасы шаардын чок ортосундагы 40 гектардай жерди ээлейт. Эки тараптуу келишимге ылайык, база Тажикстанда 2042-жылга чейин тура алат. Карамагында жалпысынан алты миңдей офицер жана жоокери бар бул база Орусиянын сырттагы эң ири аскер базаларынын бири.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG