Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:26

Тажикстан: атасын бакпагандар алимент төлөйт


Тажикстандын Шахритуз райондук соту Сибгат карыянын алты уулун атасына ай сайын алимент төлөөгө милдеттендирди. Өздөрү жакшы турмушта жашап, бизнесте жүргөн уулдары энеси кайтыш болгондон кийин атасына таптакыр каралашпай коюшкан экен.

"Түмөн түйшүктүү жашоонун баары жубайым Ирсолат көз жумгандан кийин башталды", - деп үшкүрүнөт Сибгат карыя. Балдары такыр эле каралашпай койгон соң, ал айласы куруганда кошуна жашаган жалгыз бой аялга үйлөнөт. Буга катуу намыстанган балдары карыяны үйүнөн кууп чыккан экен. Көп өтпөй Сибгат ата катуу ооруп, операция жасаткан. Бирок өзү чоңойткон алты уулунун бирөө да ооруканага басып келбептир.

Тажикстандын Хатлон облусунун Шахритуз районунун соту бул ишти карап, алты уулду пенсионер, майып атасына ай сайын 80 сомониден, башкача айтканда баары биригип айына 100 доллардан төлөп турууга милдеттендирди.

«Азаттыктын» тажик кызматынын кабарчысы кароосуз калган карыянын балдары үй-жайлуу, бизнес менен шугулданган жигиттер экен деп жазды. Бирок алар 12 жыл атасына каралашпай, жардам бербей коюшкан.

Сибгат ата алдан тая элек кезде жаназама деп топтогон 6 миң долларын балдарынын бири кайрып берем деп алып, ошол бойдон акчаны бербей койгон деп даттанды. Кийин ал ден соолугу улам начарлап, болгону 105 сомони пенсиясы дары-дармегине да жетпей калган кезде айласы куруп, сотко кайрылыптыр. «Балдарым 2000-жылдан бери кабар албагандан кийин сотко арызданып, алимент төлөөнү талап кылдым»,-деди ал.

Балдарын ай сайын алимент төлөөгө милдеттендирген сот Наимов, мындай окуя биринчи ирет катталганын айтты. Тажикстандын Конституциясынын 34-беренесине ылайык, бойго жеткен балдар карыган ата-энесин багууга милдеттүү.

Бохтар райондук карылар үйүнүн кызматкери Шарофиддин Нематов Тажикстанда ата-энесин таштап кеткен жаштардын саны көп эле деди:

- Мен иштеген карылар үйүндө балдары бар ата-энелер көп. Алар ата-энесине үйүндө шарт экендигин айтып, бизге таштап кетишет. Кийин унутуп калышат. Албетте биз карыларды өз балдарына караганда жакшы карайбыз. Бирок өз үйүң-өлөң төшөгүң деп койот, өз үйүңдө жашоого эмне жетсин.

Тажикстандык коом таануучу Давлат Шохэтибор да Үй-бүлө кодексинин 88-беренесинде бойго жетип, эмгекке жарамдуу балдар ата-энесин багууга милдеттүү деп жазылганын айтат. Бир гана мыйзамда эмес, исламда да бала ата-энесин багышы керектиги айтылган дейт Шохэтибор:

- Биздин коомдун көпчүлүгү карманган ислам дининде да карыган ата-энесин балдары багууга милдеттүү деп айтылат.

"Азаттыктын" кабарчысы карылар үйүндө жашаган Махмади деген аксакал менен да маектешти. Махмади атанын деле бойго жеткен үч уулу, төрт кызы бар экенине карабай ал азыр карылар үйүндө турат. «Бирок балдарымы сотко берүүгө дитим барбайт. Аларды уят кылгым келбейт, балким бир күнү мени алып кеткени келип калышат»,-деди аксакал.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG