Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:45

Өзбекстанда изделген Тажикстандын жараны Казакстанда кармалды


Эларалык укук коргоочулар Өзбекстанда акыйкат сот болбой, Абдурахмонов кыйноого алынышы мүмкүн деп кооптонушат
Эларалык укук коргоочулар Өзбекстанда акыйкат сот болбой, Абдурахмонов кыйноого алынышы мүмкүн деп кооптонушат

Өзбекстанда терроризм үчүн айыпталып жаткан тажик жараны Казакстанда кармалды. Укук коргоочулар эгер ал Өзбекстанга өткөрүлүп берилсе, түрмөдө кыйноого алынат деп кооптонушууда.

Тажикстандын жараны Умарали Абдурахмонов 21-майда Казакстандын Тараз шаарында кармалган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо уюмунан Виталий Пономарев кабарлады.

Укук коргоочунун айтымында, Абдурахмоновдун камалганы жөнүндө ага эми эле Москвага келген өзбек жарандарынын бири айткан экен. Ал киши Абдурахмонов менен бирге Москвага жөнөгөндүгүн билдириптир.

Абдурахмонов Казакстанда кармалганын азырынча жергиликтүү бийликтер ырасташа элек.

Болгону Казакстандагы адам укугун коргоо бюросунун Тараздагы бөлүмүнүн юристи Руслан Халидов Абдурахмонов азыр Меркеде экенин, 5-июнда Таразга которулаарын, ал азыр “качкын” статусун алууга аракет кылып жатканын билдирди.

Казакстанда быйыл жыл башынан тарта “Качкындар” жөнүндө жаңы мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, 21-апрелден тарта чет-өлкөнүн жарандарынын качкын статусу боюнча арыздарын Бириккен улуттар уюмунун Качкындар башкармалыгы эмес, Казакстандагы мамлекеттик органдар гана карай алышат. Ошондуктан азыр Абдурахмоновдун арызын Миграция комитети карап жатканы айтылууда.

Үмүт

Улуттар уюмунун Качкындар иши боюнча комиссарынын Борбор Азиядагы өкүлү Сабир Азам казак өкмөтү Абдурахмоновго качкын макамын берет го деп үмүттөнөөрүн айтты.

“Казакстандын өкмөтү качкындар менен мигранттарга мамилеси түз, - деди ал. - Ошондуктан Абдурахмоновдун ишинде да ийгиликтер болот деп үмүттөнөм. Биз бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, бул маселени талкуулайбыз. Эгер Умарали Абдурахмонов качкын статусун алса, мен сиздерди толук ишендиргим келет, казак өкмөтү анын укуктарын коргойт”.

“Азаттык” радиосу Абдурахмоновду тааныган айрым адамдар менен байланыша алган. Казакстанда жашаган өзбек качкындарынын бири: “Эгерде Казакстан Умаралини Ташкенге өткөрүп берсе, анын өмүрүнө коркунуч бар”, - деди.

“Баарына эле маалым болгондой, өзбек бийликтери динге ишенгендерди камайт, кыйнайт”, - деди атын атагысы келбеген өзбек жараны.

"Натуура жарандар"

35 жаштагы тажик жараны, улуту боюнча өзбек Умарали Абдурахмоновдун туугандары Өзбекстанда турушат. 2004-жылдын 29-мартында Ташкенде болгон жарылуулардан кийин өзбек чалгын кызматтары аны издей башташкан. Алар өздөрү муну алардын динге катуу берилгени менен түшүндүрүшүүдө. Тажикстанда экени такталгандан кийин, тажик күч органдары аны кармашкан болчу. Өзбек тарап Абдурахмоновдун күнөөсүн көрсөткөн жетиштүү далил бере албагандыктан, ал түрмөдөн бошоп, Орусияга кетип калган.

Эми баары казак бийликтеринин чечимине жараша болот. Адам укугун коргоочулар ушул тапта Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун жетектеп жаткан расмий Астана өзүнүн дүйнөдөгү аброюна ушул маселенин айынан залака кетишин каалабайт дешет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG